Литва: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
7-сап:
! Уезддери !! Аянты, миң км2 !! Калкы, миң !! Адм. борборлору
|-
| Алитус || 5,4 || 173,4 || [[Алитус]]
|-
| Вильнюс || 9,7 || 850,3 || [[Вильнюс]]
|-
| Каунас || 8,1 || 666,3 || [[Каунас]]
|-
| Клайпеда || 5,2 || 376,5 || [[Клайпеда]]
|-
| Мариямполе || 4,5 || 178,4 || [[Мариямполе]]
|-
| Паневежис || 7,9 || 278,4 || [[Паневежис]]
|-
| Таураге || 4,4 || 124,8 || [[Таураге]]
|-
| Тельшяй || 4,4 || 171,1 || [[Тельшяй]]
|-
| Утена || 7,2 || 168,1 || [[Утена]]
|-
| Шяуляй || 8,5 || 341,7 || [[Шяуляй]]
|}
 
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Литва – унитардык мамлекет. 1992-ж. 25-октябрда Конституциясы кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, 5 жылга шайланат. Литва парламенти – бир палаталуу [[Сейм]]. Аткаруу бийлигинин жогорку органы – өкмөт. Литвада көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары: Мекен союзу – Литва христиан демократтары, Литва социал-демократиялык партиясы, Литва либералдар кыймылы, Эмгек партиясы, Христиан партиясы, Литва дыйкан-народниктер уюму, «Жаңы союз», Литва орустарынын уюму, «Орус альянсы» жана башка.
 
==Табияты==
Жээк сызыгынын узундугу 100 кмдей. Жээги негизинен жапыз, кумдуу пляждар, кум дөбөлөр мүнөздүү. Тайыз, өтө тузсузданган [[Курши булуңу]] деңизден Курши саяңы аркылуу бөлүнгөн. Литванын рельефине түздүктөрдүн дөбөдөңсөөлөр менен айкалышып жатышы мүнөздүү, бардык жеринде рельефтин мөңгүнүн аракетинен пайда болгон формалары кездешет. Батыштан чыгышты карай дөбөлүү дөңсөөлөр ([[Жямайта дөңсөөсү]], [[Балтика жалдары]], бийиктиги 292 мге чейин) созулуп жатат. Литванын аймагы байыркы Чыгыш Европа платформасынын Орус плитасынын чет жакасында жайгашкан. [[Нефть]], [[чым көң]], [[доломит]], цементтик акиташ теги, [[чопо]], [[кыш]] жана [[керамзит]] үчүн чопо, айнек жана курулуш куму, [[бор]], [[гипс]], [[ангидрит]], [[акак]] (янтарь), жер алдындагы минералдуу суу кендери бар. Литва деңиздиктен континенттикке өтмө климаттуу аймакта жайгашкан. Январдын орточо температурасы батышында –3ᵒСтан, чыгышында –6ᵒСка чейин, июлдуку 17,2ᵒС. Жылдык жаан-чачыны 630 мм. Вегетация мезгилинин узактыгы 169– 202 күн. Дарыялары жыш (бардыгы 750 дарыя), [[Балтика деңизининдеңизи]]нин алабына кирет. Эң ири дарыялары: [[Нямунас]] (Неман) жана анын куймалары – [[Мяркис]] (Меркис), [[Нярис]] (Вилия), [[Нявежис]] (Невежис), [[Дубиса]], [[Миния]], [[Шяшупе]]. Немандын куймаларынан башка ири дарыялары: [[Вянта]] (Вента; Балтиканын алабы), [[Муша]] (Лиелупенин алабы). Дарыялары кар, жамгыр жана жер астындагы суулардан куралат; кышында орто эсеп менен 3 ай тоңот. Неман дарыясында Каунас суу сактагычы курулган. Литвада 3 миңге жакын көл бар, алар негизинен муздуктун аракетинен пайда болгон. Эң ири көлү – [[Дрисвяты]] (Друкшяй), аянты 44,5 км2, эң терең көлү – [[Таурагиас]] (тереңдиги 60,5 мге чейин). Ар бир адамдын суу менен жылдык камсыз болуусу 6724 м3.
