Өтүкен-Йыш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "ӨТҮКЕН-ЙЫШ – Моңголиядагы Чыгыш Хангай тоолорундагы токойлуу аймак. Стратегиялык жактан бай..."
 
No edit summary
 
1-сап:
ӨТҮКЕН'''Өтүкен-ЙЫШЙыш''' – [[МоңголияМонголия|Моңголиядагы]]дагы Чыгыш Хангай тоолорундагы токойлуу аймак. Стратегиялык жактан байыркы түрк элдерине (азыркы Моңголия, Түштүк Сибирь, Түштүк-Батыш [[Манжурия|Манжуриянын]]нын аймактарына) үстөмдүк кылууга ыңгайлуу жер. Руна сымал жазма эстеликте: «...акылман Тоң-Йокук биротоло отурукташып жашоо максатында Өтүкен жерин тандап алды» – деген маалыматтар бар.<br />

Аскердик-стратегиялык ыңгайлуу аймакка кыргыздар өз үстөмдүгүн орнотууга жигердүү аракеттерин жасашкан. Буга 840-жылы тарыхый окуялардан соң, кыргыз каганы өз ордосун, мамлекеттин борборун Танну-Олага (азыркы [[Тува|Туванын]] түштүк аймактары) көчүргөндүгү далил болот. Ушул мезгилден тартып Борбордук Азиянын аймактарына кыргыздардын 360 жылга созулган үстөмдүгү башталган. Өтүкен-Йыш жайгашкан Хангай (кыргызча Каңгай) – [[«Манас» эпосу|«Манас» эпосунун]]нун бардык варианттарында жердин, элдин, айрым учурда өлкөнүн аты катары берилет.
 
== Адабият==
*Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
 
[[Category: Кыргызстан]]
[[Category: Тарых]]
[[Category: Илим ]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Өтүкен-Йыш" булагынан алынды