Бөйрөк: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 103 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q9377 (translate me)
7-сап:
 
Бөйрөктүн жогорку, төмөнкү башы, сырткы жана ички жагы бар. Ички жагы оюңку келип дарбаза деп аталат. Ал аркылуу бөйрөк артериялары жана нервдер кирип, вена, лимфа тамырлары жана заара аккыч түтүк чыгат. Бөйрөктү фибриндүү кабык, бөйрөк май жана туташтырма ткандуу фасция курчап, алар аны өз ордунан жылдырбай турат. Бөйрөк кыртышы (каралжын) жана мээ сымал (ачык түстөгү) катмардан турат. Кыртыш катмарынын калыңдыгы 4—13 ммте чейин жетет. Бөйрөк белгилүү өлчөмдөгү жана составдагы заара бөлүп чыгарат. Заара менен кошо мочевина, сийдик кислотасы, туздар, суу жана башка чыгат. Бул заттарды тери, өпкө, ичеги, шилекей бези да чыгарат, бирок алар бөйрөктү эч алмаштыра албайт. Сийдик бөйрөк тканын түзүүчү нефрондордо пайда болот. Ар бир нефрон сийдик чыпкалануучу мальпиги (бөйрөк) денечелерден жана сийдик түтүкчөлөрдөн турат. Кишинин бөйрөгү аркылуу 1 минутада 1200 мл кан өтүп, бул убакта 120 мл, ал эми 1 суткада 150 л алгачкы заара (фильтрат) чыпкаланат. Чоң кишиде 5 лдей кан болору белгилүү. Демек бул кан суткада 350дөй жолу бөйрөктөн өтүп, жетишерлик тазаланат. Алгачкы заара нефрондун капсулаларынан заара түтүкчөлөрү аркылуу өтүүдө ал саны жана сапаты жагынан олуттуу өзгөрүүлөргө учурайт. Мында керектүү заттар клетка мембранасы аркылуу канга (реабсорбция), зыяндуу заттар кандан түтүкчөгө (секреция) өтөт. Сийдик чыгаруучу түтүкчөлөр биригип ири түтүкчөгө чогулат. Ал аркылуу сийдик адегенде кичине, андан кийин чоң чөйчөкчөгө жана бөйрөк түтүгүнө (лоханка) жыйылат.
ал эле эмес организмдеги баланстарды тен салмакта кармап турууга да аябай чон салымы бар.
 
==Колдонулган адабияттар==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бөйрөк" булагынан алынды