Чым көңдүү күл топурагы басымдуу, ошондой эле чым көңдүү глей, күл-саз топурактары да өөрчүгөн. Эң күрдүү чым көң карбонаттуу топурак өлкөнүн түндүк жана борбордук бөлүктөрүндө, Шяшупе дарыясынын алабында таралган. Ири дарыяларынын (Нямунас жана башка) өрөөндөрүнө аллювий топурактары мүнөздүү. Литванын аймагы ийне-жазы жалбырактуу токой зонасында жайгашкан. Токой каптоосу 33,5%. Токоюнун 50%тен ашыгы өлкөнүн түштүк-чыгыш тарабында. Жазы жалбырактуу токой негизинен өлкөнүн ортонку бөлүгүндө. Литванын аймагынын 17%ке жакынын шалбаа жана жайыт, 7%ин саз ээлейт.
Өлкөнүн экологиялык абалы жалпысынан канааттандырарлык. Европанын геохимиялык атласынын маалыматы боюнча Литвада эң таза топурак кыртышы таралган. Табиятты булгоочу негизги булактары – Электренай шаарындагы Литва мамлекеттик райондук электр станциясы, Мяжейкяй шаарындагы нефть ажыратуучу завод, башка шаарлардагы жер семирткич чыгаруучу ишканалар, Балтика деңизинин жээгиндеги нефть терминалы жана башкалар. Өзгөчө коргоого алынган табигый аймак Литванын аянтынын 11,5%ин ээлеп, 6 улуттук парк, 3 корук, 30 региондук парктан турат. Курши саяңы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. 386 табият объектиси (булактар, рельефтин уникалдуу формалары жана башка) коргоого алынган.
==Калкы==
Литванын калкынын басымдуу бөлүгү (83,4%и) – [[литвалыктар]]. Ошондой эле [[поляк]] (6,7%), [[орус]] (6,3%; 2001-ж. 9,4% болгон), [[беларусь]] (1,2%), [[украин]], [[латыш]], [[немис]], [[еврей]], [[татар]] жана башка улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын 79%и католиктер, 4,8%и православныйлар. Төрөлүү 1000 адамга 10,5 бала, өлүм-житим 1000 тургунга 13,1 адам (2008). Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 71,9 жаш (эркектердики 66,3, аялдардыкы 77,6 жаш). Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 51,3 адам туура келет. Вильнюс шаарында жана анын тегерегинде, ошондой эле Каунас, Клайпеда уезддеринде калк жыш отурукташкан. Шаар калкы 66,9% (2009). Ири шаарлары: Вильнюс, Каунас, Клайпеда, Шяуляй, Паневежис, Алитус.
 
==Тарыхы==
Литва аймагындагы археологиялык эстеликтер таш дооруна таандык (биздин заманга чейин 11–10-миң жылдык). Калк уруулук түзүлүштө жашап, аңчылык, балыкчылык менен оокат кылып, таш, сөөк куралдарды пайдаланышкан. Биздин заманга чейин 2-миң жылдыкта мал чарба, дыйканчылык менен кесиптенген балтика урууларынын ата-бабалары Литва аймагына отурукташкан. Биздин замандын башында уруу жамааты бузулуп, 5–6-кылымда уруулук байланыш аймактык байланыш менен алмашылган, мүлк теңсиздиги жана жеке менчик пайда болгон. 12- кылымдын аягында Литвада алгачкы княздыктар (Лиетува, Делтува, Дайнава, Судува, Скалва, Нальшя, Каршува, Упите жана башка) пайда болуп, кошуна аймактарга кол салып турушкан. 13-кылымдын башында Лиетува, Нальшя, Дельтува, Нярис, Жемайтия жана башка аймактар камтылган жалпы литвалык конфедерациянын түзүлүшү бирдиктүү мамлекеттик бийликтин калыптанышына түрткү болгон. 