Апрель революциясы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
54-сап:
=== 6 жана 7 апрелдеги төңкөрүштөр ===
[[Файл:Bishkek capitol revolution 2010.JPG|thumb|329x329px|Көтөрүлүшчүлөрдүн Ак Үйгө кириши, 7-апрель 2010 жыл.]]
Төңкөрүш [[6 Апрель (Чын Куран)|6-апрель]] күнү [[Талас шаары|Таласта]] митингден кийин облустук администрациянын имаратын басып алуу менен башталган. Укук коргоо органдарынын күч көрсөтүүсүнө жооп катары митингчилер таш, таяк сыяктуу куралдарды колдонушкан. Жыйынтыгында спецназдын абалды колго алуу максаты ишке ашкан эмес<ref>[http://www.regions.ru/news/2282382/ Кыргыз оппозициясы спецназды куралсыздандырып, элдин катарына өттү.]</ref>. Андан тышкары, көтөрүлүшчүлөр облустук ИИБдин имаратын да басып алууга аракет жасашкан. Оппозиция «альтернативдик губернатор» катары - Шералы Абдылдаевдин жана анын орун басарына - «[[Ата-Мекен]]» оппозициялык партиясынын өкүлү Койсун Курманалиеванын шайлангандыгын билдирген<ref>[http://www.ferghana.ru/news.php?id=14407&mode=snews Кыргызстан: Задержанные ранее лидеры оппозиции освобождены, здание парламента разгромлено, горит Генпрокуратура]</ref>.[[Файл:Roza Otunbaeva.jpg|left|thumb|184x184px|[[Отунбаева, Роза Исаковна|Роза Отунбаева]] — оппозициянын лидери жана убактылуу өкмөттүн башчысы]]Өлкөнүн ички ичкер министри [[Конгантиев Молдомуса Ташболотович|Молдомуса Конгантиев]] оппозициялык «Ата-Мекен» партиясынын өкүлү [[Шер-Нияз, Болот|Болот Шер-Нияздын]] кармалгандыгын билдирген. 6 апрель күнү кечинде оппозициялык топтун лидери, мурдагы премьер жана президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин үйүндө тинтүү болуп, Таластагы көтөрүлүштү уюштурган деген айып тагылып, камалган. Мындан тышкары ушундай эле айыптоо менен оппозициянын башка лидерлери [[Текебаев, Өмүрбек Чиркешович|Өмүрбек Текебаев]] жана [[Кыргызстан социал-демократиялык партиясы|КСДП]] партиясынын өкүлү [[Өмүркулов, Иса Шейшенкулович|Иса Өмүркулов]] да камалган. Өлкөнүн [[Кыргызстандын премьер-министрлеринин тизмеси|премьер-министри]] [[Данияр Үсөнов]] көтөрүлүшчүлөрдү катуу сынга алып, уюштуруучуларды «катуу жазага тартылаарын» айткан<ref>http://news.bbc.co.uk/2/hi/asia-pacific/8604955.stm</ref><ref>http://wiadomosci.gazeta.pl/Wiadomosci/1,80277,7738425,Zamieszki_w_Kirgistanie__demonstranci_zajmuja_budynki.html</ref>.
 
7 апрель күнү оппозиция элди президент Бакиевдин бийлигине каршы бүткүл элдик каршы чыгуу акциясына чакырган. Ошол эле күнү Кыргызстандын башка шаарларына да оппозициянын өкүлдөрү барган.
 
Бишкекте таң эрте башкы оппозициялык партия болгон КСДП партиясынын имаратынын алдына (Шабдан баатыр көчөсү, 4б дареги боюнча) 200дөй оппозициянын өкүлдөрү чогулушкан. Бирок аларды шаардын борборуна киргизишпей, чогулган элди таркатуу максатында бир нече көздөн жаш чыгара турчу гранаталарды ыргытышкандан кийин милийия кызматкерлери жана спецназ менен кагылышуу болгон. Бир нече кызхматкер жаракат алып, токтоп турган унаалар өрттөнгөн.
 
Андан соң, элдин жоон тобу Бишкектин четинен борборду көздөй жөнөштү. Жолдон аларга көптөгөн адамдар кошулуп, топ барган сайын көбөйүп жатты. Ошол мезгилде оппозициянын дагы бир лидери [[Сариев, Темир Аргембаевич|Темир Сариевдин]] [[Москва|Москвадан]] учуп келгенден кийин кармалгандыгы тууралуу маалымат тараган.
 
Бийликке каршы акциянын катышуучулары милициянын тосмолорун талкалап өтүшүп, борбордук аянтка келишкен. Алардын Ак үйдү алуу боюнча алгачкы аракеттерин коргоо кызматкерлери ок менен токтотушкан. Ак үйдүн алдында жана Ала-Тоо аянтында турган 5 миңге жакын адамга каршы ок чыгарышып, адам өлүмүнө алып келген бул кандуу буйрукту президенттин иниси Жаныш Бакиевдин бергендиги тууралуу айтылган. Өз кезегинде өлкөнүн Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Ж.Бакиев өзүнүн күнөөсүн азркыга чейин монуна алгысы келбейт:<blockquote>''«Мен ок атып жаткан [[БТР|БТРге]] аткыла деп буйрук бергем. Мен муну жашырбайм, бирок мен колунда куралы бар адамдарга гана ок чыгаргыла дегем. Рациядан ким куралы менен алдыга чыкса, ага ок аткыла деп пайткам, анткени алар бизге карата ок чыгарышкан»'' — деп РИА Новости агенттигине берген интервьюсунда билдирген.</blockquote>Ал эми Курманбек Бакиев өзүнүң кабинетинин терезелерине ок атылгандан кийин гана анын күзөтчүлөрү элге ок атканын айтат<ref>http://lenta.ru/news/2010/04/11/civil/</ref><ref>http://www.runewsweek.ru/globus/33736//</ref>.
 
== Убактылуу Өкмөттүн түзүлүүсү ==
[[Файл:Roza Otunbaeva.jpg|left|thumb|184x184px|[[Отунбаева, Роза Исаковна|Роза Отунбаева]] — оппозициянын лидери жана убактылуу өкмөттүн башчысы]]
 
== Курмандыктар ==
Line 69 ⟶ 76:
== Дагы көрүңүз ==
 
== ЭскертүулөрЭскертүүлөр ==
{{Эскертүүлөр|2}}
 
Line 80 ⟶ 87:
|Портал = Кыргызстан
}}
 
[[Категория:Кыргызстандагы төңкөрүштөр]]
[[Категория:Кыргызстандагы шайлоолор]]