Элдик медицина: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Элдик медицина''' — дарылык касиети бар заттар, өсүмдүктөр, гигиеналык ыкмаларды..."

No edit summary
1-сап:
'''Элдик медицина''' — дарылык касиети бар заттар, [[Өсүмдүктөр|өсүмдүктөр]], гигиеналык ыкмаларды ооруну дарылоо, алдын алуу, ден соолукту чыңоо үчүн пайдалануу жөнүндө элде чогулган маалыматтар Алгачкы коомдогу кишилер сынган, чыккан сөөктү ордуна салууну билишкен. Ооруну жеңилдетүүдө чөптөрдүн, суунун, күн нурунун дарылык касиеттерин байкашкан. [[Египет|Египеттиктер]] [[Апийим|апийимди]], тибеттиктер жаратылыштагы заттарды дары катары кеңири колдонушкан. Азия элдеринин адабий мурастарында климат, таза аба, дене тарбия, туура тамактануунун ден соолукту сактоодо зор мааниси жөнүндө маалыматтар сакталган. Элдик медицина тууралуу [[Гиппократ]], [[Гален]], Ибн Сина жана башкалардын эмгектеринде жазылган. Орусияда Элдик медицина элементтери, түрдүү өсүмдүк маңызы жараат, цинга жана башкалар ооруларды дарылоодо кеңири пайдаланылган. Кээ бир тажрыйбалуу табыптар ([[Борбордук Африка|Борбордук Африкада]]) операция жасап, жатындагы баланы ала алышкан (кесарь кесүү).

== Кыргыздын элдик медицинасын ==
Кыргыздын Элдикэлдик медицинасында картык менен кан алуу, сүлүк салуу, кийиз күйгүзүп басып, кандын агышын токтотуу, тамыр кармап ооруларды «ысык» же «суук» деп бөлүп, тамактануу жолун көрсөтүү жана башкалар («ысык» болсо оорулууга мүнөз тамак же 20—30 күн кайнак суу берип, ачкалык менен, «суук» болсо күчтүүлөп тамак берип дарылаган) колдонулган. Ошондой эле Элдик медицинада ооруну басаңдатуу же жарааттын ириңин сордуруу максатында түрдүү чөптөрдү жана алардан жасалган дарыларды тартышкан, ичиришкен; айбанаттардын өтүн, майын сыйпашкан; кеперес, ачык таш, сымап жана башкалар минералдык заттарды да дары катары колдонушкан. Табыптардын колдонгон ыкмалары, дарылары көп учурда зыяндуу келип, оорулуунун өмүрүнө коркунуч туудурган, жугуштуу ооруларды таратууга шарт түзгөн. Ошону менен катар Элдик медицина анын дарыгерлери билими жагынан төмөнкү баскычта турушса да, колдонгон каражаттары эң жөнөкөй болсо да өз убагында калкка чоң жардам көрсөтүшкөн. Элдик медицина кээ бир ыкмалары жана баалуу тажрыйбалары (мисалы, ийне сайып дарылоо, чөп менен дарылоо жана башкалар) илимий медицинада колдонулат.
== "Манастагы" элдик медицина ==
Элдик медицина — адамды ар түрдүү дарылар, дары өсүмдүктөр (көбүнчө чөптөр), минералдык заттар, айрым жаныбарлардын эти жана ички органдары жана башкалар дарылык касиети бар заттар менен айыктыруу жөнүндөгү элде чогулган маалыматтар, эмпирикалык түшүнүктөр. Кыргыз Э. м-сында суу берүү, териге алуу, жылуу сууга салуу (арашан), ысыктоо, ушалатуу, кан алуу, сүлүк салуу, тамыр кармоо жана башкалар ыкмалар колдонулуп келген. Кыргыздардын илгерки көчмөн турмушунда элдик хирургия болгондугу да белгилүү. Мисалы, сынган сөөктү сакайтуу, жөнөкөй операцияларды жасай билүү жана жөнөкөй хирургиялык аспаптардын биздин күндөргө чейин келип жетиши мунун далили. Бул маалыматтар азыркы мезгилге чейин оозеки түрүндө жетти.

[[«Манас» эпосу|«Манас» эпосунда]] жогоруда айтылган дары заттар жана элдик дарылык ыкмалардын көпчүлүгү анын бардык варианттарынан жана версияларынан кездешет.

Кыргыздын Э. м-сында ар кандай өсүмдүктөр, көбүнчө чөптөр дары катары колдонулуп келгендиги белгилүү. «Манаста» алардын айрымдарынын аттары эскерилип кетет. Мисалы, мээр чөп. Организмге жагымдуу жыттуу дары чөп экендиги айтылат. [[«Манас» эпосу|«Манас» эпосунда]] чар дары деген да чөптөрдөн жасалган дары кездешет.
:Алты-жети жанаяк
:Чар дары кылып жуткузса,
:Казактардын эр Көкчө
:Умачтай көзү ачылды,
:Ооруган жери басылды (Курама вариант, 2. 250).

