Linux: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Linux''' - [[Unix|(Unix]]-сыяктуу) иштетүү системдеринин жалпы аталышы, ал системдер Linux өзөгүнүн негизинде жасалат. Linuxтун өзөгү, эркин жана ачык программалык каражаттарынын иштеп чыгуу үлгүсүнүн негизинде жасалат жана таратылат. Жалпы Linux аталышы, жалгыз расмий өнүмдү камтыбайт, Linux системалары, негизинен, даяр "дистрибутивдер" түрүндө бекер таратылат, дистрибутивдер өзүнө колдонуучунун талабына ылайыкталган, колдонмо программалардын топтомунан турат.
 
Linux системаларды биринчи кездерде кызыгуучулар жана үйрөнчүктөр жасап башташкан, бирок Linux ийгиликтерге жетишкенден баштап, системага коммерциялык компаниялар дагы өз салымын кошо баштаган. Көпчүлүк заманбап дистрибутивтердеги ПК ("программалык каражаттар"), азыр деле ачык лицензия негизинде жайылышат. ПКнын арасында проприетардуу, компоненттерден турганы да бар. 2008 жылы изилдөөчүлөр, төмөндөгү суроону коюшкан, эгерде системаны башынан "0дон" жасап баштаганда канча каражат кетиши мүмкүн, суроонун жообу, 10.8 млрд$. Linux өзөгү 1 млрд еврого бааланган. 2008 жылы Linux өзөгүнүн баасы 225 млн еврого кымбаттаган. Linux системанын адамдык жумуш эквиваленти, 73 миң адамдык эмгек жылына тете экендиги белгилүү.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Linux" булагынан алынды