20-ноябрь: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 150 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q3024 (translate me)
уикификация
4-сап:
 
==Кыргызстан==
*[[1916-жыл]]ы: [[Жети-Суу]] облустук аскер-губернаторлугу [[Каракол|Пржевальскидеги]] көтөрүлүштүн айынан талкаланган коммуникацияны оңдоо туурасындагы жергиликтүү бийлик иштеп чыккан сунушту жактырган.
*[[2003-жыл]]ы: [[Кыргызстан]]дын Жогорку Соту бир катар диний-саясий уюмдарды экстремисттик жана террористтик бирикме катары таануу туурасында токтом кабыл алган.
*[[2008-жыл]]ы: БШКнын башчысы Клара Кабилованын дүрбөлөңдүү видео кайрылуусунан кийин башталган кылмыш ишинин иликтөөсүн Башкы прокуратура токтотуп салды.
*[[2008-жыл]]ы: Мамлекет башчы [[Бакиев, Курманбек Салиевич|Курманбек Бакиев]] [[Германия|Германиядагы]] дарылануусунан кайтып келген. Ага чейин эл ичинде “президент о дүйнө салыптыр” деген имиштер таркап кеткен.
*[[2009-жыл]]ы: [[Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши|Жогорку Кеңеш]] 70 жылдыгын белгиледи.
 
==Дүйнө==
*[[1889-жыл]]ы: [[Аалам]] деген түшүнүктү негиздүү өзгөртүп, биз жашаган Саманчы жолунан башка да галактикалар бар экенин далилдеген америкалык астроном [[Хаббл, Эдвин Пауэлл|Эдвин Хаббл]] жарык дүйнөгө келген. Анын урматына 1990-жылы орбитага чыгарылган космостук телескопко ысымы ыйгарылган.
*[[1910-жыл]]ы: Орус жазуучусу [[Толстой, Лев Николаевич|Лев Толстой]] каза болгон.
*[[1925-жыл]]ы: Орус балеринасы [[Плисецкая, Майя Михайловна|Майя Плисецкая]] жарык дүйнөгө келген.
*[[1945-жыл]]ы: Үчүнчү рейхтин аскердик кылмышкерлеринин үстүнөн сот иши башталып, ал [[Нюрнберг]] процесси деп аталып калган.
*[[1962-жыл]]ы: Кариб кризиси аяктаган.
*[[1985-жыл]]ы: [[Windows 1.0|Microsoft Windows 1.0]] иштеп чыгарылып, кардарларга таратыла башталган.
*[[1990-жыл]]ы: Белгилүү сериялык адам өлтүрүүчү [[Чикатило, Андрей Романович|Андрей Чикатило]] колго түшүрүлгөн. өзү 56 адамды өлтүргөнүн мойнуна алса, сот процессинде 53 кылмыш иши тастыкталган. Колунан каза тапкандардын дээрлик баардыгы 7-16 жаш курагында болгон.
*[[2009-жыл]]ы: [[Орусия|Орусиялык]] шоумен, алып баруучу, жазуучу [[Трахтенберг, Роман Львович|Роман Трахтенберг]] радиоэфирден кийин жүрөгү токтоп калган.
 
[[Category:Жетинин айы (Ноябрь)]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/20-ноябрь" булагынан алынды