Чар дары бир нече дары чөптүн кайнатмасынан жасалган. Ошондой эле дары болчу 4—5 бөлөк тамырларды майда ийлеп аралаштырып чар дары жасашкан.

Дары чөптөрдөн «Манаста» [[уулжан]] аттуу чөптүн: «Уулжан берип ичинен Эски дартын буздуруп» — деп, кайсы учурда пайдаланыла тургандыгы айтылып кеткен. [[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаковдун]] вариантында ушул эле дарынын улжемил деген формада айтылары кездешет. «Улжемил деген дарысын Жутуп алды барысын. Аккан каны басылып» ([[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаков]], Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 160-б.).

[[«Манас» эпосу|«Манас» эпосунда]] апийим тууралуу да кабар бар. Мисалы, «Мажму ат-таварихтеги» [[Манас баатыр|Манаска]] уу берип, эс-учун билбей өлгөнү жатканда ага уунун күчүн тарата турган дарыны беришет. Ал дарыны Сейид Жалал ад-Дин аттуу адам [[Манас баатыр|Манастын]] оозуна бир күндө бир тамчыдан куюп отуруп, 10 күн дегенде [[Манас баатыр|Манас]] көзүн ачат (Мажму ат-таварих Кол жазмалар фондусу, 5114-инв., 65-б.). Эмгекти орусчага которгон В. А. Ромодиндин түшүндүрмөсүндө ал дары тирьяк деп аталат да, эки маанини билгизет: 1) уунун күчүн тарата турган дары; 2) апийим. Бул эпизоддо апийим катары түшүндүрүлөт.

[[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаковдун]] вариантында ийсен, жуушаң аттуу дары чөптөрдүн аттары кездешет.

Ийсең, жуушаң чөбү бар,
Издегендин көбү бар.
Орол тоонун учу бар
Ойлонсоң сонун ушулар (Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 435-б.). Жуушаң кыргыз тилине иран тилдеринен кирген сөз. Эрмендин бир түрү болуп саналат. Кыргыз Э. м-сында колдонулган.

«[[Манас баатыр|Манастын]] » саптарынан өсүмдүк чөптөрдөн тышкары башка заттардан, мисалы, минералдардан алынган дарылар жөнүндө да кабарлар бар. Ошолордун бири кантемир дары. Муну метеориттерден жаралган дары деп болжолдоого болот.
Эпостун саптары жаныбарлардын этинен жана ички органдарынан даярдалган дарылар тууралуу да баяндама берет. «Мажму ат-таварихте» эт, бал, арак дары катары колдонулганы сүрөттөлөт.

Бир эпизоддо [[Манас баатыр|Манас]] оор жарадар болот. Ошондо Кара кожо деген адам күнүгө кийиктин баласын алып келип, этин бышырып, бал менен кошо берип жатып [[Манас баатыр|Манасты]] сакайтат («Мажму ат-таварих» 67-б.).

[[Радлов, Василий Васильевич|Радлов]] жазып алган вариант боюнча кашкулак өтү, арак, бал дары катары колдонула тургандыгы айтылат.
«Манаста» кашкулак өтү менен бирге кажырдын өтү да Э. м-да колдонулуп келгени эскерилет:
:Кажырдын өтү барбы деп,
:Чуулаганы андан көп,
:Кумия дары момия,
:Бар бекен деп кошундан.
:Сурап жүргөн андан көп ([[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаков]], Кол жазмалар фондусу, 575-инв.).
Мыда кажырдын өтү менен бирге момия жөнүндө да айтылат. Момия же мумия деле жаныбарлардын, атап айтканда чычкандын бир түрү бөлүп чыгарган затка кирет. Ошентип «Манаста» жаныбарлардын продукциясынан даярдалган бир топ дарылар тууралуу маалыматтар чагылдырылган.

«[[Манас баатыр|Манастын]] » саптарынан арбыныраак кездешкен дарылардын тобун эпикалык дарылар түзөт. Алар кайсы чөптөн же кайсы заттан жасалганы белгисиз. Мисалы, апы же үпү. Ал жалаң гана «Манаста» эле эмес, башка кенже баатырдык эпостордун саптарынан да кездешет. Демек, бул дарылар эл арасында кеңири колдонулса керек.

Булардан тышкары «Манаста» кырма кызыл дары, кайнатма кара дары же кара дары же кашкардын кара дарысы, Медет, себеп, жот дары, искеме дары, ак дары, Барпы жана башкалар дарылар да бар.

«Манастагы» Э. М-ын экинчи тобуна элдик хирургия жана ошого байланышкан жөнөкөй хирургиялык аспаптар, сынган сөөктү айыктыруу ыкмалары тууралуу маалыматтар кирет. Кыргыз дарыгери колдонгон аспаптардан эпосто жараны тиле турган скальпель формасындагы курч бычак аштар жөнүндө маалымат кездешет. Денеде калган жаанын огунун жана башка темир куралдардын сыныгынын канчалык тереңдикте жатканын билүү үчүн жана да окту ордунан козгоп, копшутуш үчүн колдонулган тинтүүр аттуу жөнөкөй аспаптардын «Манастагы» билдирүүлөрү бул буюмдун өзүнүн археологиялык казуулардын негизинде Тувадан табылганы менен бышыкталган. Бузулган канды сордуруп алуу үчүн колдонулган картык деген аспап да «[[Манас баатыр|Манастын]] » саптарынан кездешет.

