Жашы жетелектердин никеси: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Жашы жетелектердин никеси''' – эки адамдын бирөөсү 18 жашка жете элек болуп никеге туруусу<ref>Эк..."
(Айырма жок)

10 июль 2016, саат 18:46 учурдагы нуска

Жашы жетелектердин никеси – эки адамдын бирөөсү 18 жашка жете элек болуп никеге туруусу[1] . Мыйзамда 18 жашка чейинкилерге турмуш курууга уруксат берилсе, жашы жетелектердин никеси юридикалык статуска ээ болот.

Жашы жетелектердин никеси - көбүнесе кыздарга таасир эткен гендердик феномен. Жашы жетелектердин никелери адам жана баланы басмырлоо, ошондой эле алардын укуктарынын бузулушу катары каралат, себеби жашы жетелек жубайлар макулдугун толугу менен эркин билдире алышпайт. Орточо статистикалык курактагы аялдарга караганда жашы жетелек кыздын кош бойлуулугу төрөт учурунда өлүмгө дуушар болуу коркунучу менен коштолот. Чоң аялдардын балдарына караганда жашы жетелек энелердин балдары көбүрөөк ооруйт. Турмушка чыккан жашы жетелек кыздар үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулуктун алдында алсыз болушат.

Жашы жетелек куракта турмушка чыгуу жана эне болуу - кыздардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп, келечектеги турмушуна узак мөөнөткө чейин кедергисин тийгизип, жашоосунун сапатын начарлатышы мүмкүн.

Пекин декларациясында жана иш-аракеттер платформасында мамлекеттердин өкмөттөрү баш кошуп жатышкан эки адамдын никеси алардын эркин жана толук макулдугу менен кыйылышын камсыз кылган мыйзамдарды, ошондой эле никеге турууга жол берилген эң төмөнкү курактык чекти белгилеген мыйзамдарды кабыл алып, аларды катуу сакташы керек деген шарт каралган[2] .

Кыргыз Республикасындагы жашы жетелектердин никелери

Кыргыз Республикасында никеге турууга жол берген эң төмөнкү курактык чек 18 жаш. Жүйөлүү себептер болгондо никеге турууну каалаган адамдардын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары бул адамдардын өтүнүчү боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн комиссиялык корутундусунун негизинде эркектер жана аялдар үчүн нике курагын бир жылдан ашырбастан төмөндөтүүгө укуктуу[3] .

Кыргыз Республикасында жашы жетелектердин никелеринин тарыхый, диний, этностук, социалдык жана адеп-ахлактык негиздери бар. Алар ата-энелердин макулдашуусу менен түзүлгөн никелер, кыз ала качуу, көп аял алуу көрүнүштөрү жана диний никелер менен коштолгон. Жашы жетелектердин никелеринин көпчүлүгү юридикалык жактан катталбайт, бирок дээрлик баары тең шариат боюнча кыйылат. Акыркы берилген маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасында жашы жетелектердин никелери көбөйгөндөн көбөйүүдө[4] . 2015-жылы жүргүзүлгөн бир нече көрсөткүчтүү кластердик изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, Кыргызстандагы 15 жаштан 49 жашка чейинки аялдардын болжол менен 12,7% жашы жетелек курагында турмушка чыгышкан. Жашы жетелектердин никелери шаарга караганда айыл жергесинде көбүрөөк кездешет (айылдарда - 14,6% жана шаарда 9,2%), ал эми бай үй-бүлөлөргө (9,2%) караганда жакыр үй-бүлөлөрдө (15,9%) эки эсе көптүк кылат[5].

Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөө, ал эми ала качуу он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат[6] . Бирок жашы жетелектердин никелери алардын ата-энелеринин макулдашуусу менен кыйылгандыктан, никеге турууга мажбурлаган күнөөлүү адамдарды жазалоо механизмдери иш жүзүндө иштебей, натыйжада, ушул кылмыш ишинде катышкан адамдардын көпчүлүгү жазаланбай калышат.

