Балбай баатыр Эшкожо уулу: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү |
||
4-сап:
'''Балбай баатыр''' [1797, Ысыккөл өрөөнү -1867, Верный, сөөгү Сарыбулак (азыркы Балбай) айылына коюлган] бугу уруусунун белек уругундагы токой бутагынан чыккан беделдүү манап. Эл арасында айтылган маалыматтар б-ча Балбай эр жеткенден заманына ылайык, казактардын улуу жузунун жана коңшу кыргыз урууларынын жылкыларын тийип алууда жеке билек күчүнүн аркасы менен
өзгөчөлөнүп, баатыр аталган. Ормон хандын заманында, анын уруулар арасында мал уурдоого, жылкы тийүүгө тыюу салган мыйзамдарын бузуп, саяк уруусунан жылкы тийип алгандыгы үчүн, Ормон хан тарабынан алты ай орго салынып жазаланат. 1855-ж. жазында бугу уруусу [[Ормон хан|Ормон]] хандын бийлигинен баш тартып Боромбай менен бирдикте 1855-ж. Омскиде [[Россия|Россиянын]] букаралыгына өтүү жөнүндө бугу уруусунун атынан ант кармаган. Ошол мезгилден тартып, бугу менен сарыбагыш урууларынын ортосунда чыр-чатак күч алып, андагы чабыштардын биринде Ормон ханды Балбай катуу жарадар кылып, ал ошондон каза тапкан. Ормон хандын өлүмүнөн кийин эки уруунун чабышы, уруулук [[согуш|согушка]] айланып, 1855-жылдан 1860-жылга чейин созулган. Бул уруулук согушта Балбайдын кадырбаркы көтөрүлүп, бугу уруусунун саясий турмушуна жигердүү аралашкан төбөлдөрдүн бирине айланган. Бугу уруусунун башкы манабы Боромбай Меңмурат уулу каза болгондон кийин (1858), орус өкмөтү тарабынан киргизилген «ага манаптык» бийлик үчүн талашта башында Качыбек Шераалы уулу турган Шапак, меңмурат уулдары бир тарап, аларга каршы башында Мурааталы Бирназар уулу, Тилекмат Жылкыайдар уулу турган бирназар уулдары экинчи тарапты түзүп, белек уругунун манаптарынын арасында күрөш курч мүнөздө өткөн. Балбай шапак, меңмурат уулдарын колдоп, Бирназар тукумдарынын таламын талашкан салмаке, шыкмамат жана саяк уруктарына каршы куралдуу күч колдонгонго чейин барган. Бул чабышта саяктардан бир киши өлүп, үчөө колго түшөт. Чабыштын аягы [[орус]] бийликтери тарабынан текшерилип, токтотулат. Балбайды «ага манап» болуп шайланган (1860) Качыбек Шераалы уулунун кийлигишүүсү менен орус администрациясы жазадан куткарат. Көп узабай эле Качыбек Шераалынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу (1862) Шапак жана Меңмурат уулдарынын ортосунда бийлик талашуу башталат. Бул жолку күрөштө Балбай жактаган Шапак тукуму жеңилип,1863-ж. Меңмурат тукумунан Сарымбек Сасыке уулу
==Колдонулган адабияттар==
*« Б Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы редактор Асанов Ү. А. К 97.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
|