Википедия:Портал:Ислам/Кеңеш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
178-сап:
сөзүнө эмес, жок, албетте Куран жана
Сүннөткө кайтабыз.
 
== Хиджап кийүү караңгылыкпы? ==
 
Хижап кийүү караңгылыкпы?
 
Хижап кийүү – бул Аллах Тааланын буюрган
парзы. Ким Аллахтын буйруктарын аткарып,
кайтарган нерселеринен тыйылса, Анын
ыраазылыгына жетээрине шек-күмөн жок. Ал
эми, ким Анынын ыраазылыгына жетсе, ал
пенденин Аллахтын рахматы менен сыпаттап
бере алгыс неъматтары бар бейишке
киришинде шек-күмөн жок.
Тилекке каршы, азыркы заманда эже-
карындаштарыбыз Аллах буюргандай, шарият
көргөзгөндөй кийинип жүрүшсө, Ислам
дининен кабары жок (өздөрүн
цивилизациялуубуз деп эсептеген) кээ бир
адамдар аларды караңгылык, жапайылык
ж.б.у.с. жаман сыпаттар менен айыптоодо.
Караңгылык жана жапайылык деген сөзгө
токтолсок:
Караңгылык жана жапайылык деген – алардын
(динден кабары жок адамдардын) түшүнүгү
боюнча – аял киши өзүнүн аврат жерлерин
толугу менен жаап, махрам[ ] болбогон
эркектерден өздөрүн алыс алуулары, көчөгө
өзүнө тарта турган, дене-түзүлүшүн сүрөттөгөн
тар, ачык өңдүү кийимдерди кийбегендиги
жана башка эркектердин делебесин козгогон
жыттуу атырларды себинип боёнбогондугу.
Ал эми, алардын заманбап деп эсептеген
аялдары: көчөгө бардык денеси ачылган же
аябай кыска, тар, ачык түстүү (бардык
эркектерди өзүнө караткан) кийимдерди
кийип, делебени козгогон жыттуу атырларды
себинип- боёнуп башка чоочун эркектер менен
кенен кол кармашып, кучакташып ......
жүрүшкөн аялдар. Деги эле кала берсе,
турмушка чыккан аялдар өзүнүн өмүрлүк
жолдошуна көргөзбөгөн сулуулуктарын, аялга
болгон кызыгууну арттыра турган эң жакшы
кийимдерин, делебени козгой турган
атырларды себинип, дене-мүчөлөрүн башка
эркектерге тартуу кылып көргөзүшөт. Ал эми
үйдө болсо эң эле көрксүз кийимин кийип,
колоңсо жыттанган копол мүнөз аял.
Эми сиздерге бир суроо берейин:
Адам буту жетпеген Амазонка токойлорунда
жашаган жапайы адамдардын сүрөтүн тартып
бериңизчи – деп суранып калышса, эмнени
тартмак элеңиз?
Энеден туума жылаңач, балким кээ бир
жерлерин тери менен жаап алган, аял-эркеги
айырмасы жок аралаш жүрүшкөн уят деген
сезимден кабарлары жок таң калыштуу
көрүнүштү көз алдыңызга келтиресиз.
Туурабы?
Андай болсо, Аллахтын өкүмүн аткарып
жаткан, шарият көргөзгөндөй хижап кийген
пазилеттүү айымдарды жапайы-караңгы деп
айтып жаткан ошол адамдар биз
цивилизациялуу адамдарбыз деп ошол жаман,
арсыз нерселерге умтулуулары менен жапайы-
караңгылыкка батып бара жатканын аңдап
сезбей жатышабы?!
Аллах Таала аялдарды хижап кийүүгө буюруп,
мындай деген:
«Ыймандуу аялдарга айт: (Бөтөн эркектерге
кумардануу менен кароодон) көздөрүн
жумушсун жана жыныс мүчөлөрүн
(зынаадан) сакташсын! Көрүнүп турган
кооздугунан (кийиминен) башка кооздуктарын
жаап жүрүшсүн! Жоолуктары менен
көкүрөктөрүн жабышсын! Зыйнаттарын
(моюн, билек сыяктуу зыйнат мүчөлөрүн)
көргөзүшпөсүн!». (Нур:31)
Хижап кийүү Аллах Таала жана Анын элчисине
(саллаллаху алайхи ва саллам) баш ийүү.
«Качан Аллах жана Анын элчиси бир ишти
өкүм кылса, эч бир момун эркек же момун
аялга өз иштеринде ыктыяр калбайт. Кимде-
ким Аллах жана Элчисине күнөөкөр болсо,
демек ал анык адашыптыр». (Ахзаб: 36)
«Жок, Раббыңа ант, алар качан өз ара
жаңжалдарын жөнгө салуу үчүн сени аким-
өкүмдар кылмайынча, кийин ошол сен
чыгарган өкүмгө жүрөктөрүндө нааразылык
калбай, толук моюн сунмайынча ыймандуу
боло алышпайт». (Ниса: 65)
Аллахым баарыбызды туура жолуңа башта
жана ал жолуңдан адаштырба!