Фома Аквинский: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
2-сап:
'''Аквинский, Фома''' (1225—1274) — схоластикалык философиянын гүлдөп турган мезгилиндеги эң көрүнүктүү өкүлү болгон.
== Кыскача өмүр баяны ==
[[Image:Tommaso - Super libros de generatione et corruptione - 4733257 00007.tif|thumb|''Super libros de generatione et corruptione'']]
Ал Неаполго жакын жердеги Рокасека сепилинде туулган, граф Аквинскийдин жетинчи уулу болгон. Неополитан университетинде окуп, ал жерде [[Аристотель|Аристотелди]] жана жети эркин искусствону — логиканы, риториканы, арифметиканы, геометрияны, грамматиканы, музыканы, астрономияны окуп-үйрөнөт. 19 жашында доминикан орденине мүчө болуп кирет, буга бенедиктиндик монах болот деп үмүттөнүп жүрүшкөн үй-бүлөсү нааразы болушат. Туугандарынын жектөөсүнөн куткаруу үчүн доминикандыктар аны [[Париж|Парижге]] жөнөтүп жиберишет, бирок жолдо ал өз бир туугандары тарабынан кармалып, бир жылдан ашык убакыт үйүндө туруп калат. Бирок ал доминикандыктарга өзүнүн берилгендигинен кайтпай койгондуктан акыры түбү ага доминикандыктарга кайта барууга жана формалдуу түрдө сабактарды кайра баштоого уруксат берилет. 1252-жылы ал лекция окуп, профессорлук наам алуу үчүн Париж университетине келет да, бул наамга 30 жаш курагында жетишет. 1259-жылы Италияга кайтып келип, ар түрдүү мектептерде сабак берет, ал эми 1269-жылы Парижге кайтып келет да, төрт жыл өткөндөн кийин ден соолугунун начарлыгына байланыштуу сабак берүүдөн баш тартат. Ал 1274-жылы 7-мартта Лионго жөнөп баратканда Фосановага жакын жердеги Цистерциан монастырында жүрөк оорусу кармап, каза болот. Аны «периште доктор» деп аташкан.<br />