Хромосомалар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Хромосомалар''' (байыркы грек тилинен χρῶμα — түс жана σῶμα — дене) — кле..."
 
No edit summary
14-сап:
== Хромосомалык жыйнак ==
Ар бир хромосома клетканын бөлүнүү стадиясында ага мүнөздүү жана туруктуу формага ээ, ал эми хромосомалык жыйнак (саны жана формасы) бир түр үчүн туруктуу болот. Бирок клеткага түрдүү таасирлер болгондо, хромосомалардын структурасы өзгөрүлүшү мүмкүн.
== Хромосома түрлөрү ==
'''Аутосомдук хромосомалар'''- жыныс хромосомаларынан сырткары айрым жыныстуу бардык организмдердин (жаныбарлардын өсүмдүктөрдүн козу карындардын) кариотибин түзүүчү хромосомалардын тобу аутосомдор деп аталат.<br />
'''Гомологиялык хромосомалар''' - морфол. белигилери б-ча окшош мейоздун профазасында конъюгациялануучу гендердин бирдей тизмеги. Хромосомалардын диплоиддик тизмегинде хромосоманын ар бир жубу эки Г. х. менен берилет. Алар кроссинговер процессинде бөлүктөрү менен алмашышат жана гендердеги аллелдери б-ча айырмаланышат.<br />
'''Политендик хромосомалар''' (поли… лат. taenia - тасма) - кош канаттуулар, жөнөкөйлөр жана өсүмдүктөрдүн дене клеткаларынын ядролорунда өлчөмү б-ча кадимки хромосомалардан жүз эсе ири көп жиптүү (политендик) хромосомалар. Алгачкы хромосоманын көп ирет репликацияланышынын жана анын андан ары туш-тушка ажырабай калышынын эсебинен хромонемелардын жана ДНКнын саны көбөйөт да, бул хромосоманын уз-нун жана диаметринин чоңоюушуна алып келет. Политения биринчи жолу 1881-ж. Э. Бальбиани тарабынан сүрөттөп жазылган. П. х-да текши эмес спиралдашуунун натыйжасында хромосомаларды боёгондо көрүнүүчү дисктер (каралжын туурасынан кеткен сызыктар) пайда болот. Бул дисктердин саны өлчөмү жана жайгашуу мүнөзү ар бир түр үчүн өзгөчө. П. х-дын картасын түзүү жана аларды салыштыруу хромосомалардын кайрадан түзүлүүлөрүн табууга; ар түрдүү популяциялардагы особдордун түрдүк таандыгын аныктоого; микроэволюция түр пайда болуу процесстерин түшүндүрүүгө мүмкүндүк берет.
 
== Колдонулган адабият ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8