Термодинамика: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
Термодинамика – [[термодинамикалык теңсалмактуулук]] абалдагы [[макросистема]]лардын эң жалпы касиеттери жана бул абалдардын биринен бирине өтүү процесстери жөнүндөгү илим. Бул теория материяда өтүп жаткан бардык [[температура | жылуулук]] (температуралык) өзгөрүүлөр менен улантылган, жалпыга белгилүү тажрыйбалык далилдерге негизделген [[ой жүгүртүү]]нүн жолу болуп саналат. Термодинамика теория катарында [[жылуулук машинала]]рын, б. а. жылуулуктун эсебинен жумуш аткарган машиналарды куруу тажрыйбаларын жалпылоонун негизинде келип чыккан. Термодинамика теориясы [[идеалдык газ]] түшүнүгүнө негизделип түзүлгөн. Заттардын реалдык абалдарын (катуу, суюк, [[газ]]) идеалдык газдардын ([[электрондукэлектрон]]дук, [[фотон]]дук, [[фонон]]дук ж. б.) катарына ажыратууга болот. Мис., [[металл]]дардагы эркин электрондор тобу идеалдык газ катары каралышы мүмкүн. Термодинамиканын жардамы менен жаратылыштын ар кандай кубулуштарын (оптикалык, электрдик, магниттик, химиялык, механикалык ж. б.) изилдөөгө болот.
Макросистемалардын физикалык касиеттерин өздөштүрүш үчүн бирин бири толуктаган Термодинамикалык жана статистикалык ыкмалар колдонулат. Заттын ички түзүлүшүнө көңүл бурбай туруп эле, анын макроскопиялык касиеттерин (көлөм, басым, температура, курам ж. б.) өздөштүрүүчү ыкма Термодинамикалык ыкма деп аталат. Бул ыкмадагы негизги физикалык чоңдук – энергия. Зат касиеттерин өздөштүрүүдө аны түзгөн бөлүкчөлөрдүн касиеттерине жана өз ара аракеттешүүлөрүнө таянган ыкма статистикалык ыкма деп аталат. Бул ыкма статистикалык физикада (термодинамикада) кеңири колдонулат. Башка бардык теориялар сыяктуу эле Термодинамика дагы өзүнө тиешелүү түшүнүктөргө таянат. Термодинамикалык системанын абалын мүнөздөөчү физикалык чоңдуктар Термодинамикалык өлчөмөлөр (параметрлер) деп аталат. Өлчөмөлөр ички жана тышкы болуп бөлүнөт. Ички жана тышкы өлчөмөлөрдүн ортосундагы байланышты аныктоо – Термодинамиканы чечүүчү маселелердин бири. Термодинамикалык системанын бир тектүү түзүүчүсү ф а з а деп аталат. Ушуга байланыштуу Термодинамикалык система бир фазалуу, эки фазалуу, көп фазалуу ж. б. болуп бөлүнөт. Реалдык Термодинамикалык системалар адатта көп фазалуу болот. Бир фазалуу система аркылуу көп фазалуу Термодинамикалык системаны өздөштүрүүгө (эсептөөгө) болот. Термодинамикалык системанын бир абалдан экинчисине которулушу Термодинамикалык жүрүш (процесс) деп аталат. Жүрүштөр теңсалмактуу жана теңсал-мактуу эмес, кайталануучу жана кайталанбоочу болуп бөлүнөт. Системанын абалын мүнөздөөчү өлчөмөлөрү өзгөрүүсүз улантылган жүрүш теңсал-мактуу жүрүш деп аталат. Жүрүш учурунда Термодинамикалык системанын өлчөмөлөрү өзгөрүп турса, анда ал теңсалмактуу эмес жүрүш болуп саналат.
Термодинамикада ар кандай жүрүштөр жогоруда келтирилген түшүнүктөр аркылуу жазылган Термодинамиканын негизги үч законунун жардамы менен изилденет. Термодинамиканын 1-башталышы энергиянын сакталуу жана айлануу закону болуп саналат: Q=dИ+А, мында dИ  системанын ички энергиясынын өзгөрүшү, Qсистемага берилген жылуулук саны, Асистеманын тышкы күчкө каршы аткарган жумушу. Термодинамиканын 1-башталышы системадагы энергиянын сакталышын гана көрсөтөт. Ал эми Термодинамиканын 2-башталышы Термодинамикалык жүрүштүн багытын көрсөтөт: ар кандай физикалык жүрүштөр энергиянын бардык түрлөрү өзүнөн өзү жылуулук энергиясына айлангандай болуп өтөт. Демек макродүйнөдө дайыма температуралардын теңделиши болуп турат, б. а. ПАКи нөлгө умтулат. Натыйжада, системанын энтропиясы S өсө берет. Ошентип, dS  QТ, мында dS  энтропиянын өзгөрүшү, Т  системанын температурасы. Бул 2 законду бириктирүүдөн Термодинамиканын негизги закону алынат: . (1).