"Дени Дидро" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

түзөтүү корутундусу жок
м (Bot: Migrating 73 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q448 (translate me))
No edit summary
[[Файл: Louis-Michel van Loo 001.jpg|300px|thumb|right|Дидро, Дени]]
'''Дени Дидро''' (1713—1784) — ири француз философу, [[жазуучу]], энциклопедисттердин башчысы. <br />
== Кыскача өмүр баяны ==
Лангре шаарында туулган, атасы кол өнөрчү болгон, уулун диний маанайда тарбиялап, аны дин кызматчысы болсо деп ойлогон. [[Париж|Париждеги]] коллежди бүтүп, ал жерде дин кызматчысынын карьерасынан баш тартып, өзүн адабий ишмердикке жана илимди иликтеп-үйрөнүүгө арноону чечет. 1746-жылы «Философиялык ойлор», 1747-жылы — «Скептиктин сейилдөөсү», 1749-жылы «Көздүүлөргө осуят болсун деп сокурлар жөнүндө жазылган кат» деген чыгармаларын жазган. Коркунучтуу материалисттик ойлорду тараткандыгы үчүн Венсен сепилине камалат. Түрмөдөн чыккандан кийин «Илимдердин, искусствонун жана кол өнөрчүлүктүн энциклопедиясын» түзүүгө киришет, бул билимдердин баардык тармактардагы жетишкендиктерин ырааттуу түрдө баяндаган китеп болууга тийиш эле. Дидро буга 20 жылдык өмүрүн арнаган. «Энциклопедияга» Вольтер, Монтескье, Кондильяк, Гольбах жана башка ошол мезгилдеги прогрессивдүү ойчулдар катышат. <br />
== Чыгармалары ==
Энциклопедиядан башка да Дидро бир катар төмөнкү философиялык жана көркөм чыгармаларды жазат: «Жаратылышты түшүндүрүү жөнүндөгү ойлор» (1754), «Д'Аламбердин Дидро менен болгон маеги», «Д'Аламбердин түшү» (1769), «Кечил аял» (1760), «Рамонун жээни» (1762—79), «Жак — фаталист жана анын кожоюну» (1773). 1773-жылы атактуу философ Екатерина Пнин чакыруусу боюнча Россияга келет. Узак мезгилдер бою ал дээрлик күн сайын эки саат Екатерина II менен аңгемелешип турат, аңгемелешүү убагында аны социалдык-экономикалык кайра куруулардын зарылдыгына ынандырууга аракеттенет. Екатерина II Дидронун айткандарынын баарына макул болсо да, олуттуу реформа жүргүзүүгө батынган эмес. Өзүнүн аңгемелешүүлөрүн Дидро «Запискаларында...» чагылдырат. Өмүрүнүн акыркы жылдарын «Физиологиянын элементтери», «Сенеканын өмүрү» (1778), «Клавдийдин жана Нерондун падышачылыгы жөнүндө тажрыйба» (1782) деген эмгектерин жазууга арнайт. Өлөр алдында ал өзүнүн атеисттик көз караштарынан баш тарткан эмес, анын акыркы сөзү төмөнкүдөй болгон: «Динге ишенбөө — философияга карай жасалган биринчи кадам».<br />