Асанкалый Керимбаев: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Керимбаев Асанкалый (1950–1999) Обончу, ырчы Керимбаев Асанкалый Аксы районунун Рянжит айылында ..."
(Айырма жок)

2 ноябрь 2012, саат 11:57 учурдагы нуска

Керимбаев Асанкалый (1950–1999)


Обончу, ырчы Керимбаев Асанкалый Аксы районунун Рянжит айылында 1950-жылы 7-февралда туулган. 1967–1969-жж. Токтогул райондук элдик театрында артист болуп иштөө менен чыгармачылык жолун баштаган. 1973-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.


1974–1984-жж. Токтогул элдик театрында, кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде иштеген.


100гө жакын обондун автору. Анын «Муңдашым мунар кайдасың», «Кусалык», «Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат», «Сулуулар», «Ак булуттар» ж.б. ондогон обондору Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.


Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты. 1976-жылы Эл чыгармачылыгынын Бүткүл Союздук фестивалынын жана республикалык бир топ кароо-сынактардын жеңүүчүсү болгон.

2004-жылы анын Р.Абдыкадыров, Э.Маданбеков менен бирдикте «Үч кайнар» аттуу обондуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. 1996-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамы берилген.


Аткарылып жүргөн чыгармалары

  • «Ак булуттар» сөзү О.Султановдуку
  • «Ак маралым» сөзү Т.Кожомбердиевдики
  • «Аман бол жылдызым» сөзү О.Султановдуку
  • «Бактылуу болгум келет махабаттан» сөзү А.Өмүркановдуку
  • «Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат» сөзү А.Өмүркановдуку
  • «Жүрөк сезет» сөзү Э.Ибраевдики
  • «Кайдасың» сөзү К.Алмазбековдуку
  • «Капталдым капилеттен жалыныңа» сөзү Б.Алыбаевдики
  • «Келбедиң» сөзү А.Өмүркановдуку
  • «Көл баяны» сөзү Ш.Молдокеевдики
  • «Кусалык» сөзү Ж.Мамытовдуку
  • «Муңдашым Мунар кайдасың?» сөзү А.Токомбаевдики
  • «Сендей мага» сөзү А.Өмүркановдуку
  • «Сулууга» сөзү А.Осмоновдуку
  • «Таң шооласы» сөзү Т.Кожомбердиевдики
  • «Кара-Көлдүн кыздары» сөзү Б.Сейдакматованыкы ж.б.

Дисктери

Кечиккен махабат, Асанкалый Керимбаевдин ырлары, Мелодия: С 6027557000

Ноталуу китептери

Үч кайнар: Обондуу ырлар – Б., 2004 (Р.Абдыкадыров, Э.Маданбеков менен бирге).