Дания: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
2-сап:
'''Дания (Danmark), Дания Королдугу''' (Kongeriget Danmark) – Түндүк Европадагы мамлекет. Ютландия жарым аралында, Дан архипелагында (ири аралдары: Зеландия, Фюн, Лолланн, Фальстер, Лангеланн, Мён), Ошондой эле Борнхольм аралында, Түндүк Фриз аралынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан (анда бардыгы 407 арал бар, анын 99унда эл жашайт). Даниянын курамына Фарер аралдары жана Гренландия да кирет. Батышынан Түндүк деңиз, түштүк-чыгышынан Балтика деңизи менен чулганат, түндүгүнөн Скагеррак кысыгы аркылуу [[Норвегия|Норвегиядан]], түндүк-чыгышынан Каттегат жана Эресунн (Зунд) кысыктары аркылуу [[Швеция|Швециядан]] бөлүнөт; түштүгүндө [[Германия]] менен (68 км аралыкта) чектешет. Аянты 43,1 миң км2 (Греландия менен Фарер аралын кошпогондо). Калкы 5,4 млн (2007). Борбору – [[Копенгаген]]. Расмий тили – дан тили. Акча бирдиги – дания кронасы. Дания административдик аймагы жактан 5 регионго бөлүнөт.
Дания БУУнун (1945), Европалык кеңештин (1949), Европа союзунун (1973), ЭВФтин (1946), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1946), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (1973), НАТОнун мүчөсү.
 
'''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Дания – унитардык мамлекет. Конституциясы 1953-ж. 5-июнда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик монархия. Мамлекет башчысы – король (1972-жылдан королева Маргрете II). Мыйзам чыгаруу бийлиги король жана бир палаталуу парламент – фолькетинг (курамында 179 депутат, 4 жылда бир шайланат) тарабынан ишке ашырылат. Аткаруу бийлиги королдун атынан иш жүргүзгөн, курамына Премьер-министр жетектеген Министрлер совети кирген Мамлекеттик советке таандык. Негизги саясий партиялары:Дания Социал-демократия партиясы, Консервативдик элдик партия, Дания Элдик партиясы, Социалисттик элдик партиясы.
 
'''Табияты.''' Жээктеринде жазы тайыз булуңдар, фьорддор, бийик жардуу клифтер; Ошондой эле түзөң, аккумуляция, ватт (марш) жээктери да мүнөздүү. Түздүктүү рельеф басымдуу. Ютландия жарым аралынын чыгышында, Дан архипелагынын аралдарында көлдүү, жапыз дөбө-мореналуу түздүктөр басымдуу. Эң бийик жери 173 м, Идинг-Сковхой чокусу. Климаты мелүүн деңиздик, кышы жумшак (январдын орточо температурасы 0–0,5°С), жайы салкын (июлдуку 15–16°С). Аба ырайы туруксуз, шамалдуу, көбүнчө туман жана булут басып турат. Жылдык жаан-чачыны өлкөнүн батышында 700–800 мм, чыгышында 500–600 мм. Гидрография тармагы өтө жыш; жамгыр сууларынан куралган чакан дарыялар басымдуу; суу агымы жасалма жол менен жөнгө салынат, дарыя нуктары каналдар менен түздөлгөн. Негизги дарыялары: Гудено, Вардр-О (Ютландияда), Сосо (Зеландия а-нда), Оденсе-О (Фюн аралында). Чакан жана агып чыкма көлдөрү көп, алар негизинен мөңгүнүн аракетинен пайда болгон, жээктеринде ошондой эле лагуна көлдөрү бар. Күрсүз, кумдуу күл, айдалган куба күрөң, түзөң жээктерге күрдүү марш топурактары мүнөздүү. Табигый жазы жалбырактуу (бук, эмендүү) токой ургаалдуу чарбалык иштерден дээрлик жок болуп кеткен. Азыркы ландшафтына айыл чарба жерлеринин токойсуз чакан аянттардын (вересктер, шалбаа-саздуу жерлер) жана отургузулган токой (кызыл карагай, эмен жана башка) массивдеринин айкалышы мүнөздүү. Токой өлкөнүн 11,8% аянтын ээлейт (жыл сайын 3 миң га токой отуругузулат). Данияда жалпы аянты 933 миң га болгон коргоого алынган 183 табигый аймак (анын 72си деңиз резерваты) бар.
