Аффект (ден-соолук): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
 
1-сап:
'''Аффект''' (латынча affectus - көңүлдүн толкушу, дилгирленүү, туталануу) - [[Адам|адамдын]] көңүлүнүн тез өзгөрүп, кыска мөөнөттө өтүүчү эмоциялык абалы (долулануу, ачуулануу, каардануу, үрөйү учуу жана башка). Бул абал субъекттин жашоосундагы кандайдыр бир тез өзгөрүүлөрдөн улам субъекттин кыймыл-аракетинин өзгөрүүсү менен бирге, анын [[Ички органдар|ички органдарынын]] функцияларын өзгөрүүгө дуушар кылат. Корккон, кубанган, кайгырган адамдын эмоциясы аффект түрүндө өтүшү мүмкүн. <br />
'''Аффект''' — сырткы жана ички факторлорго жооп иретинде пайда болгон кыска мөөнөттүү оң жана терс [[эмоция]], адамдын психикасынын начарлашы; кыска мөөнөттүк туталануудан катуу каарданган абалга жетет. Аффект [[Физиология|физиологиялык]] жана [[патология|патологиялык]] болуп айырмаланат. Физиологиялык Аффектте адам [[коркуу]], [[кайгыруу]], [[кубануу]] учурунда өз кылык-жоругун сезип турат, акыл-эси калыбында болот. Патологиялык аффекте [[психика|психиканын]] бузулушу менен коштолуп, андан кийин адам толук же анча-мынча эмне болгонун эстей албай калат. <br />
 
== Колдонулган адабияттар ==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
[[Категория:Медицина]]
[[Категория:Ден соолук]]
 
[[en:Affect]]
[[fi:Affekti]]
[[fr:Affect (homonymie)]]
[[pt:Afeto]]
[[ru:Аффект]]
[[uk:Афект (значення)]]