Чарлз Дарвин: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
6-сап:
1825-жылы Дарвин [[Эдинбург]] университетинин медициналык бөлүмүнө кирген,бирок окуусун уланта алган эмес.Дин кызматчысын даярдай турган [[Кембург]] университетине кирип,аны 1831-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин саякатка жөнөп бара жаткан [["Бигл"]] кемесине натуралист болуп орношкон.
== Экспедициясы ==
Жер шарын айланып чыккан бул экспедиция 5 жылга созулган.Жашоо шарттарына жараша өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн алмашуусун байкоо менен геологиялык түзүлүштү,флораны жана фаунаны изилдеген ар түрдүү коллекцияларды Англияга жөнөткөн.Түштүк Америкадагы кырылып жоголгон жаныбарлардын калдыктарын изилдеп,азыркы убактагы жашаган жаныбарларга жакындыгын,түрлөргө окшоштугун болжолдогон. [[Антропология]] жана этнография боюнча эң көп байкоолорду жүргүзгөн.<br />
 
== Эмгектери ==
Экспедициядан кайтып келгенден кийин Чарлз Дарвин жыйнаган коллекцияларын бир топ окумуштуулардын жардамы менен иштеп чыккан жана саякаттын жыйынтыктары жөнүндө бир нече китептерди жазган."Изилдөөлөр күндөлүгү"(1839),"Коралл рифтеринин түзүлушү жана бөлүнүшү" (1842),"Жанар тоолуу аралдарга геологиялык байкоо жүргүзүү" (1844),"Түштүк Америкага геологиялык байкоо жүргүзүү" (1846),"Табигый тандоо жолу менен түрлөрдүн келип чыгышы,же тиричилик үчүн күрөшүүдө тукумдардын сакталышы жөнүндө" (1859) деген гениалдуу эмгектеринде ал өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрү туруктуу болбостон,дайыма өзгөрүп турарын,азыркы түрлөр табигый тандалуунун негизинде мурдагы жашаган түрлөрдөн келип чыккандыгын аныктаган."Колдо өстүрүлгөн жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн өзгөрүшү"(1868),"Кишинин келип чыгышы жана жыныстык тандоо" (1871),"Бигл" кемеси менен дүйнө жүзүн дүйнө жүзүн кыдырып саякат кылуу" деген эмгектеринде окумуштуу саякаттаган өлкөлөрдүн жаратылышына,калкына жаныбарлары менен өсүмдүктөрүнө болгон байкоолорун өтө кызыктуу сүрөттөп жазган.Чарлз Дарвин ботаникадан "Өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү кайчылашып чыңдашуу жана өзү менен өзү чаңдашуу",зоологиядан "сөөлжандар" жөнүндө да эмгектерди жазган.<br />