Калкынын 90%тен ашыгын дандар, 0,9%ин фарерликтер, 0,1%ин эскимос-гренландиялыктар түзөт. 8,5%ке жакыны иммигранттар жана алардын тукумдары (50%тен ашыгы Европа өлкөлөрүнөн тарагандар). Төрөлүүсү 1000 адамга 11,9 гана бала (1 аялга 1,8 бала) туура келген; өлүм-житим 1000 адамга 10,1 адам. Даниянын демография проблемасы – калктын картаюусу:калкынын орточо курагы 39,7 жаш (2006); кары курактагылар (65 жаштан өткөндөр) 15,2%, 15 жашка чейинки балдар 18,7%, эмгек жашындагылар (15–65 жаштагылар) 66,1%ти түзөт. Өмүрүнүн орточо узактыгы 77,8 жаш (эркектердики 75,5; аялдардыкы 80,2). Орто эсеп менен 100 аялга 98 эркек туура келет. Дания Түндүк Европадагы калкы эң жыш отурукташкан өлкө; орточо жыштыгы (126,2 адам/км2) батыштан чыгышты карай өсөт; Зеландия (240) жана Фюн (137 адам/км2) аралында калк өтө жыш отурукташкан. Шаар калкы 85,4% (2006). Ири шаарлары: Копенгаген [Чоң Копенгагендин чегинде 1094 миң (2007), Даниянын калкынын 20%тен ашыгы], Орхус (230,1 миң), Оденсе (146,6 миң), Ольборг (123,4 миң). Экономикасында алектенген 2710 миң калктын 75%и тейлөө чөйрөсүндө, 15,7%и өнөр жайда, 6,3%и курулушта, 3%и айыл чарбасында иштейт (2005). Динге ишенгендеринин 84–87%и лютерандар.
 
'''Тарыхы'''. Данияда адам баласы палеолит доорунда жашай баштап, балыкчылык, аңчылык менен күн көрүшкөн. Неолит доорунда жер айдап, мал багышкан. Коло доорунда соода кыйла өнүгүп, уруулук түзүлүш бузула баштаган. Дания жеринде жашаган герман урууларында (юттар, англдар жана башка.) отрукташып, дыйканчылык кылуу, акырындап темир иштетүү өнүккөн. 5-кылымдын ортосунан англдар менен юттар Британияга көчө баштап, Даниянын аймагына 6-кылымда дан уруулары (өлкөнүн аталышы ушундан келип чыккан) көчүп келишкен. 10-кылымда бирдиктүү Дания королдугу түзүлүп, ага Ютландия жарым аралы, Дания архипелагындагы аралдар, Скандинавия жарым аралынын түштүк бөлүгү кирген. Вальдемар I (1157–82), Кнуд VI (1182–1202) жана Вальдемар II (1202–41) королдук кылган мезгилдерде Дания королдугу бир кыйла чыңдалып, кийин Скандинавия мамлекеттеринин ичинен экономикасы кыйла өнүгүп, саясий жактан күчтүү өлкөгө айланган. 1380-ж. Дания-Норвегия униясы, 1397-ж. Маргарита башкарган кезде Дания, Швеция жана Норвегия (Исландия менен бирдикте) униясы түзүлүп, Скандинавия өлкөлөрү Даниянын бийлигине өткөн. 1536-ж. Данияда лютеран дини мамлекеттик дин катары жарыяланган. 16–17-кылымда Балтика деңизинде үстөмдүгүн сактоо жана Швецияны унияда кармап туруу максатында Дания Швеция менен болгон көп согуштардан кийин жеңилип, Сконе, Чыгыш Норвегиядан ажыраган, Балтика деңизинде Швециянын үстөмдүгү орногон. 1660-ж. Дания мурасчылар монархиясы деп жарыяланып, Фредерик IIIнүн (1648–70-жана башкаашкарган) 1665-жылдагы мыйзамы боюнча Даниянын абсолюттук монархияга айлангандыгы юридикалык жактан бекитилген. Өлкөнү борборлоштуруу боюнча бир катар чаралар көрүлгөн. Наполеон согуштарына Франция тарапта аргасыздан катышкан Дания жеңилип, кыйла жеринен ажыраган, экономикасы бир топ бүлүнгөн. 