Айлана чөйрөнү коргоо: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
|||
1-сап:
'''Айлана чөйрөнү коргоо''' – бул ар кандай илим бутактарынын изилдөөлөрүн, жетишкендиктерин колдонуп жаратылышты булгабай, аны баштапкы абалындай таза сактоо аракетинде жасалган иш-чаралар системасы.
[[Суу]] менен камсыздандыруу, [[Канализация|канализация]], [[Химиялык өндүрүш|химиялык өндүрүштүн]] жана сугат иштеринин айлана чөйрөнү коргоо менен түз байланышы бар. Анткени, эгерде канализация системасы болбосо, болгон суу ресурстарыбыз кирдеп өтө аз убакыттын ичинде көптөгөн эпидемияларга чалдыгып ичүүчү суусуз калабыз. Ал эми сугат системасы иштебесе, айдоо жерлеринин бузулуусу, суунун ашыкча короосу сыяктуу экологиялык маселелер келип чыгат. Ошондой эле химиялык өндүрүш айлана чөйрөнү булгаган факторлордун биринчилеринен болуп эсептелет.
== Канализация ==
Канализация – айлана-чөйрөнү коргоодо чоң мааниге ээ. Анткени адам тарабынан булганган суунун чоң бөлүгү канализация системасында тазаланат. Биз мисал катарында Бишкек шаарынын канализация системасын карап көрөлү.
* Бишкек шаардык суу каналында суу 6 этапта тазаланат.
'''1'''...Механикалык тазалоо. Механикалык тазалоодо суу менен агып келген таштандылар кармалып тазаланат. Агып келген көлөмү чоңураак болгон таштандылар (кагаз, пластик пакет ж.б.) темир торчого такалат. Ал торчо өзүн-өзү оператордун көзөмөлү алдында тазалап турат.<br/>
Бул жерде чөккөн чөкмөнү чуңкурга чогултуп келип аны түтүктүн жардамы менен сордуруп алышат.
'''3'''...
Суунун түбүнө чөккөн чөкмөлөрдү кыргычтар тазалайт. Алардын оозу айланган тарапты караган үчүн чөкмөлөр өз агымы менен агып чыгат. Ал эми үстүнө калкып чыккан таштанды, эрибеген кошулмаларды калпыгычтар чогултат.<br/>
'''4'''...
'''5'''...
'''6'''...
Сугат дыйканчылык системасы – бул топурактын түшүм берүүчүлүгүн жогорулатууга багытталган агротехникалык жана уюштуруу-чарбалык чаралар. Агротехникалык комплексте сугаруу чоң мааниге ээ. Ошол эле убакта сугат – сугарылуучу жерлерде өсүмдүк өстүрүү менен байланыштуу болгон айыл чарба иштеринин комплексиндеги эң олуттуу жана эмгекти көп талап кылуучу агротехникалык ыкмалардын бири. Бирок азыркы учурда фермердик чарбаларда колдонулуп жаткан сугат техникасы жана технологиясы жаман акыбалда жана көп учурда берилген жердин жаратылыш шарттарына жана чарба талаптарына жооп бербейт. Мунун натыйжасында жер кыртышынын суу эрозиясы, саздануу күчөйт, сугат сууларынын чыгымы көбөйөт, түшүмдүүлүк азаят жана башка экологиялык мүнөздөгү терс көрүнүштөргө алып келет.
Line 40 ⟶ 41:
Ден-соолукка тийгизген таасири: ВХдин жогорку концентрацияларынын токсикалык эффекттери анын профессионалдык контакт шарттарында таасир этүүсүндө байкалат. ПВХ өндүргөн заводдордун жанында жашагандар үчүн жаңы төрөлгөн жана жаш балдардын туура эмес өрчүү коркунучу жогору болот. Борбордук нерв системасы өзгөчө сезгич келет. ВХдин адам үчүн канцерогендүү экендиги аныкталган.
=== Алюминий ===
'''Булактары:''' [[Электро техника]], [[Авиация|авиациялык]], [[Химия|химиялык]], нефти иштетүү өнөр-жайлары, машина куруу, курулуш, [[Оптика|оптика]], ракеталык жана атомдук техника.
Жаратылышта кездешүүсү: Алюминий, жер кыртышынын курамында кармалышы боюнча кычкылтек менен кремнийден кийин үчүнчү орунду ээлейт, жана анын 8,8%ын түзөт. Топуракта алюминий 150-600 мг/кг өлчөмдө, шаарлардын абасында 10 мкг/м3га жакын өлчөмдө, айыл жергесинде болсо, 0,5 мкг/м3 өлчөмдө кезигет. Ал топуракта кычкылдануу жолу менен чогулат. Агым сууларда алюминийдин өлчөмү 2,5-121 мкг/дм3ду түзөт. Көлмөлөр кычкылданганда алюминийдин эрибеген формалары эриген формаларга өтөт, ошондуктан анын суудагы концентрациясы кескин жогорулайт.
[[Организм|Организмге]] келип түшүү жолдору: Алюминийдин организмге келип түшүүсүнүн негизги булактары: тамак-аш, суу, аба, дары-дармектер, алюминий идиш (термикалык иштетүүдөн кийин алюминий идиштеги тамакта алюминийдин өлчөмү эки эсе жогорулайт), дезодоранттар ж.б. Чоң кишинин алюминийди бир суткалык керектөөсү – 35-49 мг түзөт. Алюминийдин суткалык аралаш рациондогу жалпы кармалышы 80 мг түзөт.
