Балбай баатыр Эшкожо уулу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
3-сап:
==Кыскача өмүр таржымакалы ==
 
'''Балбай баатыр''' [1813, Ысыккөл өрөөнү -1867, Верный, сөөгү Сарыбулак (азыркы Балбай) айылына коюлган] бугу уруусунун белек уругундагы токой бутагынан чыккан беделдүү манап. Эл арасында айтылган маалыматтар б-ча Б. эр жеткенден заманына ылайык, казактардын улуу жузунун жана коңшу кыргыз урууларынын жылкыларын тийип алууда жеке билек күчүнүн аркасы менен
Он тогузунчу кылымдагы кыргыздын мыкты чыкма уулдарынын бири Балбай баатыр Эшкожо уулу болгон.
өзгөчөлөнүп, баатыр аталган. Ормон хандын заманында, анын уруулар арасында мал уурдоого, жылкы тийүүгө тыюу салган мыйзамдарын бузуп, саяк уруусунан жылкы тийип алгандыгы үчүн, Ормон хан тарабынан алты ай орго салынып жазаланат. 1855-ж. жазында бугу уруусу [[Ормон хан|Ормон]] хандын бийлигинен баш тартып, Боромбай менен бирдикте 1855-ж. Омскиде [[Россия|Россиянын]] букаралыгына өтүү жөнүндө бугу уруусунун атынан ант кармаган. Ошол мезгилден тартып, бугу менен сарыбагыш урууларынын ортосунда чыр-чатак күч алып, андагы чабыштардын биринде Ормон ханды Балбай катуу жарадар кылып, ал ошондон каза тапкан. Ормон хандын өлүмүнөн кийин эки уруунун чабышы, уруулук [[согуш|согушка]] айланып, 1855-жылдан 1860-жылга чейин созулган. Бул уруулук согушта Балбайдын кадырбаркы көтөрүлүп, бугу уруусунун саясий турмушуна жигердүү аралашкан төбөлдөрдүн бирине айланган. Бугу уруусунун башкы манабы Боромбай Меңмурат уулу каза болгондон кийин (1858), орус өкмөтү тарабынан киргизилген «ага манаптык» бийлик үчүн талашта башында Качыбек Шераалы уулу турган Шапак, меңмурат уулдары бир тарап, аларга каршы башында Мурааталы Бирназар уулу, Тилекмат Жылкыайдар уулу турган бирназар уулдары экинчи тарапты түзүп, белек уругунун манаптарынын арасында күрөш курч мүнөздө өткөн. Балбай шапак, меңмурат уулдарын колдоп, Бирназар тукумдарынын таламын талашкан салмаке, шыкмамат жана саяк уруктарына каршы куралдуу күч колдонгонго чейин барган. Бул чабышта саяктардан бир киши өлүп, үчөө колго түшөт. Чабыштын аягы [[орус]] бийликтери тарабынан текшерилип, токтотулат. Балбайды «ага манап» болуп шайланган (1860) Качыбек Шераалы уулунун кийлигишүүсү менен орус администрациясы жазадан куткарат. Көп узабай эле Качыбек Шераалынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу (1862) Шапак жана Меңмурат уулдарынын ортосунда бийлик талашуу башталат. Бул жолку күрөштө Балбай жактаган Шапак тукуму жеңилип,1863-ж. Меңмурат тукумунан Сарымбек Сасыке уулу *ага манап» болуп шайланат. Сарымбек манап менен Балбайдын ортосундагы мамиле кескин начарлап, Сарымбек Балбайды орус бийликтерине жамандай баштайт. Балбай баатыр буга жооп иретинде орус-[[кытай]] чегара бөлүү учурунда Кытай мамлекетине өтүп, бугу урууларынын эски конушу Текеске көчүп кетет. Ал жерден орустардын бийлигин тааныгысы келбей Текести жайлап жүрүшкөн казак төбөлдөрү Дурали султан, Саурун жана Сабатар молдолорго кошулат. Балбай баатыр 1864-ж. Чыгыш Түркстандагы кытай бийлигине каршы чыккан дунган-таранчылардын козголоңуна катышкан жана Текестеги калмактарга жортуул уюштуруп, алардын Сүмбөдөгү бутпарастык кечилканасын талкалап, жылкысына тийип, айылдарын талкалаган. 1867-жылдын май айында орус өкмөтүнүн чалгындоо иштерин жетектеген, полковник В. А. Полторацкийдин кошууну Текеске экспедицияга келген. Ал жерден орустардын бийлигине моюн сунбай жүрүшкөн кыргыз-казак айылдары бар экендигин угуп, курчоого алган. Натыйжада, кыргыз казак урууларынын башчылары, анын ичинде Балбай баатыр да каршылык көрсөтүүсүз эле колго түшкөн. Туткундар Верный чебине жеткирилип, камакка алынат. Балбай 1867-жылдын май айынан сентябрга чейин Верный түрмөсүндө жатып, сентябрь айында көз жумган. Туугандары анын сөөгүн бир жылдан кийин Ысыккөл калаасындагы Сарыбулакка (азыркы Балбай айылы) алып келип, жерге биришет. Балбай жөнүндө К. Маликовдун «Балбай» поэмасы (1940) жана Э. Турсуновдун «Балбай» тарыхый романы (1992) жаралган.
Ысык Көлдүн көкүрөгүндө болжол менен 1813-жылы (аны 1797-жылы туулган деп ката айтып жүрүшөт) жарык дүйнөгө келген Балбай Эшкожо уулу бала күнүнөн балбан билек, жаалдуу, чыйрак болгон.
==Колдонулган адабияттар==
 