1848-ж. мартта революциячыл кыймылдын жогорулашынан улам улуттук либералдар бийликке келген. Июнь конституциясына (1849) ылайык Дания эки палаталуу парламенти бар чектелген монархияга айланган. Дания-Пруссия (1848–50) жана Австрия-Дания-Пруссия согуштарынан (1864) кийин Дания Шлезвиг, Гольштейн жана Лауэнбургдан ажырап, улуттук бир тектүү мамлекетке айланган. 19-кылымдын ортосу – 20-кылымдын башында Данияда болгон саясий жана социалдык өзгөрүштөр 1915-жылдагы буржуазия-демократия конституцияда көрсөтүлгөн. Дания биринчи дүйнөлүк-согуштан кийин аграр-индустриялуу мамлекеттердин катарына кошулду. 1940-ж. апрелде Данияны Германия басып алып, өзүнүн азык-түлүк базасына айландырды. 1942-жылдан Данияда Каршылык көрсөтүү кыймылы кулач жайып, 1943-ж. сентябрда анын жетекчи органы – Эркиндик совети түзүлгөн. 1944-ж. Исландиянын эгемендүүлүгү жарыяланган. 1945-ж. 5-майда Дания немис баскынчыларынан бошотулган. Согуштан кийин өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүдө 1948–53-ж. Маршалл планы боюнча АКШ тарабынан берилген 350 млн долл. жардамдын ролу чоң болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Дания 1949-ж. Түндүк Атлантикалык пактыга (НАТО) кошулган. 1953-ж. кабыл алынган өлкөнүн жаңы конституциясы боюнча, фолькетинг (парламент) түзүлгөн. 1958–73-ж. Дания экономикалык зор ийгиликтерге жетишти («алтын жылдар»). 1981-ж. Гренландияга кеңири өзүн-өзү башкаруу укугу берилген. 1990–91-ж. Даниянын аскерлери Перс булуңундагы согушка, кийин Балкан жарым аралындагы жаңжалдарды басууга катышты. 1998-ж. парламенттик шайлоонун жыйынтыгында Нюруп-Расмуссен жетектеген социал-демократтар менен радикалдардан турган коалициялык өкмөт бийликке келген.
Чарбасы. Д. экономикасы туруктуу өнүккөн ин дуст риялуу-агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 188,1 млрд доллар; аны киши башына бөлүштүргөндө (24 600 доллар) дүйнөдө 7-, Европа биримдигине (ЕБ) кирген өлкөлөрдүн ичинде 3-орунду ээлейт. ИДПнин 74,7%и тейлөө чөйрөсүнө, 22,4%и ө. ж-га жана курулушка, 2,9%и айыл, токой жана балык чарбаларына туу ра келет. Д. эл аралык экон. ала кага активдүү каты шат; ички рыногу чектелүү. Ө. ж-нда илим су рам дуу ата йын өндүрүштөрү (энергетикалык, фармацевтик, био- жана маалымат тех ногиясы жана башка.) бар. Жо горку на тый жалуу а. ч. – өл көнүн экон. секторунун жана экс портук негизги булактарынын бири. Д. – деңиз соода флотунун тоннажы боюнча дүйнөдө 12-орунду ээлеген балык уулоочу ири өлкө.
Д-га социалдык камсыздоонун Европадагы эң алдыңкы системасы мүнөздүү: социалдык чыгымдар ИДПнин 31,3%ин түзөт (жылына киши башына 8223 евро туура келет; 2003). Инновациялык багыт экологияга шайкеш өнүгөт.
Д-да чакан жана орто ишканалар басымдуу. Өн дүрүшүнүн кыйла бөлүгү (58%) экспорт үчүн продукция чыгарууга багытталып, негизинен хим. (85% ке чейин; формацевтиканы кошкондо), машина куруу (75%тей), эмерек (63%тей), тамак-аш (55%тен ашыгы) жана жеңил (55 %тен ашыгы) ө. ж. продукцияларын чыгарат.