13-кылымдын аягынан 14-кылымдын аягына чейинки мезгилде Литва мамлекети орус жерлерин каратып, өз аймактарын кеңейтүү менен Литва улуу княздыгы (ЛУК) орногон. Ушул учурда немис рыцарларынын Литва жерин басып алуу жортуулу башталып, алар менен күрөш 200 жылдан ашык убакытка созулган. 1387-ж. Литва католик динин кабыл алган. 1410-ж. 15-июлда Грюнвальд салгылашында (1410) Л. менен Польшанын бириккен күчү Тевтон орденин талкалаган. 1569-ж. Люблин униясы түзүлүп, натыйжада Литва менен Польшанын бирдиктүү мамлекети – Речь Посполита пайда болгон. 15-кылымдын ортосунда Улуу князь совети Пандар радасына айланган. 16-кылымдын башында Пандар радасы менен Сейм мамлекеттин башкы органы болгон. 17-кылымда Литва Польша-Швеция согушуна жана Россияга каршы поляк интервенциясына катышкан. 1795-ж. Речь Посполита үчүнчү жолу (буга чейин 1772-, 1793-ж. Россия, Пруссия, Австрия тарабынан бөлүнгөн) бөлүнүп, мамлекет катары жашоосун токтотушуна байланыштуу Литва Россияга кошулуп, алгач Виленск, кийин Литва губерниясы (1796) түзүлгөн. 1801-ж. император Александр Iнин указы менен Литва губерниясы Литва-Виленск (1840-жылдан Виленск) жана Гродненск губернияларына бөлүнгөн. 1812-ж. июнда Наполеон I Литва губернияларын басып алып, Литва княздыгын (курамына Виленск, Гродненск, Минск губерниялары жана Белосток облусу кирген) түзгөн. 1812-ж. декабрда Литва княздыгын орус аскерлери басып алган. 1831-ж. мартта Литвада орус бийлигине каршы көтөрүлүш башталып, бирок ийгиликсиз аяктаган. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Литванын коомдук-саясий абалы өзгөрүлө баштаган. 1887-ж. Литвада алгачкы социал-демократиялык кружок, 1896-ж. Литва жумушчулар союзу жана Литва социал-демократиялык партиясы (ЛСДП), 1905-ж. Литва дыйкандар союзу жана башкалар түзүлгөн.
Биринчи дүйнөлүк согуш (1914–18) мезгилинде Литва аймагы согуш майданына айланган. Германиялык армия азыркы Литва аймагын басып алып, Литва аскердик башкармалыгын түзүп, бардык бийликти колуна алган. Литвадан 300 миңге жакын адам Россиянын ички губернияларына, Украинага жана Беларуссияга качкан. Германиянын согушта жеңилиши Литванын революциялык күрөшүнүн жогорулашына өбөлгө болгон. 1918-ж. 8-декабрда В. Мицкявичюс-Капсукас жетектеген Убактылуу революциячыл жумушчу-дыйкан өкмөтү түзүлүп, 16-декабрда Литва Советтик Республикасы жарыяланган. 22-декабрда РСФСР өкмөтү Литванын көз карандысыздыгын тааныгандыгын билдирген. 1919-ж. январдын ортосунда Литва-Беларус ССРи (Литбел) түзүлүп, Минск менен Беларуссиянын батыш бөлүгүн Кызыл Армия көзөмөлдөгөн. Бул жаңы түзүлүш Россия менен Польшанын ортосунда буфердик кызмат өтөгөн. 1919-ж. апрелде Советтик Литвага Германия менен Польша интервенция баштаган. Литва Кызыл Армиясынын баатырдык менен салгылашуусуна карабастан, 25-августта поляк жана немис аскерлери Л-нын бардык аймактарын ээлеп, өз бийликтерин орноткон. Версаль тынчтык келишиминде (1919) Литванын чек арасы белгиленбей, Литва үчүн Германия менен Польшанын ортосунда кагылышуулар улана берген. 