Австралия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
54-сап:
 
[[Файл:Flag of Australia.svg|thumbnail|right|200px|Австралия]]
'''Австралия''' ({{lang-en|Australia}}) - Австралия материгиндеги мамлекет. Материкке жакын жайгашкан Тасмания аралы да Австралиянын курамына кирет. Түндүгүн Тимор, Арафура деңиздери жана Торрес кысыгы, чыгышын Коралл жана Тасман деңиздери, түштүгүн Басс кысыгы жана Инди океаны чулгап жатат. Чет жакасындагы Флиндерс, Кинг, Кенгуру жана башка майда аралдарды, ошондой эле Картье, Эшмор, Рождество, Кокостуу (Киллинг), Херд, Макдональд, Норфолк аралы да Австралияга карайт. Аянты 7,7 млн км2. Калкы 23,2 млн (2004). Борбору Канберра шаары. Мамлекеттик тили англис тили. Акча бирдиги - Австралия доллары.
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Австралия - [[Улуу Британия]] шериктештигинин курамына кирген федерациялык мамлекет. 6 штаттан, 2 аймактан (Түндүк жана Федерациялык Борбор) турат. Конституциясы 1900-ж. 9-июлда кабыл алынган, Башкаруу формасы конституциялык монархия. Мамлекеттик башчысы Британия монархы, өлкөнү анын өкүлү генерал-губернатор башкарат (аны Австралиянын премьер-министринин сунушу менен монарх 5 жылга дайындайт). Мыйзам чыгаруу бийлигинин Жогорку органы парламент, ал монархтан жана 2 палатадан Сенат жана Өкүлдөр палатасынан турат. Сенат (бардыгы 76 депутат; ар бир штаттан 12ден, 1974-жылдан ар бир аймактан 2ден депутат) пропорциялык өкүлдөр системасы боюнча 6 жылга шайланып, ар бир 3 жылда жарымы жаңыланып турат. Төмөнкү палата (148 депутат) мажоритардык система боюнча (альтернативдүү добуш берүү аркылуу) 3 жылга шайланат. Генерал-губернатор конституциялык органды Федерациялык аткаруу советин дайындайт. Айрым учурларда генерал-губернатор Өкүлдөр палатасын жана Сенатты таратууга укуктуу. Өкүлдөр палатасынын полномочиесинин бүтөөрүнө 6 ай калганда аларды тарата албайт. Ар бир штатка монарх тарабынан губернатор дайындалат. Бардык штат (Квинслендден башкасы) эки палаталуу (Мыйзам чыгаруу совети жана Мыйзам чыгаруу жыйыны же Жыйын палатасы) легислатурага ээ. Штат өкмөтүн премьер-министр жетектейт. Штаттар графтыкка, графтык муниципалитеттерге бөлүнөт. Союздук эки аймакты бир палаталуу легислатура жана өкмөт башкарат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Австралия" булагынан алынды