Түндүк деңизден нефть (2005-ж. 21,9 млн т ; чалгындалган запасы 268 млн т), табигый газ (9,2 млрд м3; запасы 132 млрд м3) казылып алынат. Энергия ресурстарын казып алуу ички керектөөдөн ашып кетет. Экспортко 14,9 млн м3 нефть (негизинен Швеция, Нидерланд, Финляндияга, Ошондой эле Франция, Германияга), 5,2 млрд м3 газ чыгарат. Көмүрдү негизинен ТАР, Колумбия, Россиядан (жылына 9 млн т) алат.
Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 10 миң МВт чамасында (2004). 38,4 млрд кВтс электр энергиясын өндүрүп, 31,7 млрд кВтс пайдаланат. Өндүрүштүн 83%и ЖЭСке, 17% башка булактарга таандык. Д. ша мал энергиясын пайдалануу боюнча дүйнөдө ал дыңкы орундардын бирин ээлейт. Түндүк деңиздеги «Horns Rev» (жээктен 14–20 км) дүйнө дөгү эң ири шамал паркы бар, анын кубаттуулугу 160 мВт. Ошондой эле биоотундан, а. ч. калдыктарынан, деңиз толкунунан, күн нурунан энергия алат.
Металлургия (металл иштетүү кошо) импорттук сырьёнун негизинде иштейт. Машина куруу (электрондук буюмдар жана транспорт ка ражаттары кошо) ө. ж. продукциясынын 25%ин түзөт. Алар: деңиз кемелерин куруу, энергетика жана муздаткыч жабдуулары, электр.-тех. продукциялары, тамак-аш ө. ж. үчүн жабдуулар, мед. приборлор жана аспаптар, телекоммуникация комплексинин тармактары. Сырткы заказ менен түрдүү типтеги жана тоннаждагы кемелер курулат. Кеме куруунун жана ремонттоонун борборлору – Копенгаген, Ольборг шаарлары.
Электр жабдууларын жана технологиясын, на сос (жылына 10 млн), суу тазалоочу жана жы лытуучу жабдууларды, кондиционер муздаткыч, шамал энергиясын өндүрүү үчүн жабдуу ларды жана технологияларды, мед. приборлорду жана материалдарды, угуучу аппараттарды, диагностика жабдууларын чыгарат.
Тамак-аш ө. ж., айрыкча сүттү кайра иштетүү, Ошондой эле сыр, пиво, шире, балдар тамактарын жана башка. продукцияларды чыгаруу үчүн жабдууларды (80%тен ашыгы экспорттолот) жана айыл чарбасы (электр сүт саагычын), эт жана балык иштетүү, лак, цемент даярдоо үчүн жабдууларды чыгаруу салтка айланган.
Электроникада зымсыз телекоммуникация, аудио- жана көрмөтехника, акустика системасы, телефондор, аскер техникасынын жогорку технол. компоненттерин – радар системасын, аскер самолёттору менен вертолётторунун радиоэлектрондук коргонуу системаларын, космостук жабдууларды, аскер техникасы жана космостук ракеталар үчүн электрондук компоненттерди даярдоонун мааниси зор.
Химия ө. ж. күкүрт к-тасын (дүйнөлүк өндүрүштүн 25% тейи), пластмасса, өсүмдүк коргоочу каражаттарды, лак, сыр, дары-дармек (инсулин, антибиотик, витамин) жана башка. даярдайт. Жыгач иштетүү, эмерек, текстиль, тигүү, бул гаа ры ө. ж-лары бар. Д. модалуу кийим чыгаруу боюнча Скандинавия өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы орунда. Тамак-аш ө. ж. өнүккөн: азык-түлүк өндүрүү боюнча Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен 5–6-, киши башына бөлүш түргөндө 1-орунда. Д. чочко этин (дүйнө лүк экспорттун 17%), сүт, бекон, ветчина, сыр, жууган май жана башка. продуцияларын экспорттоо боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Д. пивосу менен да белгилүү (80ден ашык ишканасы бар).