11-сентябрда РСФСР өкмөтү Литвага тынчтык келишим түзүү жөнүндө сунуш кылган. Келишим (1920-ж. 12-июль) боюнча Советтик Россия Литванын көз каранды эместигин тааныган, бирок Кызыл Армия анын аймагын Польшага каршы жортуулдарды жасоого колдонгон. 1920-ж. апрелде Учредителдик сеймге шайлоолор жүрүп, христиан демократтардын оңчул центристтик блогу жана ляудининктердин солчул центристтик партиясы көпчүлүк добушка ээ болгон. 1920-ж. 15-майда Каунаста сейм өткөрүлүп, анын төрагалыгына А. Стульгинскис (1922-жылдан президент), өкмөт башчысына К. Гринюс дайындалган. 1922-ж. 1-августтагы кабыл алынган конституция Литваны парламенттик республика деп жарыялап, жер реформасы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Улуттук валютасы – лит киргизилген. 1926-ж. 17-декабрда Литвада мамлекеттик төңкөрүш болуп, фашисттик диктатура орногон. А. Сметона президенттикке, А. Вольдемарас премьерминистрликке дайындалган. Аскердик абал жана цензура калыбына келтирилген. 1927-ж. сейм таркатылып (1936-жылга чейин чакырылган эмес), бардык саясий партияларга тыюу салынган. 1936-ж. бир партиялуу сейм түзүлгөн. 1938-ж. кабыл алынган жаңы конституцияда президенттин бийлиги кеңейип, авторитардык бийлик орногон. Литвага фашисттик Германиянын протекторатына айлануу коркунучу туулган. Эл нааразылыгынын күчөшү президент А. Сметонаны Германияга качууга аргасыз кылган. 1940-ж. 16-июнда Литванын элдик өкмөтү түзүлүп, Ю. Палецкис президенттикке, В. Креве премьерминистрликке дайындалган. Литвада бир нече радикалдуу саясий жана социалдык реформалар жүргүзүлүп, оппозициянын өкүлдөрү камакка алынган. Элдик сеймге шайлоолор уюшулган. 1940-ж. 21–23-июлда Л. ССРи жарыяланып, 1940-ж. 3-августта СССРдин курамына өткөн. Улуу Ата Мекендик согуштун (1941–45) башында эле Литванын аймагы душман колунда калып, Отсланд (Чыгыш өлкөлөр) рейхскомиссариатынын курамына кирген. Литваны германдаштыруу саясаты жүргүзүлүп, 16,3 миң немис колониячылары келген. Фашист-немис баскынчыларына каршы партизандык кыймыл башталган. 1942-ж. Советтик Армиянын курамында 16-литва аткычтар дивизиясы түзүлүп, ал Орёл облнан Балтика боюна чейинки салгылаштарга катышкан. 1945-ж. 28-январда Литва аймагы фашисттик баскынчылардан бошотулган. Согуштан кийин айыл чарбанын коллективдештирүү жана индустриялаштыруу башталып, административдик-аймактык реформалар жүргүзүлгөн. 1970–80-жылдары Литва индустриялык-агрардык өлкөгө айланган. СССРде М. С. Горбачёв баштаган кайра куруу саясаты Литвага өзгөрүүлөрдү алып келди. КПССтин Литвага жүргүзгөн саясатына нааразычылыктар пайда болуп, оппозициялык партиялар жана уюмдар («Саюдис») уюшулган. 1988-ж. ноябрда Литва ССРинин Жогорку Совети советтик доорго чейинки мезгилдеги желек менен гимнди калыбына келтирген. 1990-ж. 11-мартта өлкө көз каранды эместикке ээ болуп, Литва Республикасы деп аталган жана СССРдин курамынан чыккан. Литвада мамлекеттик менчик улутташтырылып, жаңы банк системасы пайда болгон. Литва НАТО жана ЕС мамлекеттери менен достук мамилелерди түзгөн.
