Азия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[File:Asia satellite plane shaded.jpg|thumb|300px|Азия]]
 
'''Азия (континент)''' — [[Жер|Жер шарындагы]] аянты (43,4 млн км2дей) жана калкынын саны (3,9 млрд чамасында, 2005) боюнча эң чоң дүйнө бөлүгү. Негизинен Чыгыш жарым шарда, Түндүк жарым шардын бардык географиялык алкактарында жайгашкан; Малайя архипелагынын бир аз бөлүгү Түштүк жарым шарга кирип кетет. [[Европа]] менен биригип, [[Евразия]] материгин түзөт. Азия менен Европанын чек-арасы шарттуу түрдө Уралдын чыгыш этеги (же кыры), Эмба (же Урал), Кума, Маныч дарыясынын өрөөндөрү (айрым учурда Чоң Кавказдын кыры), Каспий, Азов, Кара жана Мрамор деңиздери, Босфор жана Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Түндүк чети — Челюскин, түштүгү — Пиай, батышы — Баба, чыгышы Дежнев тумшуктары. Африка менен Суец мойногу аркылуу туташып, Түндүк Америкадан Беринг кысыгы аркылуу бөлүнөт. Түндүгүнөн Түндүк Муз, чыгышынан Тынч, түштүгүнөн Инди океандары жана алардын четки деңиздери менен чулганат. Аралдарынын жалпы аянты 2 млн км2ден ашык (анын ичинде Түндүк Жер, Жаңы Сибирь, Курил, Сахалин, Япон, Тайвань, Филиппин, Малайя арх., Шри-Ланка, Кипр аралдары). Азиянын жээктеринде булуң-буйтка салыштырмалуу аз; ири жарым аралдары: Ямал, Таймыр, Чукча, Камчатка, Корей, Индикытай, Индстан, Араб, Кичи Азия. Азиянын океандан эң алыс жери 2—2,5 миң км. Азиянын жеринин бетинин бийиктиги да өтө контрасттуу. Мында дүйнөнүн эң бийик жери — Жомолунгма чокусу (бийиктиги 8848 м, Гималайда), эң чуңкур жери — Жансыз деңиз (көлдүн бети деңиз деңгээлинен—395 м төмөн), эң терең — Байкал көлү (тереңд. 1620 м) жайгашкан. Суу каптаган ачык жердеги эң чуңкур жер да Азияда; ал Борбордук Азиядагы — Турпан ойдуңу, деңиз деңгээлинен — 154 м төмөн жатат. Дүйнөдөгү эң жаанчыл жер — Индиядагы Шиллонг тоосунда жайгашкан Черапунжи кыштагында; анда жылына орто эсеп менен 13 миң ммден ашык жаан-чачын жаайт (1861-ж. 22 900 мм жааган). Аймагынын 75% ин кырка жана бөксө тоолор ээлейт. Тоолор 2 чоң аймакты (тилкени) пайда кылат. Алардын бирөө Алдыңкы Азия тайпак тоолорунан Индикытайдын кырка тоолоруна жана Малайя архипелагына чейин бүт Азия аркылуу батыштан чыгышка, экинчиси Теңир-Тоодон Түштүк Сибирдин тоолоруна жана андан ары Чукча жарым аралына чейин түштүк-батыштан түндүк-чыгышка созулат. Эң бийик тоолор (бийиктиги 4 миңден 7 миң мге чейин жана андан жогору) Борбордук Азияда жана анын чеги боюнча жайгашкан. Негизги тоо системалары: Гималай (бийиктиги 8848 мге чейин), Гиндукуш (7690 м, Тиричмир), Каракорум (8611 м, Чогори), Куньлунь (7723 м, Улугмузтат), Теңир-Тоо (7439 м, Жеңиш чокусу), Ысар-Алай (5621 м, Матча), Чоң Кавказ (5642 м, Эльбурс), Алтай (4506 м, Белуха), Саян (3491 м, МункуСардык). Ири тайпак тоолору: Памир (7495 м, Коммунизм же Исмаил Самани), Тибет (6000-7000 м), Алдыңкы Азия тайпак тоолору (5165 м, Арарат); бөксө тоолору: Орто Сибирь (1701 м, Путорана), Араб жарым аралдагы бөксө тоолор (3600 м), Декан (2000 мге чейин). Эң ири ойдуңдуу