Ургаалдуу өнүккөн жана жогорку продукттуулуктагы а. ч. – өлкөнүн экономикасынын негизги секторлорунун бири. Агр. (негизинен мал чарбасы) өндүрүшүнүн продукциясынын көлөмү ички керектөөдөн үч эсе көп, анын 2/3 си сыртка сатылат. Айыл чарба өндү рүшүнүн негизин үй-бүлөлүк ферма түзөт. Фермалардын орт. аянты 58 га. Чакан фермалар (30 гага че йин) жалпы чарбанын 49%ин (айд. жердин 12%), ири фермалар (50 га дан ашык) 37%ин түзөт (иштетилген жердин 79%). Жалпы чарбалардын 60% мал чарбасы, 40% өсүмдүк өстүрүү чүлүк менен алектенет. Агр. секторунда фермерлер түзгөн 300гө жакын кооператив, коом, биримдик, ишканалар жана ассоциациялар иштейт. Кооперативдер продукция сатуу жана сатып алуу, а. ч. техникасын ремонттоо жана башка. иштерди жасайт. Бардык чарбачылык иштер механикалаштырылган жана автоматташтырылган; минералдык жер семирткичтерди пайдалануу жылдан жылга азайып, экол. таза технологияны колдонуу кеңейүүдө.
Агроөнөр жай комплексинин экспорту 9,6 млрд долларды түзөт (а. и. чочко эти 4,65 млрд, сүт продукталары 1,8 млрд, баалуу тери 0,67 млрд доллар; 2005). Негизги соода шериктери: Германия, Улуу Британия, Япония, Швеция, Ошондой эле Чыгыш Европа өлкөлөрү.
Айыл чарбасынын башкы тармагы – мал чарбасы (агр. продукция наркынын 65,5%и). Чочкочулук жана сүт багытындагы уй асыроо өнүк көн. 2005-ж. 13,5 млн чочко болгон; чочко этин даярдоо боюнча дүйнөдө 5-орунда (2 млн кг; анын 1,6 млн кгнан ашыгы экспортко чыгарылат); пайдаланылган жана экспортко чыгарылган чочко этин киши башына бөлүштүргөндө Европа да 1-орунда. 2005-ж. 17,5 млн тоок асыралган. Д. – суу суусарынын терисин даярдоо жана аны экспорттоо боюнча (дүйнөлүк өндүрүштүн 40%) дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн бири.
Мал чарбасы үчүн өстүрүлгөн тоют өсүмдүктө рүнүн аянты азык-түлүк өсүмдүктөрүнүкүнөн кыйла чоң. А. ч-га жарактуу жеринин (бардыгы 2645,3 миң га; өлкөнүн аймагынын 65%) 52,2%и дан (арпа, буудай, Ошондой эле сулуу, кара буу дай), 30,3% тоют жана 3,6% азык тамыр өсүм дүк төрүнө (картошка, кант жана тоют кызылчасы), 0,8% жашылча, мөмө-жемишке туура келет.
Балык негизинен (75%) Түндүк деңиздин жээ гинен кармалат; дарыяларда, көлдөрдө жана аквафермаларда балык (жилингир, сом, курт балык жана башка.) көбөйтүлөт. Д. балык кармоо жана көбөйтүү боюнча дүйнөдө 3-орунда.
Өлкөнүн экономикасынын ири жана туруктуу өнүккөн сектору – тейлөө чөйрөсү. Маанилүү тар магы – финансы жана ишкердик жактан тейлөө. Д. калкты компьютер, Интернет жана тез байланыш менен камсыз кылуу боюнча дүйнөдөгү беш алдыңкы өлкөнүн ичине кирет. Ошондой эле ишкердик жактан тейлөө жана далдалчылык (инж., курулуш, транспорт, энергетика, компьютердик технология, Ошондой эле аудитордук, бухгалтердик, лизинг, маркентинг, реклама жана башка. жактан тейлөө) өнүккөн. Финансылык тейлөө секторунда банк-кредиттик мекемелердин мааниси зор (548 банк иштейт). Илими өнүккөн; азыркы технология, инновация кеңири пайдаланылат.