Саясий маселелер

Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда жашы жетелектердин никелерин өзгөртүү же жоюу боюнча катаал иш-чаралар көрүлө элек. Республикада бул көрүнүштүн себептери изилденбей, бул көйгөйдү чечүү боюнча стратегиялар иштелип чыга элек . Балдар катышкан никелерди мамлекеттик органдар да, ата-энелер да, дегеле, бүтүндөй коом да жашы жетелектердин укуктарынын одоно бузулушу катары карашбайт. Балдар катышкан никелерге байланыштуу көйгөйдү балдар дуушар болгон зомбулук жана алардын укуктары боюнча иш алып барышкан коомдук жана эларалык уюмдар көтөрүп чыгышат. 2011-жылы Кыргызстанда парламенттик угуулар болуп өтүп, аларда никени мамлекеттик органда юридикалык жактан каттагандан кийин гана диний негизде кыюу шартын мыйзамдаштыруу, эгер бул шарт сакталбаса жазапул менен жазалоо сунушталган. Бирок жазапулду төлөтүү боюнча майнаптуу механизмдер жок деген шылтоо менен бул мыйзам долбоорун сынга алышкан депутаттар мындай түзөтүүлөргө каршы чыгып, четке кагышкан. Бул мыйзам долбооруна Кыргызстандагы Диний башкармалыктын өкүлдөрү да каршы чыгышкан. Алардын айтымында, никени мамлекеттик органда юридикалык каттоосуз шарият боюнча кыюуга тыюу салуу исламга каршы келет. Дагы бир баса белгилей кетүүчү нерсе, мамлекеттик каттоодон айырмаланып, шариатта көп аял алууга жол берилет. Ошентип сунушталган түзөтүүлөр кабыл алынган эмес.

Эскертмелер

  1. Экологиялык иштин майнаптуулугунун серептери. Кыргызстан. Экинчи каралышы / Европанын экономикалык комиссиясы, Экологиялык саясат боюнча комитет; БУУ. – Нью-Йорк; жжана Женева, 2009.
  2. Бала – «18 жашка чыга элек адам баласы, эгер ушул балага колдонулуучу мыйзам боюнча ал эрезеге эртерээк жете турган болбосо» / 1989-жылдагы БУУнун баланын укуктары боюнча конвенция.
  3. Бала – «18 жашка чыга элек адам баласы, эгер ушул балага колдонулуучу мыйзам боюнча ал эрезеге эртерээк жете турган болбосо» / 1989-жылдагы БУУнун баланын укуктары боюнча конвенция.
  4. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, 14-берене.
  5. 15-19 жашта төрөгөн аялдар тууралуу маалымат. Жашы жетелектерди мажбурлап никеге тургузуу фактылары боюнча катталган кылмыш иштеринин саны // КРдагы аялдар жана эркектер: статистикалык жыйнак / КРнын Улуттук статистикалык комитети, ЮНФПА, 2014.
  6. Многоиндикаторное кластерное обследование по оценке положения детей и женщин, 2015 год / ЮНИСЕФ, Нацстатком КР.

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси

  • 1. Баланын укуктары жөнүндө конвенция (1989-жыл). Маалымат булагы: http://www2.ohchr.org/english/law/crc.htm (кайрылган күнү: 12.05.2012).
  • 2. Пекин декларациясы жана иш-аракеттер платформасы. 1995-жылдын 4-15-сентябрында Пекин шаарында болуп өткөн Аялдардын бүткүл дүйнөлүк IV конференциясында кабыл алынган. Маалымат булагы: http://www.unwomen.org...web.pdf
  • 3. 2003-жылдын 30-августундагы КРнын Эмгек кодекси, №201 мыйзам;
  • 4. Кыргыз Республикасындагы аялдар менен эркектер: статистикалык жыйнак, 2014 / КРнын Улуттук статистикалык комитети, ЮНФПА. – Бишкек, 2015.
  • 5. Анализ проблемы ранних браков и раннего материнства в Кыргызстане, 2013 / Правозащитное движение «Бир дуйно-Кыргызстан».
  • 6. Многоиндикаторное кластерное обследование по оценке положения детей и женщин, 2015 год / ЮНИСЕФ, Нацстатком КР. Маалымат булагы: http://www.mics2015.kg/index.php/ru/
  • 7. Кыргыз Республикасы – жашы жетелектердин никеси, 2014-жыл / ЮНИСЕФ, КРнын Улуттук статистикалык комитети, (ЮНФПА)
  • 8. 1997-жылдын 1-октябрындагы КРнын Жазык кодекси, №69
  • 9. Аялдар дуушар болгон басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча Кыргызстандын төртүнчү мезгилдик докладына жыйынтыктоочу эскертүүлөр. [Электрондук версия]. http://tbinternet.ohchr.org/_layouts/treatybodyexternal/TBSearch.aspx?Lang=Ru&CountryID=93&ctl00_PlaceHolderMain_radResultsGridChangePage=1_20