түздүктөр: Батыш Сибирь, Туран, Улуу Кытай, Инд-Ганг, Месопотамия; бийик жайгашкан түздүктөрү (Борбордук Азияда) - Кашкар, Жунгар, Гоби. Камчаткада (4688 м, Ключи сопкасы), Чыгыш Азиянын аралдарында жана Малайя архипелагында (Кракатау жанар тоосу, бийиктиги 813 м) өчө элек жанар тоолор көп. Азиянын азыркы рельефи негизинен төмөнкү процесстердин натыйжасында — байыркы тайпаңдалуу процесстеринен (калдыктары, айрыкча тайпак тоолордун ички бөлүктөрүндө, ошондой эле Индистан, Араб, Сирия, Чыгыш Сибирдин жапыз платолорунда сакталган), жер кыртышынын неоген жана антропоген мезгилдериндеги ири вертикалдык жана горизонталдык кыймылдардан (Памир, Тибет, Гималай тоолору 4000 мден жогору көтөрүлүп, материктин чыгыш чет жакасы тескерисинче чөккөн), көтөрүлгөн тоолордун чет жакаларынын эрозиялык кескин тилмеленүүсүнөн (Памир, Тибет тоолорундагы, Гималай, Куньлунь, Батыш Саян, Черский тоолорун, Становой, Алдыңкы Азия тайпак тоолорун кесип өткөн терең капчыгайлар) жана башкалардан калыптанган жеринин бетинин түзүлүшүнө, ошондой эле Орто жана Борбордук Азияда, айрыкча Хуанхэ дарыясынын алабында кеңири аянтты лёсс тектери каптап жатышы, бедленддин чап), чөлдөрдө эол (шамал) рельефинин, акиташ жана гипстүү аймактарда карст процесстеринин, антропогендеги муз каптоо (Азиянын түндүк-батышында 60° түндүк кеңдиктерден түндүктү карай муздук текши каптаган), азыркы мөңгүлөр (Каракорум, Памир, Теңир-Тоо, Гиндикуш, Гималай ж. б. тоолордогу ири мөңгүлөр), башка материктерге караганда көп жылдык тоңдун кеңири таралышы (47° түндүк кеңдикке чейин), жанар тоолор (жанар тоо конустары, Индистан жана Орто Сибирди каптаган траптар, Камчаткадагы, Филиппин, Чоң жана Кичи Зонд аралдагы аракеттеги жанар тоолор, Алдыңкы Азия тайпак тоолорундагы, Сирия-Араб платосундагы, Кавказ, Монголия, Манжур-Корей тоолорундагы мурдагы жанар тоолор) зор таасирин тийгизген. Азиянын геоструктурасы өтө татаал. Анын аймагы аркылуу субкеңдик багытта Альп-Гималай бүктөлүү алкагынын чыгыш бөлүгү созулуп жатат. Ал чыгышта Монгол-Охота жана Тынч океан бүктөлүү алкактарына кошулат. Бүктөлүү түзүлүштөрүн түштүктөн Араб жана Индистан жарым аралынын платформалык аймактары чектеп турат. Азия кембрийге чейин пайда болгон бир нече ири платформалардан жана алардын аралыктары боюнча созулуп жаткан ири бүктөлүү облустарынан турат. Азияда Сибирь (чеги Орто Сибирь бөксө тоосуна туура келет), Кытай-Корей (Улуу Кытай түздүгүн, Корей жарым аралын камтыйт), Түштүк Кытай (Янцзы дарыясынын төмөнкү агымынын алабы), Инди (Индистан жарым аралынын басымдуу бөлүгүн жана Шри-Ланканы камтыйт), Араб (Араб жарым аралынын басымдуу бөлүгү) платформалары жайгашкан. Платформалар Азиянын аймагын тегерегине бириктирип турган байыркы ядро болуп саналат; алар протерозойдун аягынан бүктөлүүгө дуушарланбай, салыштырмалуу тынч абалда болот. Платформаларды жалпы бириктирип турган геосинклиналдык облустарды байкал, каледон, герцин, мезозой, кайназой бүктөлүүлөрү түзөт. Байкал бүктөлүүсүнө (протерозойдун аягы-кембрийдин