Асунсьон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Асунсьон''' - [[Парагвай]] Республикасынын борбор шаары. Борбордук округ өзүнчө административдик бирдикти түзөт. Калкы 508,8 миң ([[Агломерация|агломерациясы]] м-н 1,5 млн, 2005). Парагвай дарыясындагы ири порт (ал аркылуу экспорттун 3/4, импорттун 9/10 өтөт). Суу жолу м-н [[Буэнос-Айрес]] ж-а [[Монтевидео]] шаары м-н байланышат. Жолдор тоому. Acyнcьондон трансулуттук автомобиль жолдору - [[Боливия|Боливияга]] (түндүк-батышка карай), [[Аргентина|Аргентинага]] (түштүккө), [[Бразилия|Бразилияга]] (чыгышка) тарайт; Парагвайдагы темир жолдун баштапкы пункту. Эл аралык аэропорту бар. 1537-ж. испан конкистадорлору тарабынан индейлер отурукташкан жерде негизделген. Архитектура эстеликтери: кафедра собору (1842-50), ратуша (1604), 17-кылымдагы турак жайлар ж. б. Опера театры (1860, учурда Конгресс сарайы), Улуттук клуб (1860-ж. ченде), Каса-Лопес (кийинчерээк өкмөт үйү), Эне Кудай Асунсьон сыйынуу жайы (1854; учурда Улуттук пантеон) курулган. Парагвай (1927), Гуарани тили ж-а маданияты (1975), Парагвай тарыхы, саясий ж-а социалдык илимдер академиялары, Асунсьон улуттук (1889), Католик (1960) университтери, Улуттук китепкана ж-а архив (1869), Улуттук асем өнөр (1887), карапа ж-а асем искусство (1938), [[Этнография|этнографиялык]] музейлери (1929) ж. б. бар. Acyнcьон - өлкөнүн башкы экономикалык (а. и. өнөр жай, финансы) борбору. Өнөр жайынын башкы тармактары: тамак-аш (эт, ун, тартуу, кант, суумай, тоң май, тамеки, парагвай мате чайын өндүрүү), жеңил (пахта тазалоо, кебез-кездеме, булгаары-бут кийим), нефть ажыратуу (Сан-Лоренсо), токой (а. и. ийлөө заттары), кеме куруу ж-а курулуш материалдар өндүрүшү. Тейлөө чөйрөсү өнүккөн.
Асунсьон - [[Парагвай]]дын [[башкалаа]]сы.
 
{{stub}}
==Колдонулган адабияттар==
{{no iwiki}}
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
 
 
[[Категория:Шаарлар]]
[[Категория:Америка]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Асунсьон" булагынан алынды