*« Б Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы редактор Асанов Ү. А. К 97.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
Б. Солтоноевдин [[Ормон хан|Ормон-хан]] өлгөндө Балбайдын 42 жашта болгон деген маалыматынан улам, Балбайдын туулган жылы 1813-жыл деп көрсөтсөк болот.
 
Эл оозунан Балбай жөнүндөгү көптөгөн аңыз-уламыштарды алгачкы жыйноочулар чогултуп башташкан. Алардын катарына 1921-жылы К.Байжан уулунан К.Мифтаков, 1923-жылы Б.
Солтоноев, 1925-жылы Ж. Сарык уулунан О. Мамыркан уулу, 1927-жылы А. Бокобай уулунан К.Карасаев ж.б. жазып калтырган кол жазмаларды атасак болот.
 
Алардын айрымдарында, мисалы Жакшылык Сарык уулунун айтуусунда Балбай 1812-жылы Ысык-Көлдө туулган ( “Балбай. түрлүү ырлар”.- УИА.- КЖФ., инв. №33). Белек
Солтоноев да дал ушул “1812-жылы Балбай туулганда ак челге оролуп түшкөн” деп жазып, анын 1855-жылы 42 жашта болгондугу жөнүндөгү, жогоруда эскерилген элдик ырды кагаз бетине түшүргөн (“Балбай”. -УИА. -КЖФ, инв. №464/1864. -5-б.).
 
Элдик оозеки маалыматтардагы Балбай Эшкожо уулун XIX кылымдын баш чендеринде туулгандыгын көрсөткөн фактылардын архивдик документтер менен туура келиши, санжыралык 1812-1813-жылдар чындыкка жакын деген тыянакка алып келет.
 
Ошондуктан, тарыхый даректердеги кабарларга таянып, Балбай Эшкожо уулун, болжолу, 1813-жылы туулуп, ал 1867-жылы сентябрь айында 54 жаш курагында каза болгондугун тастыктайбыз, дейт тарыхчы Рыскул Жолдошов.
 
Балбай көкөйгө тийген ууру кески, талап-тономойлоруна сес көрсөткөн дымагы менен жаш кезинен баатыр атагын алып, өмүр аягына чейин ошол бийиктигинен төмөн түшкөн эмес. Ошондон улам Балбайдын артында аңыз болгон эрдиктери калган.
 
Өзгөчө, касиеттүү көлдүн кооздугуна сук арткан казак, кытай, орус, кокон бийликтеринин басып алуучулук саясатына каршы журттун тутка кылаар уулдарынын катарында туруп, Көл көкүрөгүндөгү Бугу уруусунун камчы чабарларынын башчысы болгон.
 