башталышында болгон) Енисей токол тоосу, Чыгыш Саян, Байкал бою, Забайкалье тоолору, Араб жарым аралынын айрым жерлери, каледон бүктөлүүсүнө (кембрий, ордовик, силур) - Борбордук Казакстандын батыш бөлүгү, Батыш Саян, Тоолуу Алтай, Монгол Алтайы, Түштүк-Чыгыш Кытай, Түндүк Теңир-Тоо, герцин бүктөлүүсүнө (девон, карбон, пермь) – Теңир-Тоонун негизги бөлүгү, Куньлунь, Наньшань, Түштүк Алтай, Борбордук Казакстандын батыш бөлүгү ж. б., мезозой бүктөлүүсүнө - Түндүк-Чыгыш Сибирь, Сихотэ-Алинь, Индикытайдын, Тибеттин айрым жерлери, альп бүктөлүүсүнө (кайназой) - Кавказ, Памир, Түркмөн-Хоросан тоолору, Паропамиз, Гиндикуш, Алдыңкы Азия тайпак тоолору, Загрос, Мекран, Сулейман, Гиндикуш, Гималай тоолору кирет. Азиянын чыгыш чет жакасын азыркы геосинклиналдык алкак ээлейт; ал материкти Тынч океандын таманынан бөлүп турат. Алкакты аралдар догосу, океандын терең кобулдары жана четки деңиздердин геосинклиналдык чуңкурдуктары түзөт. Алкакка активдүү аракеттеги жанар тоолор, катуу жер титирөөлөр, тектоникалык контрасттуу кыймылдар, жаш бүктөлүүлөр, гравитациялык тең салмактуулуктун бузулушу мүнөздүү. Азия континентинин азыркы турпаты салыштырмалуу жакынкы эле мезгилдерде пайда болгон. Палеозойдун башталышында (кембрий, ордовик, ошондой эле эле силурда) Чыгыш Европа, Сибирь, Кытай-Корей, Түштүк Кытай платформалары кургактыктын бир бөлүктөрү же эпиконтиненттик тайыз деңиздер менен капталган жазы шельфти түзгөн. Инди жана Араб платформалары ошол кездеги зор түштүк материк - Гондвананын курамына кирген. Герцин бүктөлүүсүнөн кийин түндүктөгү платформалар кургактыктын монолиттүү массиви - Ангаридага бириккен. Ал эми Гондвана тескерисинче, бөлүктөргө ажырап, алардын ичинен платформалуу Инди-Араб массивдери кайназойдо Тетис геосинклиналы (байыркы деңиз бассейни) жок болгондон кийин Ангаридага биригип, Азия пайда болгон.
 
Азиянын саясий бөлүнүшү
Line 317 ⟶ 319:
|}
 
==Кен байлыктары==
Азия кенбайлыктарга бай. Ташкөмүрдүн ири кендери Казакстанда (Караганды бассейни), Сибирде (Кузнецк, Кан-Ачы, Лена ж. б. бассейндер), ошондой эле Кытай, Индия, Кореяда топтолгон. Нефтинин дүйнөлүк запасынын теңинен көбү Азияда. Нефть-газдуу ири аймактарга - Перс булуңу нефть-газ бассейни, Батыш Сибирь, Каспий бою ойдуңу, Закавказье, Орто Азиянын түздүктөрү, Малайя архипелагынын аралдары (Суматра, Калимантан), Түндүк жана Батыш Кытайдын айрым жерлери кирет. Сибирь, Казакстан, Орто Азияда, ошондой эле Түркияда, Иран, Пакистанда кайнатма туздун ири кендери бар. Темир рудасы Казакстандын бир катар жерлеринде (Костанай облусу, Борбордук Казакстан ж. б.), Ангара боюнда, Сибирдин түштүгүндө (Кузнецк Алатоосу, Тоолуу Шория жана Хакасия), Кытай, Корея, Индиянын көп жерлеринде топтолгон. Индияда жана Закавказьеде марганецтин ири кендери бар. Калайдын эң бай кендери - Түштүк-Чыгыш Азияда (Бирма, Тайланд, Индонезия аралы). Борбордук Казакстанда жездин ири кени, Норильскиде никель, Якутияда алмаз кендери бар.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Азия" булагынан алынды