Тотемизм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
15-сап:
Эпикалык башкы каармандардын минген аттары, тулпарларынын күлүктүгү, чыдамкайлыгы, акылдуулугу, адамдын ишенимдүү жолдошу катарында сүрөттөлүш сапаттары, артыкчылыктары да дал ушул тотемдик нукта түшүндүрүлөт. Атап айтканда, эпостогу [[Манас баатыр|Манастын]] Аккула, Тайбуурул, Чубактын Көгала, тулпарларынын туулушу, артыкчылыгы кайып менен тикеден-тике байланышта интерпретацияланат. Мындай мотив «Семетейде» да толук сакталат, башкача айтканда баатырдын тулпары Тайбуурулдун туулушу, артыкчылыгы ушундайча түшүндүрүлөт. Мааникердин теги «энеси аркар жел кайып, атасы тулпар чөл кайып» катарында сүрөттөлсө, ал эми эпикалык баатыр Чубактын Көгала сындуу тулпарын Кызыр ата өзү келип тартуулайт.<br />
Аны атайын [[Чубак]] үчүн багып, даярдап жүргөндүгү баяндалат. [[Манас баатыр|Манас]] атасы Жакыпка тарынып кетип, ак сакалчан Кызыр менен эгин айдаганда ал [[Манас баатыр|Манаска]] Карача кандын жылкысында баатырга ылайык тулпар туулганынан кабар берет. Тотемдик көз караштардын калдыктарынын бир көрүнүшү катары жылкы, төөнүн пирлерин, алардын кысталыш учурда ээлерин коргоп жардам бергендигин көрсөтсө болот. Ошондуктан, эпикалык баатырлар [[Манас баатыр|Манас]] көчкөндө, душмандарды жеңгенде ырымдап жылкы атап, Камбарбозду курмандыкка чалышат. Демек, малчылык менен оокат кылган адамдар үйүрдөгү мыкты жылкыларын Камбар ата, Камбар боз деп атоо салтка айланып калган. Мына ушундай эле түшүнүктү, тотемдик колдоочулукка ишенүү салты төөгө, уйга, койго таандык кылып сүрөттөө мотиви эпостук окуялардын жүрүшүндө көп эле жолу жолугат. [[«Манас» эпосу|«Манас» эпосунда]] Акбалтанын талаадагы жайылган төөлөрүн карап жүрүп, төл малы «Ойсул ата куу каймалдын өркөчүнөн Чубакты табышын» баяндаган эпизод жана Кызырдын атайы [[Манас баатыр|Манасты]] тосуп туруп, ага желгенине жел жетпеген, басканына мал жетпеген «булуттай учуп сыдырган, төгөрөктүн төрт бурчун, төрт күн койбой кыдырган», «кырк асый Желмаянды тартууга беришин чагылдырган окуялар баатырдын төрөлүшүн, негизги каармандардын башка каармандардан айырмаланган мүлккө, колдоочулукка ээ болушун фантастикалык маанайда сүрөттөө гана эмес, ошондой эле тотемдик ишенимдер менен эпикалык каармандардын ортосундагы өтмө катар байланышты да чечмелөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Эпостогу терс каарман Эсенкандын [[Манас баатыр|Манас]] баатырдын колунун келе турган жолуна куу кулжа, куу түлкү жана куу өрдөктү кароол коюшу жана зоогонистикалык жана антропоморфтук касиеттердин эриш-аркак берилиши, алардын өзгөчөлүктөрү кандайдыр бир деңгээлде тотемдик ишенимдердин натыйжаларынын көркөм иштелиши катарында кабыл алынат.<br />
