Жалал-Абад: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
61-сап:
|сайтынын тили =

==Жалал-Абад шаарынын гимни==
Сөзү: Базарбай Жолдошбаевдики
Обону: Кубанычбек Аширалиевдики

Жалал-Абад жашыл шаарым турагым,

Жанга дабаа мөлтүр булак сууларың.

Жашоо үчүн күч кубатка дем берген,

Жакамдагы ыйык туткан тумарым.

Жалал-Абад жаштык шаарым турагым,

Жалындаган өмүрдөгү кумарым.

Түштүгүмдө Чолпон жылдыз сымалдуу,

Түптүү элдин бекемдигин улагын.

Кайырма:

Бакыт шаарым Жалал-Абад

Барчылыкка болуп канат, болуп канат,

Бүгүнкүдөн эртеңкиси,

Берекеси толуп барат, толуп барат.

Жалал-Абад, Жалал-Абад

Жергесинде зор салтанат, зор салтанат,

Эмгегинен жетип максатка,

Эли-Журтка даңкы калат, даңкы калат.

Жалал-Абад ыйык шаарым турагым,

Жалпы журтка даңктап ырдап турамын.

Ачык асман күн нуруна бөлөнүп

Ар кыл улут досчулугун чыңагын.

Жалал-Абад өнүп-өскөн турагым,

Жан жыргаткан обон күүсүн угамын.

Эгемендик шарданында түбөлүк

Эркин элим көбөйсө экен курамың.

'''Жалал-Абад''' - [[Жалал-Абад облусу|Жалал-Абад облусунун]] борбору (1991-жылдан); 1887-жылдан шаар. Чыгарган продукциясынын көлөмү жана өнөр жай потенциалы боюнча [[Кыргызстан|Кыргызстанда]] [[Бишкек]], Ош жана [[Токмок|Токмоктон]] кийинки 4-шаар. Көгарт өрөөнүндө, байыркы Улуу Жибек жолунун жана Бишкек-Ош автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Автомобиль жана темир жолдор тоому. Кыргызстандын борбору [[Бишкек шаары|Бишкек шаарынан]] 560 км түштүк тарапта; Ош шаарына чейин эл аралык эски жол менен ([[Өзбекстан|Өзбекстандын]] Ханабат шаары аркылуу) 60 км, жаңы жол менен (Өзгөн шаары аркылуу) 100 км. Шаар аянты 8821 га. Калкы 92,1 миң (2009). Жалал-Абад шаары 1924-26-жылдарда округдун, 1926-28-жылдарда кантондун, 1939-59-жылы жана 1991-жылдан облустун борбору. Шаар Фергана өрөөнүнүн бир бөлүгүн түзгөн Көгарт өрөөнүнүн түзөң түштүк-чыгыш чет-жакасында, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы болгон Айып-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 755 мден (түштүк бөлүгүндө) 800 мге чейинки (түндүк бөлүгүндө) бийиктикте жайгашкан. Шаар жайгашкан аймактын рельефи негизинен түздүктүү; түштүк-батышты карай жалпы жантайыңкы. Мында төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон шагылдын үстүн лёсстуу катмар жаап жатат. Жалал-Абад Кыргызстандагы эң жылуу жана күнөстүү шаар. Климаты мелүүн континенттик, жер ортолук деңиздик климатка окшоп кетет. Жайы ысык, кургакчыл, июлдун орточо температурасы 27°С, кышы мелүүн суук, жумшак, январдын орточо температурасы -4,1°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 490 мм. Күн тийүү узактыгы жылына 2787 саатты түзөт. Түштүк-батыштан жай соккон (0,6 м/сек) шамал үстөмдүк кылат. Жалал-Абад шаарынын батыш тарабынан Көгарт, чыгыш тарабынан Чаңгет суулары агып өтөт. Көгарт суусунан ирригациялык көп тармактар башталып, сугат каналдарына таралып кетет. Чаңгеттин суусу сугатка кеңири пайдаланылат. Шаар жайгашкан аймакта жер астындагы суунун запасы да бар.
==Суулары==
Line 133 ⟶ 96:

Жалал-Абад облустук Барпы атындагы драма театры (Жалал-Абад шаарындагы Толтогул аянты) 1992 – жылы 13 – мартта шаардык театр катары ачылып, 1994 – жылы облустук кыргыз театры статусун алган. 500 орундуу көрүү залы, 8 бөлмөдө жайгашкан костюм тигүү, гримдөө, сүрөт жана башка цехтери бар. Театр ачылгандан бери Расул Усмановтун “Эне түшү” , Айгүмүш Аксынын "Тактынын тагдыры", Султан Раевтин "Дубал", Мурза Гапаровтун "Киотого кеткен жол", жана башка драмаларды, "Жолборс кантип алданды" кыргыз эл жомогун, Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесине карата Ооганбек Станбековтун "Курманбек баатыр" спектаклин жана башкаларды койгон. 1999-жылы "Кыргызстан сорос" фондунун гранты менен Г. Фигейредонун "Эзоп" пьесасы коюлган. Бул пьеса менен театр Борбордук Азия өлкөлөрүнүн "Нооруз - 99" эл аралык театр фестивалына катышып байгелүү орунга ээ болгон.

==Жалал-Абад шаарынын гимни==
Сөзү: Базарбай Жолдошбаевдики
Обону: Кубанычбек Аширалиевдики

Жалал-Абад жашыл шаарым турагым,

Жанга дабаа мөлтүр булак сууларың.

Жашоо үчүн күч кубатка дем берген,

Жакамдагы ыйык туткан тумарым.

Жалал-Абад жаштык шаарым турагым,

Жалындаган өмүрдөгү кумарым.

Түштүгүмдө Чолпон жылдыз сымалдуу,

Түптүү элдин бекемдигин улагын.

Кайырма:

Бакыт шаарым Жалал-Абад

Барчылыкка болуп канат, болуп канат,

Бүгүнкүдөн эртеңкиси,

Берекеси толуп барат, толуп барат.

Жалал-Абад, Жалал-Абад

Жергесинде зор салтанат, зор салтанат,

Эмгегинен жетип максатка,

Эли-Журтка даңкы калат, даңкы калат.

Жалал-Абад ыйык шаарым турагым,

Жалпы журтка даңктап ырдап турамын.

Ачык асман күн нуруна бөлөнүп

Ар кыл улут досчулугун чыңагын.

Жалал-Абад өнүп-өскөн турагым,

Жан жыргаткан обон күүсүн угамын.

Эгемендик шарданында түбөлүк

Эркин элим көбөйсө экен курамың.

==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5

== Булактар ==
{{reflist}}

[[Категория:Кыргызстан]]
[[Категория:География]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жалал-Абад" булагынан алынды