Д. – Борб. жана Түн. Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы стратегиялык транспорт түйүнү; трансев ропа жүктөрүнүн бир бөлүгүн тейлейт. Маанилүү аралдары тоннель-көпүрө курулмалары менен байланышат. Кичи жана Чоң Бельт кы сык тарына са лынган көпүрөлөр Ютландияны Фюн жана Зеландия а-дары менен туташтырат. Эресунн (Зунд) кысыгынын астынан өткөн автомобиль жана темир жолдору (жалпы уз. 15,8 км) Копенгагенди Мальме ш. (Швеция) менен байланыштырып, Скандинавия өлкөлөрүнөн Германияга жол ачат. Швеция, Новергия, Германия менен паром аркылуу да катташат. Сыртка ташылган жүктүн 75%ке жакыны деңиз, 17%тейи автомобиль, 8%ке жакыны темир жолуна туура келет. Автомобиль жолунун уз. 72 257 км, анын 1032 кми жогорку ылдамдыктагы автомагистраль (2005). Темир жолунун уз. 2644 км (анын /4ине жакыны электрлештирилген; 2005). Сырткы жүктөр дүн 75%ке жакыны, ички жүктөрдүн 1/5ге жакыны деңиз флоту менен ташылат. 118 порт жана терминал иш тейт. 28 аэропорт бар; эл аралык ири аэропорттору: Каструп (Копенгагенде), Биллуни, Орхус, Оденсе.
Д-га дүйнөлүк экспорттун 1,1% жана импорттун 0,9% таандык. Экспортунда маанилүү орунду машина куруу (энергетика, тамак-аш ө. ж., телекоммуникация жабдуулары жана башка.), хим. жана фармацевтика ө. ж. продукциялары ээлейт, азык-түлүк (эт жана сүт продуктулары, балык, дан) жана башка. чыгарып, сырттан ө. ж. жабдуу ларын, автомобиль, компьютер техникасын, офис жабдууларын, ө. ж. үчүн сырьё жана чала фабрикат, химикат, малга тоют жана башка. алат. Негизги соода ше риктери: Германия (экс порттун 17,3%, импорттун 20,7%), Швеция (13,3 жана 13,7%), Улуу Британия (9 жана 6%), Ошондой эле, Нидерландия (5,2 жана 6,6%), Норвегия (5,3 жана 4,5%), АКШ (6,5 жана 2,8%) жана башка. Кытай менен соода-сатыгы тез темпте өнүгүүдө.
Маданияты. Д-нын маданиятында жерг. элдик салттар жана Европа мамлекеттеринин таасири таасын байкалат. Өлкөнүн калкы дээрлик сабаттуу. Милдеттүү 9 жылдык билим берилет, балдар жалпы билим берүүчү мектептерде окушат. Кесиптик-тех. билим берүү мекемелери иштейт. Жогорку билим берүү системасына ун-ттер, экономика, башкаруу жана чет тилдер жогорку мектептери, фармацевтика, китепкана, педагогикалык жана стоматол. коллеждери, техникалык ин-ттар кирет. Ири ЖОЖдору: Копенгагендеги Королдук иск-во академиясы, мындан тышкары Копенгаген, Ольбор, Орхус, Оденсе, Роскиллде ун-ттер, Королдук ветеринария жана а.ч. ун-ти, Дания жогорку тех. мектеби, Дания инж. академиясы бар.
Д-нын алгачкы адабий эстеликтери 12-к-да латын тилинде пайда болгон. 16-к-да улуттук тилдин өнүгүүсүнө Библияны дан тилине которгон (1550) К. Педерсон зор салым кошкон. 18-к-да Д-да агартуучулук идеялар тарайт. Ошол доорго таандык көрүнүктүү философ, драматург, сатирик Л. Хольберг улуттук дания театрын негиздөөчү катары, Ошондой эле Й. Х. Вессель, Й. Эвальд сыяктуу акын жана драматургдардын реалисттик чыгармалары кеңири белгилүү. 19-к-да адабий романтизмдин өкүлү А. Эленшлегердин чыгармалары адамдын мүмкүнчүлүктөрүнө карата ишеним менен оптимисттик маанайда жаралган. Дания романтизминин классикалык доорунун көрүнүктүү өкүлү – Х. К. Андерсен жомокту универсалдуу, көп түрлүү акын-жазуучулардын мазмундуу, филос. жана диний-нравалык идеяларга жык толгон жанрга айланткан. С. Кьеркегор, Й. В. Йенсен, Х. К. Браннер, И. Кристенсен, П. Хойхольт жана башка. чыгармаларында элдин турмушундагы түрдүү окуялар чагылдырылат. С. Бёдкер, Б. Реутердин балдар үчүн жазылган чыгармалары Д-да, Ошондой эле чет өлкөлөрдө кеңири белгилүү.
