Сын атооч: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Сын атооч |
No edit summary |
||
1-сап:
Сын атооч сүйлөм ичинде көбүнчө баяндоочтук, аныктоочтук, бышыктоочтук милдетти аткарат:
▲Заттын өңүн, түсүн, сынын, сапатын, даамын, формасын ж.б. көрсөтүп, кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берген сөздөр сын атооч деп аталат. М и с а л ы: кызыл, сары, жашыл, таттуу, ачуу, тоголок, жумшак ж.б.
==Сапаттык жана катыштык сын==
▲Сын атооч сүйлөм ичинде көбүнчө баяндоочтук, аныктоочтук, бышыктоочтук милдетти аткарат: М и с а л ы:Акылдуунун сөзү кыска (кыска — баяндооч). Жакшы адамдын белгиси эл камы үчүн жүгүрөт, жаман адам белгиси өз камы үчүн күйүнөт (жакшы, жаман - аныктооч). Бали, азаматтар, жакшы иштедиңер (жакшы -бышыктооч).
Заттардын сын-сыпаты, өңү-түсү, даамы, формасы, мүнөзү, сапаты сыяктуу белгилерин түздөн-түз көрсөткөн сын атоочтор сапаттык сын деп аталат.
Башка бир зат менен болгон байланышына, кандайдыр бир катышына карай заттын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүчү сын атоочтор катыштык сын деп аталат.
==Сын атоочтун даражалары==
Кыргыз тилинде сын атоочтун төрт даражасы бар: жай, салыштырма, күчөтмө жана басаңдатма даража.
Заттын белгисин кандай нормада экендигин билгизип, атайын мүчөлөрдүн жардамысыз, уңгу түрүндөгү сапаттык сын атоочтор аркылуу жасалат: кызыл, сары, ак, көк, кара, жашыл, ачуу, кен, сүйрү
'''Салыштырма даража'''
▲Заттын белгисин кандай нормада экендигин билгизип, атайын мүчөлөрдүн жардамысыз, уңгу түрүндөгү сапаттык сын атоочтор аркылуу жасалат: кызыл, сары, ак, көк, кара, жашыл, ачуу, кен, сүйрү ж.б.
Заттагы бир эле белги экинчи заттын белгиси менен салыштырылат. Салыштырууну чыгыш жөндөмөсүнүн -дан жана -ыраак мүчөсү уюштурат. Бал канттан пайдалуу. Замира Берметтен кичине. Москва көп шаарлардан кооз (коозураак).
'''Күчөтмө даража'''
▲Күчөтмө даража
Заттардын сын-сыпатын күчөтүп, өтө жогору же өтө төмөн экендигин көрсөтөт да, төмөнкү жолдор менен жасалат.
* а) эң, өтө, абдан, чымкый, чылк деген ж. б. күчөткүч бөлүкчөлөрдүн жардамы менен жасалат: эң чоң, өтө күчтүү, абдан жакшы, чымкый кызыл.
* б) сын атоочтун толук кайталанып же кыскарып айтылышы аркылуу жасалат: кыпкызыл, упузун, капкара, сапсары, бийик- бийик тоолор, кооз-кооз үйлөр, сонун-сонункөчөлөр ж.б.
* в) затташкан сын атоочтор күчтөмө даражаны уюштурат: мыктынын мыктысы, сулуунун сулуу су
==Басаңдатма даража==
Заттагы белгинин нормалдуу белгиге жете бербегендигин же анын басандатылып айтылышын билдирет, төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:
* -ыш - агыш, көгүш
* -гыл - киргил, чаңгыл
* -ылжым, -ылжын - көгүлжүм, көгүлжүн
* -гыч - саргыч
* -гылт - кызгылт
* -гылтым - кызгылтым ж.б.
==Сын атоочтун жасалышы==
Сын атоочтор төмөндөгүдөй мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:
Зат атоочтон сын атооч жасоочу мүчөлөр:
*-луу – токойлуу жер, суулуу өзөн, малдуу адам
*-дай - тоодой толкун, алтындай сары, анардай кызыл
*-сыз - ботосуз төө, суусуз жер, айсыз түн
*-гы (-кы) - жазгы суу кышкы тоо, жайкы ысык
*-чул - суучул киши, жаанчыл ай, кишичил буура
*-лык - шаардык адам, айылдык жер, жылдык түшүм
*-чан - атчан адам, тончон бала, кийимчен киши
*-мер - ишмер кызматчы, сөздөр чал
*-дак - кумдак жер, таштак өрөөн, сыздак жер
*-кор - малкор адам, чайкор кемпир, дүнүйөкор бай
*-ий –илимий иш, тарыхый оку я, диний көз караш
Этиштен сын атооч жасоочу мүчөлөр:
*-гыр - алгыр куш, өткүр бычак
*-гыч –аткыч киши, илгич мышык, жазгыч акын
*-гак - соргок кузгун, тайгак жол
*-аак - ыйлаак бала, тердээк ат
*-ык - жыртык кемсел, кетик тиш, тунук суу
*-чаак - таарынчаак бала,
*-аанак - кабаанак ит, сүзөөнөк уй, качаанакат
*-калаң – шашкалаң киши, каткалаң үнсүз
*-ыңкы – көтөрүңкү кабак, басыңкы маанай
*-ма - жайма базар, өрмө жүгөн
*-ыш - тааныш адам, окшош буюм
*-ынды - уланды мүчө, туунду сөз
*-ын - агын суу, саануй
*-арман - чабарман жигит, күйөрман киши ж.б.
==Сын атоочтун синтаксистик жол менен жасалышы==
Сын атоочтор сөз менен сөздүн айкалышы аркылуу синтаксистик жол менен жасалат. М и с а л ы: улуу-кичүү, узун-кыска, ачуу-таттуу, майда-чүйдө, ак саргыл, кара тору, кызыл ала, кара көк, мала кызыл, кара кочкулж.б.
==Сын атоочтун заттык мааниде колдонулушу==
Сын атооч менен бирге айтылуучу аныкталгыч сөз түшүп калып, сын атооч зат атоочтук мааниде колдонулат:жакшы (адам) эл камын ойлойт, жаман (адам) өз камын ойлойт. Күлүк (ат) чапкан сайын арбытат. Жаманга айткан кайран сөз. Жакшыны жакшы билер
==Сын атоочтун синтаксистик кызматы==
▲Сын атооч менен бирге айтылуучу аныкталгыч сөз түшүп калып, сын атооч зат атоочтук мааниде колдонулат:жакшы (адам) эл камын ойлойт, жаман (адам) өз камын ойлойт. Күлүк (ат) чапкан сайын арбытат. Жаманга айткан кайран сөз. Жакшыны жакшы билер ж.б.
Затташып ээлик милдетти: кызылы тандалып алынды. Жакшыны жакшы билер.
Баяндоочтук: Бүтүн жер жүзү - аппак, кооз жана эң сулуу.
Аныктоочтук: Кадырлуу адамдар келишти. Ал мага жаңы кубат, жаңы күч берди.
Бышыктоочтук: Ысмайыл ырайымсыз көрүндү. Унү жагымдуу угулду
[[Категория:Кыргыз тили]]
[[Категория:Билим берүү]]
[[Категория:Педагогика]]
|