Ак бата: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бата жөнүндө |
No edit summary |

1-сап:
Атаңдан бото калбасын,

Бата калсын.Эл Сөз зээри

"Жамгыр менен Жер көгөрөт

Бата менен Эр көгөрөт"

Ушул бир ооз сөз канча миң жылдарды арытып, канча миң муунду карытып айтылып келет. Бу сөзгө кулагыбыздын да көнүп болгону ушунчалык ага мамилебиз да азыр күндөлүк "кант, чай, аба, нан, суу" деген түшүнүктөрдөй эле кадыресе жөнөкөйлөшүп калган. Ыгы келген да, келбеген да жерден балп айтып сала беребиз. Бирок ошону айтып жатып ушул бир ооз сөздө "аба, нан суу" деген дүнүйө түгөнгөн жердеги кундуу түшүнүктөрдөй эле эң түпкү улуу чындык мөл катылып калганын элес албайбыз. Ооба, суу тилеп, кеберсип турган боз талааны көнөктөп куйган жамгыр кандай жашартып, жан киргизип, тиргизип өтөөрү чын болсо, Ак Батанын да адамдын жан дүйнөсүн асылдантаар таасири ошондой, табияты ошондой. Бата айтканда бул дагы буруу-терүүсүз чындык! Бирок биз муну элебейбиз. Ойлонбойбуз да. Анткени көбүбүз батанын чыныгы озуйпасын гана эмес, бата сөздүн өзүн унутуп калганбыз. Анын баасы- баркын, кадырын, касиетин, кудуретин, демин, турмуш жагдайдын миң бир кырдаалына карай жүрөк тереңинен миң түрлөнүп сызылып чыгаар адеми түрлөрүн кудум жер тамырынан тарам-тарам балкып чыккан даамы-дарылыгы ар бөлөк арашан булак сыңары.
Ооба, бата чыны менен адамдын түпкүр касиетинин, кубатынын, аялуу сырынын сызылып сыртка чыгышы
==Кан Кошойдун батасы==
Айтылган ойду ачыктоо үчүн кыргыз тарыхындагы, тагдырындагы көөнөргүс айжаркын мисал- [[ Кошой |Кан Кошой бабабыздын]] [[Каныкей]] энебизге берген батасын эстей кетсек орундуу. Көп чатактын башы Көкөтөйдүн ашында Кошой дөөгө чак шым жок бир түптүү эл буйдалып, балбанын чыгара албай кысталып турган тушта кайран энең Каныкей тоо текенин терисинен жасаткан каңдагайын алдырып, калк намысына туруп берген. Ошондо сөөгү ыраазы Кан Кошой: "Айгожодон үч тилегиң кабыл деп баталуу болдум эле,

Айгожом айткан үч тилек,

Экөөнү тилеп өткөнмүн.

...Артында калган бир батам,

Сактап жүргөн сүр батам.

...Манас сенин айыңдан,

Баласы жок жайыңдан,

Келгендерден кеп угам,

Кейүүчү сөздү көп угам,

Келин балам Каныкей,

Төрөбөй жүрөт деп угам,-

- деп анан ошол саргартып сактап жүргөн сүр батасын:

