Атлантика океаны: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Атлантика океаны''' - (байыркы грек мифологиясында асманды желкесине көтөрүп турган титан-алп - Атлантка карата коюлган) - чоңдугу жагынан жер жүзүндөгү (Тынч океандан кийин) 2-океан. Чыгышынан [[Европа]] ж-а [[Африка]], батышынан Түндүк ж-а Түштүк Америка, Түштүгүнөн Антарктика м-н чектешет. Аянты деңиздери м-н кошо (аралдарды кошпогондо) 91,6 млн км<sup>2</sup>, орточо тереңдиги 3600 м, эң терең жери 8742 м (Пуэрто-Рико кобулу), суусунун көлөмү 329,7 млн км<sup>3</sup>.
==Жээктери==
Түндүк жарым шарда жээктери өтө булуң-буйткалуу. Мында Атлантика океанынын бардык деңиздери (Балтика, Түндүк, Жер Ортолук, Кара, Кариб ж. б.) ж-а ири булуңдары (Бискайя, Гвинея ж. б.) жайгашкан. Атлантика океанынын маанилүү өзгөчөлүгү - Жер Ортолук деңиздердин (батышында Мексика булуңу м-н Кариб деңизи, чыгышында Жер-Ортолук деңиз) кургактыкка миңдеген км кирип турушунда. Түштүк жарым шардагы жээктеринде булуң-буйтка (деңиздери: Уэдделл, Скотия, Лазарев) аз.