Индия: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
Undo revision 220652 by 92.12.203.53 (talk) |
||
1-сап:
'''Индия''' (хинди тилинде – Бхарат), Индия Республикасы – (Бхарат Ганараджья) Түштүк Азиядагы мамлекет, Индстан жарым аралында. Батышынан Инди океанынын Араб, түштүк-батышынан Лаккадив деңиздери, чыгышынан Бенгал булуңу менен чулганып, түштүгүндө Маннар булуңу менен Полк кысыгы Индияны Шри-Ланка аралынан бөлүп турат. Түндүк-батышынан Пакистан жана Афганстан, түндүгүнөн Кытай, Непал жана Бутан, чыгышынан Бангладеш жана Мьянма өлкөлөрү менен чектешет. Индиянын курамына Лаккадив аралы (Лакшадвип союздук аймагы), Андаман жана Никобар аралы кирет. Аянты 3,3 млн км<sup>2</sup>. Калкы 1129,7 млн (2007; дүйнө калкынын 17%и); элинин саны боюнча дүйнөдө (Кытайдан кийинки) 2-орунда. Борбору Нью-Дели (Дели улуттук борбордук аймагынын курамына кирет). Расмий тили хинди жана англис тилдери. Акча бирдиги Индия рупийи. Административдик-аймактык жактан 28 штатка (федерация субъектилери болуп саналат), борборго баш ийген 6 союздук аймакка жана Дели улуттук борбордук аймагына бөлүнөт; Таблицаны кара. Индия БУУнун (1945), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтык ассоциациясынын (СААРК; 1985), Ынтымакташтыктын (1947), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ШКУнун (2005-жылдан байкоочу) жана башкалар эл аралык уюмдардын мүчөсү.
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Индия федерациялык мамлекет. Конституциясы 1949-ж. кабыл алынып, 1950-ж. күчүнө кирген. Башкаруу формасы парламенттик Республикасы Мамлекет башчысы президент. Ал, ошондой эле өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы болуп эсептелет. Президент эки палаталуу парламент жана штаттардын мыйзам чыгаруу органдарынан турган шайлоочулар коллегиясы тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Индиянын Мыйзам чыгаруу органы парламент (2 палатадан турат: Штаттар совети Раджья Сабха (250 орун) жана Элдик палата Лок Сабха (545 орун). Аткаруу бийлиги президент тарабынан дайындалган премьер-министр (2004-жылдан Манмохан Сингх) башында турган өкмөткө таандык.
|