Кумайыкты иттин пири, колдоочусу катары кабыл алуу жана анын кереметтүүлүгүнө, ыйыктыгына ишенүү салты кыргыздардын аң-сезиминде бекем орногон. Ошол себептен анын туулушу, өсүшү, жеке артыкчылыктары атайы фантастикалык ыкмада чечмеленет. [[«Манас» эпосу|«Манас» эпосунда]] [[Манас баатыр|Манастын]] ууда жүрүп Желмаянды, эртеси «Жаңгактуунун керүүдөн, Кум-Булактын белинен кол башындай көзү ачылбаган сур күчүк таап алышы», анын ырым-жырымына ак боз бээ союшу өңдүү эпизоддор жолугат. Табылган күчүккө Бакайдын Кумайык деп ат коюшу жана аны багуунун жол-жоболорун кыргыздардын итке болгон тотемдик ишеними жатат. Байыркы кыргыздарда орун алган тотемдик ишеним боюнча «Кумайык иттен эмес жорудан туулат, ал үч күнгө чейин күчүк түрүндө жатат, үч күнгө чейин адам таап албаса, ал кушка айланып кетет» деген элдик түшүнүк жана аны багып, тарбиялап өстүрүү жөрөлгөлөрү жөнүндөгү көз караштар поэтикалык формада эпостон орун алган. «Манас» бөлүмүндөгү мындай тотемдик түшүнүктөр «Семетейде» өз ыргагынан жанбайт. Өздөрүнүн тотемдик касиеттери, сапаттары, жеке өзгөчөлүктөрү менен эпостун идеялык-көркөмдүк деңгээлинин артылышына көмөк көрсөтүшөт. Тотемдик ишенимдер эпостун «Манас» жана «Семетей» бөлүмдөрүндө окуянын жалпы өнүгүш ыргагын бузбастан, тескерисинче, эпикалык башкы баатырдын образынын монументалдуулугун көтөрүүдө айрыкча роль ойнойт. Архаикалык ой жүгүртүүнүн тотемдик түрүнүн мындай калдыктары жана элементтери «Сейтек» бөлүмүндө азыраак. Тайбуурул, Акшумкар, Кумайыктын [[Семетей]] менен кошо кайып болушу, Куялынын атасынын Кайып ысмын алып жүрүшү Кыястын Тоотору атынын адамча ой жүгүртүүсү сыяктуу мисалдарды келтирсе болот. Себеби, «Сейтек» «Манас» жана «Семетей» бөлүмдөрүнө караганда трансформацияга көбүрөөк дуушар болгону, пайда болуш мезгили, сүрөттөө окуялары боюнча кийинки доордун натыйжаларына таасирленгени, архаикалык көз караштын таасирине аз чалдыкканы менен түшүндүрүлөт. Тотемдик түшүнүктөр Сагымбай Орозбаковдун вариантына караганда [[Каралаев, Саякбай|Саякбай Каралаевдин]] варианты вариантында кыйла кеңири колдонулуп, фольклордук чыгарманын идеялык, образдык негиздерине активдүү аракет кылып, өзүнчөлүктөргө ээ. Мына ушинтип илгертен айтылып жүргөн уламыштардагы, жомоктордогу урууну сактоочу жана УРУУ сыйынган тотемдер кийинчерек эпостордо келечекте баатыр боло турган баланын төрөлөрүн алдын ала айта турган сыйкырдуу чалга айланган. Бул «Манас» эпосундагы Чыйырдынын түшүнө кирген чал айткандан түшкө кирген чал келечектеги баатырды сактоочу сыйкырдуу атасы (тотем) болуп саналат. Кийин тектеш түрк элдеринин арасына ислам дини таралышына байланыштуу мурунку сыйкырчы чал (тотем) Кызыр алейсаламга, Азиретаалыга, [[Шаймерден (колдоочу)|Шаймерденге]] айланып диндик мааниге ээ болуп кеткен. Мисалы, эпостун бардык варианттарында [[Манас баатыр|Манас]] кыйын шарттарга дуушар болгон кездерде көбүнчө шаймердендин жана кырк чилтендин колдоосу менен аман калат. Ошондой эле баатырдык эпостун эволюциялык өнүгүшүнүн кийинки этаптарында мурунку тотем — жырткыч айбандар менен кыраан куштардын аттары каармандардын кыймыл-аракеттерин туюндуруучу көркөм каражаттардын милдетин аткарып калган.
 
== Колдонулган адабияттар ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Тотемизм" булагынан алынды