Анын намыс талашкан учурлары он тогузунчу кылымдын баш ченинен 1867-жылдарга, тагыраак айтканда, оторчу душман колдуу болуп казасы жеткенге чейин уланган.
 
Баатырдын тарыхый-санжыралык маалыматын иликтеп, китеп жазган жазуучу Эрнис Турсунов кеп салсын:
 
- Балбайдын атасы Эшкожо мергенчи болгон. Эшкожонун атасы Абайдылда баатыр деген болгон. Ал чоң атасы Эсенгул менен замандаш, үзөнгүлөш жүргөн киши. 105 жашында каза тапты деген кабар бар. Абайдылда - Балбайдын чоң атасы. Балбайдын андан кийин Токой баатыр атасы, андан кийин Белек баатыр, түпкү атасы Дөөлөс менен Орозбакта Кылжырдын балдары. Тогуз атадан бери карай тарап кетет. Мунун түпкү теги, чыккан жери Ормондукундай Чынжырлуу манап деп коёт, ошонун тектүү жерден деп айтылат. Эл коргогон, эл үчүн күйгөн үчүн бул баатыр деген аты калып калган, - дейт «Балбай баатыр» китебинин автору Эрнис Турсунов.
 
Тарых каттамында калган маалыматтардын кайсы биринде Балбай баатыр орус оторчуларынын бийлиги көл айланасын колуна алгандан кийин, сес көрсөтүүдөн майнап чыкпасын билип Текес тарапка журт которгон дейт. Балбайдын баатырдык аракеттери тууралуу Эрнис Турсунов мындай дейт:
 
- 16 жашында казактар кол салат. Казактардын Сокбакбай деген, Ыртыштан келген чоң каракчылар болгон. Ошолордун 15 жигити 3 миң чамалуу жылкыны айдап бараткан жерден 25 жигит жолду тосуп, Эген суусунун жээгинде капчыгайдын оозун бууп, келаткан жылкыларды алып калган. Артта кыргыздар бар да. Ошол жерде чоң чабыш болуп, Сокбакбайдын иниси Капкабай деген аркы өйүздөн сууга кирет. Берки өйүздөн Балбай кирип, суунун ичинде кармашып, Балбай желкеге сол колу менен урган экен. Урганда шар сууда агып кеткен экен. Андан кийин Ормон менен дене салгы беттешкен учурда, жар чакырганда Ормондор, эр Жантөрөнүн, Агыбай баатырдын, Абылмейиз баатырдын айрым дөңгүттөрү менен беттешкен экен Балбай. Орустар келгенде чет менен кошо чиркөө салышкан дайыма. Ысыккөлдө Манасты деген жер бар. Ошол жерге 200 чамалуу кыргызды орустар чокундурганга аракет кылышкан. Балбай ошону уккандан кийин атчан жигиттер менен барып, аттын үстүнөн карабараң менен аткан экен. Иконго тийип огу, поп алтарга кире качыптыр. Ошондон өрттөп жиберишкен. Бала чагынан тайга минип өскөн, атка мыктылыгынан жоокердик майдандарда ар кандай амалы болгон ат үстүндө. Ошон үчүн бул жеңишке көп ээ болгон.
 
Ошол мезгилдеги оомал-төкмөл замандын курмандыгы болгон Балбай баатырды орус оторчулары теске көнбөгөн өжөрдүгү, көйкашка аракеттери үчүн жазалап мерт кылган. Сөөгү Ысык-Көл облусунун Түп районундагы азыркы Балбай айылына коюлган.
 
 
==Кыскача адабият==
 
* Кыргыздар. Он томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Учкун, 2004. - Т. 1-10. - ISBN 9967-413-89-1.
 
* Өмүрбектегин Т.Н., Чоротегин Т.К. Түндүк Кыргызстандын Орусияга каратылышы. - Бишкек: "Учкун" концерни, 1992. - 24 бет. - (Кыргызстан Жаш Тарыхчылар Жамааты. "Кыргыз таануучунун китеп текчесине").
 
* Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (XIX к. башы — 1917-ж.): III бөлүк: Орто мектептин 8-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, А.Асанканов. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1998. — 196 б.
 
* Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
 
* Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
 
 
==Интернеттеги шилтемелер==