"Интернет" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

no edit summary
==Интернет кантип, качан пайда болгон?==
 
Дүйнөлүк желе маанисиндеги интернеттин пайда болу тарыхы XX-кылымдын экинчи жарымына барып такалат. 1957-жылы [[АКШ|АКШнын]] коргоо министрлигинин алдында уюшулган Алдыңкы Изилдөө Долбоорлорунун агенттиги ([[ARPA]]) 1969-жылдын 1-сентябрында изилдөө институтардын ортосундагы компьютер аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылган алгачкы бириккен желени түзүп чыгат. Интернеттин бул алгачкы түрү биринчи Арпанет деген аталышта дүйнөгө жайыла башайт. Ал эми 1971-жылы Bolt Beranek and Newman аттуу компьютердик фирманын программисти Рэй Томлисон алгачкы [[Электрондук почта|электрондук почтаны]] жана [[@]]-электрондук белгини иштеп чыгат. 1982-жылы Арпанет TCI/IP аталыштагы бирдиктүү тармактык тилди түзүп чыгуу менен азыркы интернет келип чыккан. Кыргызстанга болсо интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган.
Алгач болуп интернет баракчаларын чектөөгө алуу 1999-жылдан баштап катталган. Бул жылдардан тартып, Кытайда, Сауд Арабиясында, Иран, Египет диний жана саясий көз караштарга туура келбеген сайттарга чектөөлөр киргизилген.
 
Алгач пайда болгондо коммуникациялык технологиялардын ичинен радио 38 жылдын, телевидение 13 жылдын ичинде дүйнө боюнча 50 миллион угарман жана көрөрман топтосо, интернет пайда болгондон кийин 5 жылдын ичинде гана 50миллион50 миллион колдонуучусун топтой алды. Натыйжада интернет дүйнөдөгү эң бат жайылган жана эң оперативдүү маалымат булагына айланды.
 
== Интернет колдонуучулар ==
==Бишкек шаарында эң көп интернет колдонуучу бар==
 
2008-жылкы маалыматтарга караганда дүйнө жүзүндөгү интернет колдонгондордун саны 1.4 миллиард адамга жеткен жана бул көрсөткүч убакыт өткөн сайын жогорулоодо. Дүйнөнүн башка бурчтарындагыдай эле Кыргызстанда да интернет колдонучуулардын саны күндөн күнгө артып өзгөчө Бишкек шаарында интернет кафелер жана алардын тармактары көбөйүү менен алек. www.neweurasia.net сайтынын берген маалыматтары боюнча учурда Кыргызстанда 760 664 интернет колдонуучу бар. Булардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү Бишкектиктер болуп саналат.. Тагыраак айтканда интернет колдонуучулардын 77% Бишкекке, 10% Ош облусуна туура келет. Ал эми болгону колдонуучулардын 13% гана калган облус жана шаарларга тиешелүү. Натыйжада, Бишкекте «дүйнөлүк желеге» кошулгандардын саны көбөйгөнү менен өлкөнүн калган бөлүктөрү бул тармактан алигиче артта калууда.
 
==Кыргызстанда уюлдук телефондор аркылуу интернетке киргендер аз эмес==
13 411

edits