Ден-соолукка тийгизген таасири: Алюминийдин токсикалуулугу анын зат алмашууга тийгизген таасиринде байкалат. Өзгөчө минералдык алюминий нерв системасынын клеткаларынын өсүү жана көбөйүү функциясына тийгизген таасиринде байкалат. Алюминий туздарынын көбөйүшү кальцийдин организмде топтолуусун, [[Фосфор|фосфордун]] [[Адсорбциялык тазалоо|адсорбциясын]] азайтат. Ошол эле убакта сөөктөрдө, боордо, уруктуктарда, мээде жана калкан безде алюминийдин кармалышы 10-20 эсе жогорулайт. Алюминийдин нейротоксикалык таасиринин эң маанилүү клиникалык көрүнүштөрү: Кыймыл-аракет активдүүлүгүнүн бузулуусу, булчуңдардын түйүлүп калышы, эсти жоготуу жана унутчаактык, психопаттык реакциялар.
'''Ичүүчү суудагы приоритеттик органикалык эмес кирдетүүчү заттардын өлчөмдөрүнүн стандарттары'''
* Чектүү деңгээлдеги концентрация, мг/дм3
{| class="wikitable"
|-
! Зат !! БДССУ(ВОЗ) !! АКШ !! Канада !! ЕБ(ЕС) !! Франция !! Германия !! СССР
|-
| [[Асбест]] || -1 || 7,12 || - || - || - || - || -
|-
| [[Барий]] || - || 1 || 1 || 0,05 || - || - || 0,1
|-
| [[Бериллий]] || - || - || - || - || - || 0,0002
|-
| [[Бор]] || - || - || 5,0 || 0,1 || - || - || 0,5
|-
| [[Ванадий]] || - || - || - || - || - || 0,05
|-
| [[Кадмий]] || 0,005 || 0,01 || 0,005 || 0,005 || 0,005 || 0,005 || 0,001
|-
| [[Молибден]] || - || - || - || - || - || 0,25
|-
| [[Мышьяк]] || 0,05 || 0,05 || 0,05 || 0,05 || 0,05 || 0,04 || 0,05
|-
| [[Никель]] || - || - || 0,05 || 0,05 || 0,05 || 0,1
|-
| [[Нитраттар]] || 103 || 103 || 103 || 50 || 50 || 50 || 45
|-
| [[Нитриттер]] || 0,013 || 1,0 || 1,0 || 0,1 || 0,1 || 0,1 || 3,3
|-
| [[Сымап]] || 0,001 || 0,002 || 0,001 || 0,001 || 0,001 || 0,001
|-
| [[Коргошун]] || 0,05 || 0,05 || 0,05 || 0,05 || 0,001 || 0,04 || 0,03
|-
| [[Селен]] || - || 0,01 || 0,01 || 0,01 || 0,01 || - || 0,01
|-
| [[Күмүш]] || - || 0,05 || 0,05 || 0,01 || 0,01 || - || 0,0
|-
| [[Сурьма]] || - || - || 0,01 || 0,01 || - || 0,05
|-
| [[Таллий]] || - || - || - || - || - || 0,0001
|-
| [[Фтор]] || 1,5 || 4 || 1,5 || 1,5 || 0,05 || 1,5 || 1,5
|-
| [[Хром]] || 0,05 || 0,05 || 0,05 || 0,005 || 0,05 || 0,05 || 0,05
|-
| [[Цианиддер]] || 0,1 || 0,2 || 0,05 || 1,5 || 0,05 || 0,1л
|}
==== Түшүндүрмөлөр: ====
* 1 сызыкча менен белгиленген нормативдер аныкталган эмес
* 2 млн. була/дм3
* 3 азоттун саны боюнча
[[Категория:Айлана чөйрөнү коргоо]]
[[Категория:Экология]]
[[bat-smg:Aplėnkuotīra]]
[[bo:ཁོར་ཡུག་རིག་པ།]]
[[ca:Ciències ambientals]]
[[cs:Environmentalistika]]
[[de:Umweltwissenschaften]]
[[en:Environmental science]]
[[eo:Mediscienco]]
[[es:Ciencias ambientales]]
[[et:Keskkonnateadus]]
[[fi:Ympäristötiede]]
[[fr:Science de l'environnement]]
[[he:מדעי הסביבה]]
[[hi:पर्यावरणीय विज्ञान]]
[[hu:Környezettudomány]]
[[hy:Շրջակա միջավայրի պահպանություն]]
[[it:Scienze ambientali]]
[[ja:環境学]]
[[kk:Ортаны қорғау]]
[[ko:환경과학]]
[[lt:Aplinkotyra]]
[[ltg:Apleicsardzeiba]]
[[ml:പരിസ്ഥിതിശാസ്ത്രം]]
[[mr:पर्यावरणशास्त्र]]
[[ms:Sains alam sekitar]]
[[nl:Milieuwetenschappen]]
[[pl:Sozologia]]
[[pt:Ciência ambiental]]
[[ro:Știința mediului]]
[[ru:Охрана окружающей среды]]
[[sk:Environmentalistika]]
[[su:Élmu lingkungan]]
[[sv:Miljövetenskap]]
[[ta:சுற்றுச் சூழலியல்]]
[[th:วิทยาศาสตร์สิ่งแวดล้อม]]
[[tl:Agham pangkapaligiran]]
[[uk:Охорона довкілля]]
[[zh:环境科学]]
|