Манаска парзант берсин деп,

Пайдасын калкы көрсүн деп,

Каныкей эркек туусун деп,

Душмандан намыс куусун деп,

Баатыр бала болсун деп

Манастай арбак консун деп",-

Каныкейге арнаган жайы бар. Ошентип эл мүдөөсү Семетей батадан бүткөн. Бул, билгенге, өтө терең, купуя маанилүү кеп. Бул бата тилегендин да, бата бергендин да дили тазарган өзгөчө бир кырдаал, жаны ийиккен өзгөчө бир аяр абал. Бата тилеген жандын өзөк түпкүрүндө өрт жанган арман-көксөөсүн дирт туйган кыраа даанышмандык. Бата мына ушундайда ордунан келет, оңунан чыгат. Дил дирилдеп табышат. Бата айтуу эмкилердин тилинче, сөз материалдуу күчкө айланат. Бул, айрыкча азыр, ХХ к. аягы, ХХI к. башында адамзаттын илими өркүндөп, сырткы [[Аалам]] мейкинине эле эмес, адамдын ички Ааламына, анын психо-физиологиялык мүмкүнчүлүгүнүн ченемсиз кыйырларына улам тереңдеп сүңгүй баштаган замандары айкындалууда, ал-ишенимдин күчү, дилдин күчү, [[Рух|рух]] күчүнүн кара күчкө ашуу жиги. Батанын касиети мына ушул сыр жикте. Улуу Түлөөдө (тилөө), дүр Батада жүздөгөн, миңдеген кишилердин ниет-тилеги бир жерге чогулуп, бир ойго уюп, бир нуктуу багытталганда зор Күч төрөлөт.
==Батанын ыйыктыгы==
Эл оозундагы эзелтен айтылган батага байланышкан не бир керемет уламыштарга табигый илимдин ушул бүгүнкү бийигин жалгай карасак, анда ата-бабалардын жандын жабык сырларына карай салынган жолу канчалык аяр, канчалык таамай, неткен ничке-изги, кайталангыс жалгыз, болжолсуз терең болгондугуна, айласыз, айласыз баш чайкап, таң бербеске арга жок. Жок, бул чыныгы тереңин эч кандай акылда аңдап, эсте калчап түшүнүүгө мүмкүн болбой турган жабык сыр. Анткени ал дал ошол учурда гана, же мезгил-мейкиндин деминде гана адам дили асман зилине дирилдеп ийип жуурулуп кеткен мөрт, кулачы-боюна оролушуп өрүлүп өткөн учур. Ал ирмем кайталангыс, жалгыз кийин жок. Агып кеткен, булут менен кошо. Жел менен сыза, асман түбүнө оодарыла. Бата тилеген да, бата берген да абал чыныгы табиятында кайталангыс. Ал-Руханий акт! Учу Теңирде жаткан. Батанын ыйыктыгы ушунда.
==Бата бериле турган учурлар==
"Ботонун куну-бир жут, батанын куну-миң кут"- деген кептин түйүнү ушул жакта. Ошондуктан анык батакөйлөр да батаны туш келди сураганга эле, же кайсы учур болсо да мейли, бере берген эмес. Анын-батанын, ийип-ийигип алаар адамы, көлкүп-балкып берилээр күнү, сааты болгон. Батага зарылган муңайым пенде ошол мөрттү издеген, күткөн. Жаны азарланып! Анткени ал, айтылды, бата сурагандын да, бата бергендин да дили Көк Жиги аркылуу өтөөр байланыш жол, айланыш жол. Эртегини коюп кечээгиге эле келсек, сарбагыш Ниязбек атаны (сегиз бектин атасы) айдын белгилүү гана күндөрүндө бата берчү дешет. Батасы кайтпаган дөөлөс Сарт аке тууралуу да ушуну айтышат.
Арийне, бул сөз жыйнактагы баталар бир эле берилген, башка айтылбайт дегенди билдирбейт. Эч! Айтылгандар батанын ички табиятына байланыштуу ойлор. Акыйкатта, мындагы баталардын өзү кылымдарды кыркып, ар бир заманга, муунга кызмат кылып келгени анык. Маселе, батанын сенин дилиңде жуурулушуп, сенин каныңда агып, сенин жаныңдын илебинде жылып, "Сеники" болуп берилишинде. Бата тиленип жаткан шарт-кырдаалдын билги камтылып, байыры бата өзөгүнүн байытылып берилишинин зарылдыгы айтпаса да түшүнүктүү. Бата ошон үчүн дайым тирүү, жандуу, заманга эриш.
Бул күндө биз ыйман тууралуу көп айтабыз. Ырасында эле сыртта ыймансыздыктын болуп көрбөгөндөй арааны жүрүүдө азыр. Ар иштин көзү бар. Ыйман да батага бүткүл ниетин буруп, ыкласын төшөп, дили дирилдеп бата тилегенде тирилет. Бата тилөө-ыйман алдында жоопкерлик алуу. Демек, батанын азыркы замандагы озуйпасы өзүнчө, өзгөчө.
==Ата-Энеден алган бата==
Батанын башы, бул бала үчүн ата-энеден алган бата. Ата-Эне баланы мүлдө жан-жаратылышка, анын Бийик Ээсине жалгап турган жападан-жалгыз көпүрө сыңар. "Ата-Эненин артында Кудай турат" деген кыргыздын кыраа сөзү ушул. Чоң Кудайдан кийинки эле, Кудай-Ата-Эне. Бул тууралуу Ак Бата да:
"Атам" деп жадында жүргөн жанды,

Аркы дүйнөдө Теңирим колдосун.

"Энем" деп эсинде түйгөн жанды,

Эки дүйнөдө Эгем колдосун,-

- деп мындай жанга батанын эң бийигин-ыйыгын ыроологон.
Батанын да батасы, бул-Элдин батасы. Элдин батасын алган азамат Ата-Энеден артылып барып Эл Уулуна айланган жан. "Баталуу эр арыбас, батасыз эр жарыбас" деген макалдын, не, "Ата-Эненин эле уулу болбой, Элдин уулу бол" деген алкыштын да мааниси ушул. Ал эми Ак Батанын тилеги бу:
Бир үйдүн баласы болбо,

Миң үйдүн санаасы бол.

Бир элдин Атасы болбо,

Миң элдин Даанасы бол.