[[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаковдун]] вариантында шимшүүр деген да бир аспаптын аты эскерилет:
:Ок жуткуруп окшутуп,
:Сом эттеги окторду,
:Шимшүүр менен копшошуп,
:Тилип жаткан дагы бар (Кол жазмалар фондусу, 573-инв., 235-б.).
Элдик хирургияда колдонула турган ыкмалар туурасында эпосто маалымат бар. Мисалы, «Мажму ат-таварих» боюнча [[Манас баатыр|Манас]] кансырап оор абалда калганда Канбай бакадур деген киши согуш майданынан атка мингизип алып чыгып кетет. Аны Кара кожо деген адам дарылап, денесинен бир топ жаанын огун чыгарат («Мажму ат-таварих», 69-б.).

«Манаста» жөнөкөй «хирургиялык» ыкмалар жөнүндө да кабар бар. Мисалы,
:Колу-буту сынганын,
:Шак-шактарын жонушуп,
:Соорунуна шапа-шуп,
:Коюп жаткан дагы бар (Кол жазмалар фондусу, 573-инв., 235-б.).
Кай бир учурда эпосто шак-шактын кандай формада, кайсы жыгачтан жасалышы айтылат:
:Буту сынган мунун деп,
:Теректерден табышып,
:Челек кылып чабышып,
:Оюп жүргөн андан көп (Кол жазмалар фондусу, 572-инв., 291-б.).
Булардан тышкары дагы бир катар дарыгерчилик ыкмалар «[[Манас баатыр|Манастын]] » саптарында чагылдырылган. Мисалы, Э. м-да кеңири белгилүү болгон Аккан канды ысык кийиз менен басып токтотуу жана териге отургузуу тууралуу[[Валиханов Чокан|Ч. Валиханов]]жазып алган текстте мындайча баяндалат:
:Капырдын каны Жолойдун
:Жаагынан каны жыйылбай,
:Кызыл суу болуп акты эле,
:Жолом үйдөн кийизди
:Кыйып келип жапшырды,
:Аган эле болбоду
:Жолум үйдөй кол алып
:Тагы келип жапшырды
:Ошондо гана тыйылып калды дейт.
:Токсон өгүз терисин
:Каптап эле кийди дейт (Кол жазмалар фондусу, 5187-инв., 99-б.).
«[[Манас баатыр|Манастын]] » ар кандай варианттарында жаанын огун денеден чыгаруу ыкмалары тууралуу учкай түрүндө болсо да кездешет. Мисалы, [[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаковдун]] вариантында Кытайдын Кулутка дегенине жаанын огу тийгенде төмөндөгүдөй сүрөттөлөт:
:Алты илегер барганы
:Дары сыйпай салганы.
:Сыйпаган болуп дарыны,
:Окту тартып алганы.
:Тартканында ок чыкты
:Окко кошо көк чыкты.
:Көк аралаш кан чыкты (Кол жазмалар фондусу, 573-инв., 194-б.).
[[«Манас» эпосу|«Манас» эпосунда]] Э. М-ын өкүлдөрү болгон дарыгерлер же дарыгерлик функцияларды аткарган өзүнчө бир адамдардын социалдык тобу тууралуу да маалыматтар чагылдырылган. Биринчи ирет буларга дарыгерлер, табыптар, илегерлер (орустун лекарь деген сөзүнөн) кирет. Табыпчылык кылгандарга «Манас» боюнча дагы бакшыларды, бүбүлөрдү, ошондой эле ар кандай төлгөчүлөрдү (негизинен далычыларды) киргизсе болот.

Кыргыз Э. М-на тиешелүү болгон жаратылыш объектери жөнүндө да «Манаста» эскерүүлөр бар. Мисалы, мазар жерлерге баруунун максаттарынын бири дарылануу болгон.

Корутундулап айтканда [[«Манас» эпосу|«Манас» эпосунда]] Э. м-га байланыштуу бир топ маалыматтар камтылган. Мында чагылдырылган ар кандай дарылар: (өсүмдүк чөптөрдөн, минералдардан, жаныбарлардын продукцияларынан) кыргыз элинин илгерки турмушунда пайдаланылып келгени этнографиялык материалдар менен бышыкталып турат. Кыргыз элинин көчмөн турмушунда сынган сөөк-саакты сакайтуу, айрым башка ооруларды айыктыра билүү кадыресе көрүнүш болгон. Мына ушул илгертен берки келе жаткан Э. м. тууралуу кыргыз элинин эмпирикалык тажрыйбасы [[«Манас» эпосу|«Манас» эпосунда]] чагылдырылган.

== Колдонулган адабият ==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
* "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
[[Категория: "Манас" эпосу]]
[[Category:Оорулар]]
[[Category:Ден-соолук]]