Исаак Ньютон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Sir Isaac Newton by Sir Godfrey Kneller, Bt.jpg|thumb|right|Ньютон, Исаак]]
Сэр Исаак Ньютон (англ. Sir Isaac Newton, григориандык жылсанак боюнча - 1642-жылдын 25-декабрында туулуп, 1727-жылдын 20-мартында өлгөн, ал эми юлий [[календары]] боюнча – 1643-жылы 4-январда туулуп, 1727-жылдын 31-мартында кайтыш болгон) – британдык атактуу физик, математик жана астроном. Ньютон азыркы доордогу физика илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири саналат.
 
== Кыскача өмүр таржымакалы ==
6-сап:
Исаак Ньютон (англ. Sir Isaac Newton) 1642-жылдын 25-декабрында Улуу Британияда туулган.
 
Анын “Табигый [[философиянын]] математикалык башаттары” аттуу фундаменталдык эмгегинде дүйнөлүк тартылуу күчү мыйзамы жана классикалык механиканын калыптанышына өзөк болгон үч физикалык мыйзам баяндалган. Ньютон [[дифференциялык]] жана интегралдык эсептөө, түстүүлүк теориясы жана башка математикалык жана физикалык теорияларды иштеп чыккан.
 
Анын атасы Улуу Британиянын бөлүгү - Англиянын Линколншир жергесиндеги Вулсторп кыштагында өзүнө тың орто чарба дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы ал төрөлө электе көз жумган. Ымыркайга Исаак деп атасынын ысымын коюшкан.
12-сап:
Ымыркай кезинде оорулуу болуп өскөн менен, Исаак Ньютон узак жашап, 84кө чыгып дүйнөдөн өткөн.
 
Ньютон 1661-жылы [[Кембриж]] шаарындагы даңазалуу университеттин Тринити-коллеж (Ыйык Үчүлтүк Кудай коллежи) окуу жайына өтөт. Андан соң ал 30 жыл бою дал ушул коллежде окуп жана эмгектенген.
 
Сэр Исаак Ньютон 1727-жылдын 20-мартында атажуртунда өлгөн.
20-сап:
Анын үч томдук “Табигый философиянын математикалык башаттары” (латынча Philosophiae Naturalis Principia Mathematica) эмгеги 1686-1687-жылдары жарык көргөн.
 
Ньютондун эмгектери физика жана [[математика]] илимдеринде жаңы доорду ачып берди.
Ал Галилей түзө баштаган [[теориялык]] физика илимин калыптандыруу ишин жыйынтыктаган.
 
Бир чети, бул тажрыйба маалыматтарына негизделсе, экинчи чети, табигый кубулуштардын сандык-математикалык сыпатталышына негизделген.