Бата-адамдын [[Теңир|Теңири]] менен жекеме-жеке байланыш Жолу. Ушундан улам адамды Жан-[[Жаратылыш]] , бийик Кудайга жалгап турган Көпүрө-Ата каны жуурулган мекен, эне сүтү менен эмген тил жана ак батанын тереңги байланышы тууралуу эрксиз, эрксиз көңүлгө мобул ой төтөйт. Бул күндө биз бата кылганда, мейли арбактарга куран окулсун, не жер-жуу тайып мазар ээсине багышталсын, оболу оо кыйлага дейре өзүбүзгө бир да бир сөзү түшүнүксүз, эс-акылыбызга эч бир ою илээшпеген жат тилдеги (араб) сөздөрдү жабыратып-шабыратып айта келип, анан эң сонунда гана барып эне тилибизде, ооба, жан жаратылышка ой-сезимибизди, ниет-дилибизди жынс жалгап турган эне тилибизде эки ооз бирдемени кошумчалап айткан болуп бетибизге бата сүртөбүз. Мындай жорук батанын эң түпкү озуйпа-философиясынын өзүнө кайчы эмес бекен! Анткени жана да айттык, эми да айтабыз, эртең да айтылат,- Адам тириг Жаратылышка, Бийик Аң-Сезимге (Кудаага) карай бир тал нур жолун Эне Тили аркылуу гана салат, бүт ниетин буруп, дилин-зилин ага нуктап жол алат. Ишенимдин өзү түбүндө аң-сезимдүү акт, Ал- Ишеним, карандай сокур эмес, эң бийик, эң таза, эң аяр аң-сезим аркылуу өткөндө гана көкүрөктөн чыккыс бүрдөйт-гүлдөйт, түбөлүк! Адам Тереңги Эске (Высший Разум) табияты ошондо окшойт, жакындайт. "Ашыкча эле динчил болуп кетүүдөн да сактаныңыздар" деп айтылган Мухаммед пайгамбардын хадистеринин бири- маанисин өзү билбей, түшүнбөй туруп эле ошонун баарын ойлонуп-ойлонбой ашынып аткара берген фанатизимге коюлган айып. Өзү түк түшүнбөгөн өзгө тил (мисалы араб тили) балким адамды белгилүү бир деңгээлдерге дейре ыргагында, мукамында Жан тербетип алып чыгаар, бирок акыры түбү Төбөдөн жолун кесип коөт, өз төбөсүнүн каалгасын ичинен жаап коөт. Анткени Акка Сапар, Теңирге Жол түбүндө, айттык, аң-сезимдүү Акт! Аң-сезим-Эне Тил ажырагыс, тамырлаш. Эне Тилдеги бата, мунаажат, дуба гана Дилге, Зилге, Жүлгө (Асман-Жер жиги)-Жол...
Колуңуздардагы китепке ар кайдан, ар кездери жыйналган баталар киргизилди. Республика басма сөз беттерине жарыяланган, кытайлык кыргыз туугандарыбыздан жазылган, жамаатташ элдерге жайылып кеткен да айрым баталар алынды. Ырасында, булардын баарынын теги жалпы, байыркы, түбү элдики. Тек, биринде жайылта, экинчисинде кыскараак, не саптары да оошуп, көчүп айтылып келет. Андыктан кайсыл бата кимге тиешелүү деп таандыктап отурбай жалпы бердик. Аныгында, ал-орток. Дагы, мазмуун-түрлөрүнө карай шарттуу ирээттеп, тогузга бөлдүк. Ата-бабаларыбыз ар нерсенин мертебесин тогуздан ашырган эмес деген эски насыйкатта эсте туттук.
Байкалып тургандай жыйнактагы баталардын негизги удулу көчмөн турмушка, көбүнесе мал-жанга байланышкан. Ушуга карап кай бирөөлөрдүн көңүлүндө: "Бу баталар эски, жаңы шартка, заманга ылайыгы жок" деген күңкүл ой да болмогу тур. Мындай ойду ушул турган жеринде төрөлтпөй туруп көмгөн жөн! Анткени, баяраак айтылды, бата деген бул, ириде- Рух. Ал эми Рух универсалдуу жана түбөлүктүү. Андыктан базар заман батасы сөзсүз эле "өксүбөсүн бизнесиң, мерседесиң сынбасын" (баса, "дөөтү колдосун, машинең майлуу-сүттүү болсун" деп жаңы шарт бата соңуна жалганып айтыла берет, бата- жаңырат) деген таризде эле жаралбайт. Ал көңкүдөн келген Рухка өзүн тутумдаш тутканда тирилет, төрөлөт, наар алат, кубаттанат. Экинчиден, кыргыз: "мал боор эт менен тең" деген. Бул сөздү да биз бүгүн эч кандай образ, метафорасыз түптүз эле түшүнө турган чак келди. Анткени, биздин бүткүл адамдык кулку-тулкубуз мал азыгы менен шартталган. Ар бир элдин улуттук касиети анын миң-миңдеген жылдар бою жуткан абасы, ичкен суусу, жеген ашы, жердеген жери менен байланышканы ак. Эгерде биз бүгүн ата-бабаларыбыздын рух касиетин, дүйнөгө мамилесин калыптаган улуттук даам- кошкон май, кымыз, бозо, эт, чучук, эжигей, айран, курут, бурта, сары жүрмө, сүрдөн такыр айрылсак, эртең эл (кыргыз!) болуудан калабыз, өксүйбүз. Демек, мал бүгүн биз үчүн физиология да, психология да, философия да, салт да, өнөр да, искусство да, эр оюну да, кыскасы-баары. Дүйнөдө кыргыз бойдон калуунун жерпай шарты! Андыктан мал-жанга байланыштуу баталар эч качан эскирбейт. Ал арттагы эмес, тескерисинче, алдан келээр, алдыдан табылаар, күчөп жаңыраар кубулуш.