Браузер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Веб-барактагыч''', '''бра́узер''' (англ. Web browser) — веб-сайттарды көрүү үчүн програмдык жабдуу ([[ПЖ]]), б.а. '''браузер''' Тармактан алынган веб-барактарды карап чыгуу жана иштетүү, бир барактан экинчисине өтүү үчүн кызмат кылат. Азыркы көпчүлүк веб-барактагычтар [[FTP]]-серверлеринен файлдарды жүктөй алышат.
 
Браузерлер Дүйнөлүк жөргөмүш желеси пайда болгондон баштап өнүгүп келишкен, кийин Тармак кеңейген сайын компьютердеги эң зарыл программалардан болуп калышты. Азыр браузер — веб-барактардын тутумундагыларды иштетүү жана чыгаруу үчүн комплекстүү тиркеме (приложение) жана веб-сайт менен кардардын ортосундагы интерфейсти камсыздоочу. Бардык популярдуу браузерлер акысыз таратылат же башка тиркемелер менен бирге сунуш этилет. Мисалы, [[Internet Explorer]] ([[Microsoft Windows|Windows]] менен бирге), [[Mozilla Firefox]] (көпчүлүк [[Linux]] дистрибутивдери менен бирге, мисалы [[Ubuntu]], [[Safari]] (Mac OS X менен бирге жана Microsoft Windows үчүн акысыз), [[Google Chrome]] (акысыз) [[Opera]] (8.50 версиясынан баштап бекер), Avant (бекер).
 
== Өнүгүү тарыхы ==
7-сап:
Графикалык интерфейси бар алгачкы кеңири таралган браузер болуп NCSA Mosaic эсептелет. Бул браузер кемчиликтерден куру эмес болучу, бирок аны негиз катары алып, башка браузерлер (Netscape Navigator и Internet Explorer) түзүлөт. Netscape Navigator браузерин түзүлгөн кезде бул кемчиликтер четтетилет. Анткени, Netscape компаниясынын айрым кызматкерлери мурда NCSA компаниясында иштешкен жана Mosaic браузерин түзүүгө катышышкан.
 
Netscape Navigator браузери ар кандай операциялык системалар ([[UNIX]], [[Microsoft Windows|Windows]], [[Mac OS]]) үчүн түзүлгөндүктөн, Netscape компаниясы ийгиликтерге жетишти. Бул болсо [[Microsoft]] компаниясына да өзүнүн [[Internet Explorer]] (IE) деген браузерин иштеп чыгууга түрткү берген.
 
Netscape ден айырмаланып Microsoft дароо IE нин локалдашкан версияларын жаратты. В 1995-жылы Microsoft Windows 95 операциялык системасын чыгарды, бул ОС тун чиркелген браузери болгон эмес, бирок кийин жаңыртылган Windows 95 OSR2 версиясында Internet Explorer 3.0 браузери кошулган болуучу. Ошол эле учурда, Microsoft өз браузерине HTML тилинин стандарттары менен туура келишпеген версиясын коюп койгон. Так ушул факт браузерлер чырын (война браузеров) баштады, натыйжада Microsoft компаниясы браузерлер базарынын 95 % ын ээлеп калды.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Браузер" булагынан алынды