Аймактагы маданий эстеликтердин калдыгы биздин заманга чейин. 8-миң жылдыкка таандык. 10–14-к-да роман, готика стилинде чиркөө, сепил, аскердик-инж. курулуштар салынган. 16–17-к-да шаар куруу өрчүгөн. 1754-ж. Копенгагенде Көр көм академиянын уюшулушу улуттук көр көм классицизмдин калыптанышына шарт түз гөн. Анын Б. Торвальдсен, Н. А. Абильгор, К. Ф. Харсдорф, К. Ф. Хансен сындуу өкүлдөрү кеңири белгилүү.
Сүрөт өнөрүнүн эстеликтери таш дооруна таан дык. Алгачкы миниатюралар 11–12-к-да пайда болгон. Классицизмдин көрүнүктүү өкүлдөрү (Б. Торвальдсен, Е. Юль жана башка.) чыгармаларын барокко, рококконун таасиринде жараткан. Скаген кыш-нда сүрөтчүлөрдүн колониясы негизделип, анын мүчөлөрү жарык жана абанын таасирин изилдешкен, андагы П. С. Крёйер, В. Йохансен, Т. Э. Филипсен, жубайлар А. К. жана М. П. Анкерлердин чыгармалары живопись жана лиризми менен айырмаланат. Сүрөт өнөрүндө импрессионизмден абстракционизмге чейинки ар түрдүү багыт өкүм сүргөнү менен негизги орун реализмге таандык. Анын өкүлдөрү – Х. Бидструп, О. Руде жана башка. 21-к-дын башында түрдүү жанрдагы сүрөтчүлөрдүн башын коштурган Копенгагендеги Опера жаңы имараты (2004, арх. Х. Ларсен, сүрөтчүлөрү: О. Элиассон, Т. Розенцвейг, Э. А. Франдсен, С. Торнборг жана башка.) курулган.
Улуттук музыкасы 12-к-га чейин элдик чыгармалар (баатырдык, эпикалык) менен гана чектелген. Профессионалдык музыканын алгачкы үлгүлөрү 15–16-к-да пайда болгон. М. Педерсон, Х. Нильсен жана башка. тунгуч профессионал композиторлор чыгармаларын венеция мектебинин таасиринде жазган. Д. музыкасы 17-к-да италиялыктар менен француздардын, 18-к-да немис композиторлорунун таасиринде жазылган. Улуттук стилде жазылган алгачкы чыгармалар – Кунцендин «Холгер Данске» (1789) жана Шульцтун «Эгин майрамы» (1790). 1867-ж. Копенгагенде негизделген консерватория жана Муз. бирикме (1836) муз. мад-ттын очогуна айланган. Борбор калаада жыл сайын эл аралык жаз фестивалы өткөрүлүп турат.
Д-да театр өнөрү 16-к-да калыптана баштаган. 19-к-дын биринчи жарымында Р. Монтегью шаардык жаңы театрды жетектеп, алгачкы ирет оригиналдуу пьесалар коюла баштаган. 1748-ж. Копенгагенде театр ачылып, 1770-жылдан Королдук дания театры деп аталган. Анын репертуарында Вольтер, Мольер, П. О. Бомарше, Р. Ше ридандын чыгармалары болгон. Улуттук ак тёрдук өнөргө негиз салгандар: Г. Лоннеман, М. У. Хортулат, Н. Клемантин, К. Вальтер, М. Росинг жана башка. Учурда актёрлорду Копенгагендеги драмалык иск-во мамл. мектеби (1886–1967-ж. Королдук театрдын алдында иштеген) даярдап чыгарат. Д. Королдук театры өл көдөгү ири чыгармачыл жамаат катары белгилүү. Анда драма, балет жана опера труппалары бар.
