Орозбаков Сагымбай Орозбак уулу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
65-сап:
Ошол кездеги Нарын уезддик кызматкерлери Ы. Тойчунов менен Мукамбаевден сырткары тийиштүү мамлекеттик кызматтардын же анын өкүлдөрүнүн Сагымбайга назар салып ишине кызыгуу көргөзгөндүгү жөнүндө далилдер жок.
 
1924 ж. ноябрь айында манасчы менен анын катчысы Ташкенге илим комиссиясына чакырылат. Ы. Абдыракманов Анжиян аркылуу ат менен кетип, Сагымбай барбай калат. Ы. Абдыракманов Ташкенден кайрылып келип Сагымбайды Пишпектен жоолуктурат. Базарда Сагымбайды алып кетебиз деп [[Солто|солто уруусунун]] Бөлөкбай жана Талкан бөлүктөрү талашып жаткан болот. Натыйжада Пишпек станциясындагы [[Чалаказактар|чала-казактар]] алып кетип, Сагымбай жети күнү жүрүп, бир ээр-токумдуу ат минип, кездеме, көп акча, зер буюмдарын алып келген. Андан кийин Бөлөкбай, Талкандардын манаптары алып кетип 15 күн жүрүп бир тогуз жылкы, толгон өлүү буюмдарды алып келген. Сагымбай келип, эми "Манасты бүтүрөлү" - деп Ы. Абдыракмановду ээрчитип Кочкорго кетет.
 
1925 ж. чакырык кайта келет. Сагымбай менен Ы. Абдыракманов Ташкенге барышат. Жолдо баратканда, "эми чоңдор мага "Манасты" абдан айтырып сындайт ко" - деп Ыбырайымга кеңешип барат.<ref>Ошондо эле, 41 б.</ref> Ташкенде болгон Эшенаалы Арабаев, Сыдыков Абдыкерим, Тыныстанов Касым, Токобаев Турдаалы, Тойчунов Ыбырайлардын бири дагы Сагымбайды чакыртып "Манас" айтырып же кара сөз түрүндө "Манастын" жайын айтырып угуп көрүшпөйт. Ал кездеги жаш жигит К. Тыныстановдун "Сиздин жаздырган "Манасыңыз" өзбекче болуп калыптыр "<ref>К. Ф. Инв. № 275, 47 б.</ref> - деген сындоосуна катуу катуу теригет. сындоого алат. Э. Арабаев Сагмбайга: "Иттин тезеги дары десе дарыянын башына кетет деген ырас ко. Сагымбай билген "Манасыңды" тез жазып бүтүрсөңчү, болбосо судга беребиз"<ref>К.Ф. Инв. № 275, 46-47 б.</ref> - дейт. Э. Арабаевден кагуусу Сагымбайга катуу таасир тийгизет. Чогуу барган Ыбырай Абдыракмановдун пикири боюнча Ташкенде болгон жоолугушуу Сагымбайга оор из калтырып, чыгармачылыгына терс таасир тийгизген. Кочкорго кайтып келишип "Чоң казатты" жаздырып башташат. Жомокчу мурункудай айткысы келбей калгандыгы тууралуу Ы. Абдыракманов: "Сагымбай баштагыдай көөндөбөй коюп, мен жалынып бергенде айтып бергенде, жаздым. 1926 ж. "Манасты" жазып бүттүк. "Чоң казаттын" урушун, "Манастын" өлүмүн эң тар кылып жаздырды. Мен качалык жабышып айтсам дагы болбой, менин билгеним ушул - деп болбоду".<ref>К.Ф. №</ref>