Аскетизм: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 45 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q179807 (translate me) |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Аскетизм''' (гр. asкetes - көнүгүү) - өз эрки м-н күнүмдүк турмуш жыргалчылыктарынан баш тартуу же ашкере чектөө м-н такыба жашоо. Аскетизм термини алгач атлеттердин спорттук көнүгүүлөрүн билдирсе, кийинчерээк бир катар [[диний]] ж-а [[Философия|философиялык]] агымдардын [[Концепция|концепцияларынын]] негизи болуп, ар кандай түрдө кездешет: тамак-ашты чектөө ([[орозо]], пост ж. б.), [[үй-бүлө]] куруудан баш тартуу, так өтүү, целибат, жакырчылык, дербишчилик, өз денесине залал келтирүү ж. б. Алгачкы коомдо эле табияттан тышкары күчтөр, арбактар м-н байланыш түзүү үчүн [[Бакшы|бакшылар]] тамак-аш, уйкудан ж. б. өздөрүн чектеп даярдык көргөн. Аскетизм айрым философиялык мектептерге (мисалы, [[киниктер]]) ж-а [[Дин|диндерге]] ([[христианчылык]], индуизм ж-а [[ислам]]) мүнөздүү. Муктаждыктардан бошонууга, [[экстаз]] абалында «табигаттан тышкары жөндөмдүүлүккө» жетишүү ([[йога]]), Христос чеккен «азапка» ортоктош болуу сыяктуу ар кандай аракеттер аскетизмдин тышкы ж-а түпкү максаты болушу мүмкүн. Аскетизмдин олуттуу жүйөлөрүнүн бири катары (бай төбөлдөр үчүн) коомдук артыкчылыктардан пайдалануудан өз ыктыяры м-н баш тартуу эсептелет.
[[Категория:Философия]]
|