Калпак: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
22-сап:
5. Калпактын кыры менен кырбуусундагы манат, баркыт, чый баркыт сыяктуу кездемелердин кара, көк, кызыл, күрөң түсү жаш өзгөчөлүгүн билдирсе, көбөөлөнгөн кыргактын өзү - таяныч, өбөк, жөлөк колдоонун ыйык символу.

=='''Калпак жөнүндө уламыштар'''==
Биздин эрага чейин [[Алтай]]дан тартып, [[Грек]], [[Рим]] мамлекеттерин багындырган [[Атилла]] (Бизде Адил) баатырдын жоокерлери бүтүндөй ак калпакчан жүргөндүгүн [[тарых|тарыхый]]ый булактардан көрөбүз. Анын далилдүү күбөсү катары 15-кылымда жарык көргөн [[Француз]] энциклопедиясында Атилланын атчан чабуул коюп бара жаткан калпакчан жоокерлеринин сүрөтү бар.

Калпак тууралуу дагы бир маалымат [[Искендер Зулхайнайын]] ([[Александр Македонский]]) жөнүндөгү [[уламыш]]та кездешет. Күндөрдүн бир күнүндө түн ичинде Искендер Зулхарнайын жаткан чатырга эки жоокер кыз келип, күзөтчүсүнө кош миздүү бир кылыч, бир калпак жана адамдын куу мүсөн баш сөөгүн тапшырат. "Тан агарганча бизге жообун бергиле", деп талап коюшат. Ошондо Искендер Зулхарнайын өзүнүн акылгөй аярларын чакырып бул эмненин жышааны экендигин чечкиле дейт. Аярларынан жөндүү жооп болбогон соң, кыздарды алдырып,оң тарабына отурган аярларынын биринен суратат: ”Айткылачы , силер кайсы элденсинер? Мобуреки алып келген куу баш, калпак, кылычтын мааниси эмнени туюнтат? Өзүңөр чечмелеп бергиле”, деп аларга жайдары жүз көрсөтөт. Эл кыйырын сактап, ат жалында шамал менен жарышып өскөн жоокер кыздар Искендерди теше тиктеп, түз качыра жообун айтат: ”Биз кыргыз деген элденбиз, ушул улуу тоону мекендеп өмүр кечиребиз. Бизге катылган душмандын башы, алдагы куу мүсөн баштай алынып, ач бел, куу жондо куурап жок болот, бу куу башты мобуреки кош миздүү кылыч алган, ал эми бул баш кийим – Кыргыз калпагы. Анын төбөсүндөгү кайчылашкан кош сызык – Күндүн аян белгиси, кыргыз урпагы күндүн тукуму болуп саналат. Биз күндөн тараганбыз. Жүйөө билген кас- душман ыкка көнсө биз күн нурундай мээрим төгөбүз, жок, кыл чайнашып, бет буруп жоолашам деген душманга биздин эл бул кош миздүү кылычтай чабылат. Калпак биздин кыргыз ажобуздун сүр- сөөлөтү, сыймыгы, абийири, кадыр сыйы, душманына сес берээр опол тоодой олбур сүрү, биздин силерге алып келген жышааныбыз ушул! Буга эмне деп жооп айтасыңар?”

Сөзгө кулак төшөп турган Искендер Зулхарнайын башын силке отурган акылгөйлөрүнө карады. Акылгөйлөрү кыздарга жооп таппай отуруп калышты. Күзөтчүлөр жоокер кыздарды сыртка алып чыгып кетти. Көп өтпөй Искендердин бир жигити жоокер кыздарга калпак менен кылычты алып келип берди дагы: “Ажоңорго айта баргыла, ойлонууга азыраак убакыт берсин, үч төбөлүк бурсаттан соң жообун айтабыз”,-деп кыздарды узатып койду.

Көп өтпөй Искендер Зулхарнайын өз черүүлөрүн түн жамына көчүрүп , Чүй аймагынан чыгып кетти. Ошол күндөн биякка кыргыз калпагынын өмүрнаамасы, анын кадыр-сыйы, сүр сөөлөтү мурдагыдан да артты.
Сөзгө кулак төшөп турган Искендер Зулхарнайын башын силке отурган акылгөйлөрүнө карады. Акылгөйлөрү кыздарга жооп таппай отуруп калышты. Күзөтчүлөр жоокер кыздарды сыртка алып чыгып кетти. Көп өтпөй Искендердин бир жигити жоокер кыздарга калпак менен кылычты алып келип берди дагы: “Ажоңорго айта баргыла, ойлонууга азыраак убакыт берсин, үч төбөлүк бурсаттан соң жообун айтабыз”, - деп кыздарды узатып койду.

Көп өтпөй Искендер Зулхарнайын өз черүүлөрүн түн жамына көчүрүп , Чүй аймагынан чыгып кетти. Ошол күндөн биякка кыргыз калпагынын өмүрнаамасы, анын кадыр-сыйы, сүр сөөлөтү мурдагыдан да артты.

"https://ky.wikipedia.org/wiki/Калпак" булагынан алынды