Википедия:Портал:Ислам/Кеңеш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
135-сап:
баш тартса ал менден эмес”,-деген.
(Бухарий: 5062)
 
== Ширк деген эмне? ==
 
 
"ШИРК ДЕГЕН
ЭМНЕ?" ҮЙРӨНҮҮ
ҮЧҮН ЭҢ ЖЕҢИЛ
ЭРЕЖЕЛЕР - "ТӨРТ
ЭРЕЖЕ" КИТЕБИ.
 
Таухидди билген убактыңда , аны менен чогу
Ширк эмне экенин да билишиң керек. Себеби
инсан жамандыкты билип албаса, андан
четтей албай, ага түшүп калат. Ширк эмне,
Ширктин кандай түрлөрү бар – билиш парз.
Аллах Таала ширктен эскертип айткан эле:
“Чындыгында Аллах Өзүнө шерик
кошкондорду кечирбейт, бирок андан башка
күнөөлөрдү эгер кимди (кечирүүнү) кааласа
кечирет. Ал эми ким Аллаһка шерик кошсо, ал
зор күнөөнү ойлоп тапканы. ”(Куран, ан-Ниса
4:48). Мына, ширктин акыбети ушундай.
Дагы, ким ширк кылса Бейиштен кур калат:
“Чындыгында ким Аллахка шерик кошкон
болсо Аллах ага Бейишти арам кылды ” (Куран,
аль-Маида 5:72).
Демек, бардык коркунучтардан биринчи
турган бул “Ширк” деген коркунучту жакшылап
билишиң керек. Себеби “ширк” темасында
көптөгөн адамдар, акылдуулугуна карабай
адашышты.
Ширк деген эмне экенин биз Куран жана
Хадистерден үйрөнүүбүз тийиш. Аллах бир
нерседен эскертсе, же бир нерсени тыйса, же
бир нерсеге буйрук берсе – сөзсүз ошону
баяндап берет. Ошондой эле Аллах Куранда
жана Пайгамбар ﷺ хадистеринде ширкти ийне
жибине чейин толук баяндап берди, жалпы
түрдө айтып бүдөмүк таштап койгон жок.
Ошондуктан ширк эмне экенин билүүнү
кааласак бирөөнүн “баланча айтты” деген
сөзүнө эмес, жок, албетте Куран жана
Сүннөткө кайтабыз.