Исхак Раззаков: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
1-сап:
[[File:Razzakov2.jpg|thumb|right|И.Раззаков]]
'''Исхак Раззакович Раззаков''' (25 октябрь 1910, Коросон айылы, Фергана областы, Россия империясы — 19 март 1979, Москва шаары, СССР) — Кыргыз элинин улуу жетекчиси, мамлекеттик жана саясий ишмер.
 
1918-жылдан Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. [[Ташкен|Ташкендеги]] педагогикалык техникумун (1931 ж.), [[Москва|Москвадагы]] пландоо институтун бүтүргөн(1936 ж.).
1945-1950-жж. [[Кыргыз ССР]] Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961 жж. Кыргыз ССР Коммунистик партиясынын Борбор комитенин биринчи катчысы болуп иштеген.
Line 7 ⟶ 8:
 
Ошол кездери мен Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде инструктор болуп иштеп жүрүп, Исхак Раззаковичтин акылман, ишмер, адилет, эң таза, кадрларга, өзгөчө жаштарга камкор экенин жакындан өз көзүм менен көргөн элем. Кызыгы, чоң-чоң жыйындарда чечендик учкул сөздөрү менен элди сөзсүз 2-3 ирет күлдүрүп, отургандардын маанайын көтөрүп коймой артыкчылыгы да бар эле. Чыныгы Жолбашчы, нукура Көсөм эле деп ошол кишини айтуу керек!
 
Айрыкча, ал элибизди түндүк-түштүккө, урук-урууларга жиктөө, жердешчилик өңдүү эски калдыктарды өтө зыяндуу илдет катары эсептеп, ага каршы күрөшкөнүн баса белгилемекчимин.