 
==Чарбасы==
Литва – экономикасы өтмө типтеги өлкөлөрдүн катарына кирет; чарбасы рыноктук жол менен өнүгүүдө. ИДПнин көлөмү 52,1 млрд евро (2009); аны киши башына бөлүштүргөндө 15,6 миң евродон туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,870 (2007; дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 46-орунду ээлейт). СССР урагандан кийин экономикалык байланыштар үзүлүп, өнөр жай өндүрүшү төмөндөп кеткен. 2000–07-жылдарда экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө Литванын Батыш Европа өлкөлөрү менен кызматташтыгы жана анын Европа союзуна кириши зор өбөлгө болгон (ИДПнин жылдык өсүүсү 6–8%ти түзгөн). Мамлекеттик саясат чет өлкөлүк инвестиция тартууга жана ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган. Чет өлкөлүк инвестиция (2009-ж. анын жалпы көлөмү 9,1 млрд евро болгон) негизинен иштеп чыгуу өнөр жайына, дүң жана чекене соодага, телекоммуникация жана финансы секторуна, транспорттук тейлөөгө жумшалган. Эки Эл аралык экономикалык зона (Каунаста жана Клайпедада) жана 6 илимий-техникалык парк иштейт. ИДПде тейлөө чөйрөсүнө 63,3%, өнөр жайына 22,2%, курулушка 10,0%, айыл, токой жана балык чарбаларына 4,5% туура келет. ИДПнин 20%ке жакыны мамлекеттик сектордо өндүрүлөт. Өнөр жайынын башкы тармактары – нефтини кайра иштетүү, машина куруу, химия, жыгач иштетүү, жеңил жана тамак-аш өнөр жай ишканалары. Литванын отун ресурстары дээрлик жок (бир аз гана чым-көң өндүрөт); табигый газды жана нефтини Россиядан алат. Мажейкяй шаарындагы нефть ажыратуу заводу – Балтика бою өлкөлөрүндөгү жалгыз ишкана. 2008-ж. 13,9 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн (ички муктаждыкты толук камсыз кылат). Нямунас дарыясында Каунас ГЭСи, Круонис гидроаккумуляция станциясы курулган. Машина куруу өнөр жайынын негизги тармактары – станок куруу, өнөр жай жабдуулары жана приборлор, электр-техникалык жана электроника өнөр жай ишканалары. Станок куруу өнөр жай жыгач иштетүүчү станокторду жана жабдууларды, фрезалык жана сайкалдоочу станокторду чыгарат. Тамак-аш өнөр жай үчүн жабдууларды (анын ичинде товар таңгактоочу, суюк тамак-аш продуктуларын кайра иштеп чыгаруучу технологиялык жабдуулар), жылыткыч казан, вентиляция жабдууларын, өнөр жайлык электр жана газ мештерин, лазердик, медицина, ченегич жана оптикалык приборлорду, муздаткыч, телевизор, компьютер жана аларга тетиктерди даярдоочу ишканалары бар. Машина куруу заводунун базасында Россиянын микроавтобустарын жана жүк ташуучу ГАЗ жеңил автомобилдерин кураштыруу ишканасы иштейт. Литва-Беларуссия биргелешкен «МАЗ-Балтия» ишканасы оор жүк ташуучу автомобилдерди кураштырат. Клайпеда – кеме куруу жана ремонттоо борбору. Металл иштетүү өнөр жай өнүккөн. Химия өнөр жай азот-фосфат жер семирткичтерин, желим, сыр, өнөр жай газын, пластмасса, жасалма була, косметика продукцияларын жана башка, жыгач иштетүү өнөр жай жыгач материалдарын, эмерек, кагаз, картон чыгарат. Цемент, бетон жана темир-бетон, кыш, карапа такта жана башкаларды даярдайт. Жеңил өнөр жайынан кебез-кездеме, жүн, кендир, тор кездемелерди чыгаруучу ишканалары иштейт. Көркөм промысели (янтардан, карападан буюм жасоо, жыгач оймо-чиймелеп кооздоо, булгаарыга наар салуу жана башка) өнүккөн. Тамак-аш өнөр жай эт жана сүт продуктуларын өндүрүүгө адистешкен; ошондой эле кант, кондитер фабрикалары, пиво, алкоголь продукцияларын (арак, бренди, ликёр, настойка) чыгаруучу заводдору бар.
Line 64 ⟶ 67:
[[Категория:География]]
[[Категория:Мамлекеттер арип боюнча]]
[[Категория:ЕвропаЛитва| ]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Литва" булагынан алынды