Ыйман: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "{{Ислам}}"
 
No edit summary
1-сап:
{{Ислам}}
 
== Ыйман сөздүк маанисинде ==
 
Ыйман сөздүк маанисинде (إيمان) иймаан деген – ишенүү – дегенди билдирет. Бир уңгудан чыккан сөздөр (أمن) “амн” аманатчылык, бейкуттук; (أمين) “амиин” чынчыл, ишенүүгө татыктуу адам; (أمانة) “амаана” аманат. Демек “Ыйман” деген сөздүн мааниси ишенүү, аманчылыкта болуу дегенди камтыйт.
 
== Шариаттагы терминдик маанисинде ==
 
Ыйман деп – тил менен айтуу, жүрөк менен бекем ишенүү, дене мүчөлөрү менен амал кылуу.
 
Ыймандын жетимиштен ашык бутагы бар. Алардын эң жогоркусу - «Ла илаха иллаЛлах» сөзүн айтуу, эң төмөнкүсү - жолдон адамдарга зыян тийгизүүчү нерселерди алып таштоо, ошондой эле уялуу да – ыймандын бир бутагы.
 
== Ыймандын алты түркүгү ==
 
1) Аллахка ыйман келтирүү;
2) Периштелерине ыйман келтирүү;
3) Китептерине ыйман келтирүү;
4) Элчилерине ыйман келтирүү;
5) Акырет күнүнө ыйман келтирүү;
6) Тагдырга, анын жакшылыгы менен жамандыгына ыйман келтирүү.
 
Ушул алты түркүккө далил - Аллах Тааланын сөздөрү:
 
«Жакшылык бир гана жүздөрүңөрдү чыгыш менен батышка каратууңарда эмес, бирок (нагыз) жакшылык – ким Аллахка, Акырет күнүнө, периштелерге, китепке жана пайгамбарларга ыйман келтирсе...» (Куран, Бакара 2:177)
 
Тагдырга ыйман келтирүүнүн далили - Аллах Тааланын сөздөрү: «Ырасында, биз ар бир нерсени тагдыр (өлчөм) менен жараттык» (Куран, Камар 54:49)
 
Сүннөттөн далил болсо Жебреилдин узун белгилүү хадисинде келтерилген.
 
 
== Ыйман өсөт жана азаят ==
 
Ыйман жакшы, сооп иштерди кылуу менен күчөёт, жаман, күнөө иштерди кылуу менен азаят.
 
Ыймандын осушуно далил Аллахтын бул сөздөрү: “Чынында, ыймандуу адамдарга Аллаhты эскертилгенде, жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыймандарын көбөйтөт. Жана алар Раббисине гана тобокел кылышат.” (Куран, Анфаль 8:2)
Ыймандын өсүшү жана азайышынын далилдерин бул макаладан кененирээк окуй аласыз.
 
== Ыйман менен Исламдын айырмасы ==
 
Дининин мартабаларына келсек алгач адам Исламды кабыл кылат, кийин ыйманы күчөгөндө экинчи мартабасы Ыйманга келет, анан гана үчүнчүсү Ихсан даражасына чыгат.
 
Эгер Ислам-Ыйман эгер экөө бир айтылса - Ислам деп көбүнчө мусулман адамдын дене мүчөлөрү менен аткарчу сырткы амалдарды айтабыз (намаз, орозо, зекет, ажылык); ал эми ыйман деп жүрөк менен ичтен аткарылчу амалдарды айтабыз (Аллахка, Акыретке, Анын периштелерин ж.б. ишенүү).
 
Эгер экөө эки бөлөк айтылса анда Ислам менен Ыймандын мааниси чогу түшүнүлөт.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ыйман" булагынан алынды