Кыргызстан тарыхы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
28-сап:
=== Хуннулар ===
{{Main|Хуннулар}}
Б.з.ч. III кылымдын акырында негиделгеннегизделген хуннулардын Улуу дөөлөтү, Мете (Модэ) шанүйдүн мезгилинде, 203-201 жылдары түндүктү карай багытталган жортуулдарында хуньюй, кюеше, динлин, гэгунь (кыргыз), цайли калктарын баш ийдиргени белгилүү.
 
Метенин мураскору Лаошандын тушунда б.з.ч. 177-жылы хунну аскерлери юэчжилерди, Чыгыш Түркстандагы ээликтерди баш ийдирет. Кийинки чабуулда юэчжилер алыс батышка кетип, эки ордого бөлүнгөндө, анын бири болгон чон юэчжилер өз жеринен Ганьсу аймагына, Теңир-Тоонун түндүк тарабына келишип, бул жердеги сактарды талкалап, баш ийдиришкен. Юэчжилерден кийин, «Улуу көч доорунда», б.з.ч. 160-158 жылдары Жети-Сууга Ганьсудан усундар келет. Б.з. I кылымынын ортосунда Борбордук Азиядагы Хуннулардын державасы эки ордого бөлүнөт. Кийинчерээк түндүк хунндары тышкы душмандардын кысымдарына жеңилип, бир бөлүгү сянбилерге багынып, бир бөлүгү батышка кеткен. Теңир-Тоодо, Жети-Сууда жашаган сактарды жана юэджийлерди багындарган усундар өздөрүн «хуннулардын вассалдарыбыз» деп эсептеп келишкен.