Онтогенез: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 33 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q193603 (translate me)
1-сап:
[[Файл:Baer embryos.png|thumb|300px|Өөрчү стадияларын салыштыруу.]]
'''Онтогенез''' [[Грек тили|(грек тилинен]] οντογένεση: ον — жандык жана γένεση — жаралуу, төрөлүш) — [[Организм|организмдин]] жекече өөрчүшү, [[түйүлдүк]] пайда болгондон тартып тиричилигинин акырына чейинки өмүрү. Онтогенез удаалаш өтүүчү морфологиялык, физиологиялык, жана биохимиялык өзгөрүүлөрдү ичине камтыйт.
== Түйүлдүктөгү онтогенез тууралуу ==.
Жыныс жолу менен көбөйүүчү жаныбарларда жана өсүмдүктөрдө жаңы организмдин пайда болушу уруктануунун натыйжасында иш жүзүнө ашырылат. <br />
Ошондуктан онтогенез уруктанган [[Энелик клетка|энелик клеткадан]] — зиготадан башталат. Онтогенезде ар бир организм ырааттуулук менен бир нече мезгилди жана стадияны басып өтөт. Кишинин эмбриогенези негизинен түйүлдүк (эмбрион) жана түйүлдүктөн кийинки (постэмбрион) мезгил болуп бөлүнөт. Эмбрион мезгили — түйүлдүктүн өөрчүшү, ал жаңы организм туулганга чейин созулат. Бала төрөлгөн учурдан тартып өөрчүүнүн постэмбрион мезгили башталат да, ал өмүрүнүн аягына чейин созулат. Онтогенезди клетка ядросундагы тукум куума информация тейлеп, ал кийинки муунга берилет. Онтогенездин ар кайсы мезгилинде тукум куугучтукту тейлеген информация толук колдонулбайт. Организмдин өөрчүү мезгилине же стадиясына жараша анын клеткалары ал информациядан өзүнө ылайыктуу бөлүктөрүн пайдаланат. Мисалы, өмүр бою кишинин гемоглобин молекуласынын тиби 3 жолу алмашылат. Түйүлдүк мезгилинде эмбрион гемоглобини пайда болот. Бир нече убакыттан кийин бул молекулаларды тейлөөчү ген басаңдап, анын ордуна башка ген иштейт. Андан кийин чоң кишинин гемоглобини синтезделет. Гемоглобиндин алмашып турушу организмдин талабынан келип чыгат. Түйүлдүк мезгилинде организмди эненин каны камсыз кылат, ал убактагы гемоглобин чоң кишинин гемоглобинине караганда кычкылтек менен оңой байланышат. Ошентип эволюциялык өөрчүүдө организмдин маанилүү ыңгайлануусу пайда болгон. Эгерде түйүлдүк гемоглобини чоң кишинин гемоглобинине алмашылбай же жетишсиз алмашылып калса талассемия оорусу пайда болот. Тукум куугучтукту алып жүргөн гендердин ишине тышкы чөйрөнүн шарты да чоң таасир берет. Онтогенез филогенездин кыскача кайталанышы болгондуктан, бул эки процесс өз ара тыгыз байланыштуу жана бири бирине көз каранды.
Онтогенездин белгилүү бир мезгилинде тукум куума оорулардын көбү пайда болору аныкталган. Мындай оорулардын өзгөчөлүгүн билүү аларды табууда жана дарылоодо абдан маанилүү ([[Тукум куума оорулар]]). Ошондой эле тигил же бул ооруну алып жүрүүчү генди табуу медициналык генетиканын адистерине мындай ген тукумга коркунучтуу экендиги жөнүндө кабарлап, түрдүү кеңештерди берүүгө жардамдашат ([[Ген]], [[Генетика]], [[Медициналык генетика]]). <br />
[[Файл:Gastrulation.png|thumb|200px|Инвагинация - гаструляция механизми ''1 — бластула, 2 — гаструла.'']]
 
== Уруктангандан кийинки мезгил ==
Уруктангандан кийин бир аз убакыттын кийин бөлүнүү жүрөт. Бөлүнүүнүн тез жана толук жүрүшү жаныбардын жумурткасына, [[Белок|белокдун]] топтолушуна байланыштуу. Эгерде жумурткада [[изолецеталдык жумуртка|изолецеталдык]] сарысы аз жаныбардын жумурткасында бөлүнүү 2, 4, 8, 16, 32 бирдей бластомерлерге жүрөт.<br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Онтогенез" булагынан алынды