Балет өнөрү 17-к-дан баштап өнүгө баштаган. 20–21-к-дын башталышында: А. Ларкесен, Л. Еппесен, Й. Элиасен, Й. Кобборг, Г. Боесон, К. Кавалло, Т. Лунн жана башка. артисттер Д. улуттук балетин өнүктүрүүгө зор салымдарын ко шушкан.
Копенгагенде алгачкы фильм 1896-ж. көрсө түл гөн. 1903-ж. сүрөтчү П. Эльфельт кыска метраждуу фильмин көрүүчүлөргө тартуулаган. 20-к-дын башында Европа өлкөлөрүнүн ичинде Д. кинематография тармагында көрүнүктүү орунду ээлеген. Үнсүз кино доору негизинен О. Ольсендин ысмы менен байланыштуу. Ал 1906-ж. «Nordisk Аilm» кинокомпаниясын уюштуруучулардын бири болгон. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында негизинен сентименталдуу драмалар («Мекен үчүн», «Акыр заман», «Асман кемеси» жана башка.) коюлган. 1920-ж. Р. С. Петерсон алгачкы анимациялык «Үч адам» аттуу фильмин тарткан. Немис фашисттик оккупация мезгилинде көбүнчө комедиялар экрандаштырылган. Ошону менен катар эле олуттуу фильмдер, мис., С. Метлингдин (1940) «Жайдын кубанычтары», 1943-ж. дания кинематографиясынын белгилүү режиссёру К. Т. Дрейердин «Каардануу күнү» сыяктуу мыкты фильмдердин бири катары эсептелген кинолор да жаралган. Со гуштан кийин «Көрүнбөгөн армия» (1945, реж. И. Якобсен), «Дитте – адам баласы» (режана башка. Хен нинг-Енсен; 1946-ж. Венецияда өткөн кинофестивалдын байгесин алган) жана башка. фильмдер тартылган. 70-жылдары Д-да кино тармагын мамлекет тарабынан колдоо ж-дө мыйзам кабыл алынган соң бир кыйла өнүгө баштаган. Мис., Б. Ав густтун «Пеле-баскынчы» (1987, Канныдагы эл аралык фестивалда баш байгеге, «Оскар» сыйлыгына татыктуу болгон), Г. Акселдин «Бабеттанын тою» (1987, «Оскар» сыйлыгы), Т. Винтербергдин «Кымбаттуу Венди» (2005) жана башка. Копенгагенде 1940-ж. Д. киномузейи, 1972-ж. Д. киноинституту ачылган.
Ад.: О’ Делл Э. Скандинавия. М., 1962; Серебряный Л. Р. Физическая география и четвертичная геология Дании. М., 1967; Петренко И. М. Сельское хозяйство Дании. Краснодар, 2004; Коваленко В. П. Промыш ленное производство молока и свинины в Дании. Краснодар, 2005.
Дания тили, д а н т и л и – Даниянын расмий тили. 16–19-к-да Д. т. Норвегиянын да расмий тили болгон. Ал герман тобундагы тилдердин сканди навия (түн. герман) топчосуна кирет. Д. т-нин тарыхы үч мезгилди камтыйт: жал пы скандинавиялык түпкү тил (3–9-к.), байыркы Д. т. (9–16-к.), жаңы Д. т. (16–20-к.). Жаңы Д. т-не азыркы (20–21-к.) Д. т. кошулуп кетет. Д. т. ютланддык (түн.-чыгыш, түш.-батыш), аралык (зеландиялык, фюндук жана башка.), чыгыш даниялык (борнхольмдук, скондук жана башка.) деп үч топко бө лүнөт. Адабий тили зеландия диалектисинде ка лып танган. Граммат. жана сөздүк курамы боюнча түн. норвег тилине жакын. Д. т-нин жазуусу латын графикасы боюнча түзүлгөн.
 
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дания" булагынан алынды