Алай кырка тоосу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Алай кырка тоосу чыгышта Какшаал-Тоо менен Фергана тоо системаларынын тутумдашкан түйүнүнөн б..."
 
No edit summary
1-сап:
'''Алай кырка тоосу''' чыгышта [[Какшаал-Тоо системасы|Какшаал-Тоо]] менен [[Фергана тоо кыркасы|Фергана тоо]] системаларынын тутумдашкан түйүнүнөн батышка карай Матча тоо тоомуна чейин 350 км ге кеңдик боюнча созулуп жатат. Батышка карай негизги кыркадан улам айрыктар бөлүнүп, алардын кээ бири өзүнчө кырка тоолорго айланып, тарам-тарам болуп, барган сайын жапыздап барып бүтөт. Негизги кырка тоо Матча ашуусунун тушунан экиге бөлүнүп, батышка карай жарыш созулуп жаткан Түркстан жана Заравшан кырка тоолорун пайда кылат.<br>

Түндүгүндөгү [[Түркстан тоо кыркасы|Түркстан кырка тоосу]] Алай тоолору менен бирдикте Фергана өрөөнүнүн түштүк жагын чектеп жатат. Туурасынан кесилиши боюнча кескин асимметриялуу: түштүк капталы кыска жана бийик, түндүк капталы 60—70 км ге созулуп, Фергана өрөөнүнүн адырларын карай акырындап жапыздайт. Орточо бийиктиги 4000 м ге жакын, эң бийик жери [[Көк-Суу, тоо|Көк-Суунун]] башында —6127 м. Чыгыштан батышка карай бийиктиги артып, [[Ак-Буура|Ак-Бууранын]] төрүндө —5051 м, Исфайрам-Сайдын төрүндө —5258 м, ал эми [[Сох, суу|Сох дарыясынын]] төрүндө 5530 м ге чейин жетет.<br>
Чыгыш жагында Алай кырка тоосунан башталган [[Алай-Куу, өрөөн|Алай-Куу]], Терек-Тоо, Адышев атындагы кырка тоолор орун алган. Батышка карай Ак-Төр, Кичи-Алай, Коллектор, Текелик деген дагы ири айрыктары жайгашкан. Алардын ичинен бийиктиги жана узундугу боюнча [[Кичи-Алай, тоо|Кичи-Алай кырка тоосу]] айырмаланат. Ал кырка тоо Ак-Бууранын өрөөнүнөн Исфайрам-Сайдын өрөөнүнө чейин 78 км ге созулуп жатат. Эң жазы жери —20 км, эң бийик жери — 4954 м.<br>
[[Category:Кыргызстан]]
[[Category:Азия]]
[[Category:География]]
[[Category: Таажы-2012]]