Апрель революциясы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
108-сап:
8 апрель күнү Ош шаарында Бакиевди коргогондор жана каршы тургандар ортосунда кагылышуу болгон. Өлкөнүн түштүгүнө качкан президент өзүнүн жүргөн жерин жашынып, чет элдик ММКларга берген мегинде бийликтен кетпе тургандыгын билдирген. Анын айтымында өлкөдө "гуманитардык катастрофа" болуп, көчөгө автомат менен эркин басып калган куралдуу топторду жана абалды турукташтырууга жаңы өкмөттүн күчү жетпейт болчу. Жана дагы убактылуу өкмөт менен сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирген.
 
Жалал-Абад облусунун губернатору Кошбай Масиров Курманбек Бакиев отставкага кеткени жаткандыгы тууралуу маалымат берген<ref>[http://www.ekhoplanet.ru/statements_528_5029 Президент Киргизии Курманбек Бакиев подает в отставку]</ref>. Бакиевдин жолдогон жеке катында өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөбөйт, бирок отставкага кетпей тургандыгы жазылган<ref>[http://www.ferghana.ru/news.php?id=14429&mode=snews Кыргызстан: дагы деле кете элек президент Курманбек Бакиев элге кайрылуу жасады.]</ref><ref>[http://web.archive.org/web/20100410181833/http://www.france24.com/en/20100408-kyrgyzstan-bishkek-opposition-protests-ousted-president-bakiyev-refuses-resignation Бакиев бийликтен кетпей тургандыгын билдирди] </ref>.
 
Убактылуу Өкмөттүн башчысы ММКга «Бийликтин убактылуу өкмөттүн колуна өтүшү жана КРнын Конституциясын аткаруу тартиби» жөнүндөгү декрет жөнүндө маалымат берген. Декретте «Конституцияда президенттин жана өкмөттүн ыгарым укуктарын убактылуу жңы элдик бийлик колуна алат» деп айтылган, «мыйзам бузуу менен шайланган» Жогорку Кенеш (парламент) таркатылып, жаңы парламенттик шайлоого чейин парламенттин укуктарын убактылуу өкмөткө өткөндүгү тууралуу жазылган<ref>[http://www.ferghana.ru/news.php?id=14421&mode=snews Декрет «О переходе власти к временному правительству и порядке исполнения Конституции Киргизской Республики»]</ref>. Отунбаеванын айтымында, убактылуу өкмөт жарым жылдык мөөнөткө түзүлдү жана ушул жарым жылдын ичинде «жаңы Конституцияны кабыл алынат».
120-сап:
== Убактылуу Өкмөттүн түзүлүүшү ==
Данияр Үсөновдун отставкага кетүүсүнөн кийин Роза Отунбаева 8 апрель күнү бийлик Ош жана Жалал-Абад областтарынан тышкары дээрлик өлкөнүн бардык аймагында элдин колуна өткөндүгү тууралуу билдирген<ref>[http://news.bbc.co.uk/2/hi/asia-pacific/8608708.stm Кыргызстан: оппозициядан түзүлгөн жаңы өкмөт.] </ref>. Андан тышкары парламентти жана өкмөттү таркатуу чечими кабыл алынып, куралдуу күчтөр жана чек ара кызматы убактылуу өкмөткө караган. Жаңы өкмөт мыйзамсыз приватизацияланган Бакиевдердин байлыктарын өлкө казынасына кайтаруу чечими кабыл алынып, жана болуп өткөн окуяларды иликтөө иштери башталган.
 
Р. Отунбаеванын төрт орун басарлары дайындалган: Алмазбек Атамбаев — экономикага, Темир Сариев — каржы жана кредит маселеси боюнча, Өмүрбек Текебаев — конституциялык реформа боюнча, Азимбек Бекназаров — укук коргоо органдары жана прокуратурага бекитилген.
Убактылуу өкмөттүн вице-премьер министри Өмүрбек Текебаев революциялык бийлик тууралуу төмөндөгүдөй аныктама берген<ref>[http://www.vremya.ru/2010/61/5/251474.html Заявление вице-премьера временного правительства Омурбека Текебаева.]</ref>:
Line 128 ⟶ 129:
 
ИИМдин атайын Мамлекеттик коргоо боюнча башкы кызматынын 111 кызматкери ар кандай жаракат алышкан: 23 милиционер стационардык дарылануудан өтсө, 69 адам — амбулатордук дарылоодон өткөн. Каза болгондордун арасында ИИМдин Академияснын эки курсанты — Эдиль Такырбашев жана Никита Кущ болгон<ref>[http://www.centrasia.ru/newsA.php?st=1272147420 Н. Попова: Покой нам только снится. За что погибли курсанты Академии МВД Киргизии Эдиль Такырбашев и Никита Кущ]</ref>.
 
== Талап-тоноо жана мародёрчулук ==
[[Файл:Looted narodnyj supermarket.JPG|thumb|256x256px|«Народный» дүкөнүнүн талап-тоноочулуктан жабыр тартышы.]]
8 апрель күнү күндүзү жана түнкүсүн шаардын ар тарабынан атылган октун үнү жаңырып турду. Көчөдө токтоп турган унаалар коңторулуп, өрттөнүп жатты. Ири соода борборлоруна мародёрлор чабуул коюп, тиричилик техника, кийим-кече жана тамак-аш тонолгон. Көбүнчө түрк бизнесмендерине тиешелүү болгон  — Vefa жана Бета Сторес, жана кытай ишкерлеринин — Гоин соода борборлору, андан сырткары  — Караван, Дордой Плаза,  «Народный», «7 Дней» ж.б. дүкөндөр түйүнү жабыркаган.
 
Улуттук көркөм сүрөт музейи жана УТРКнын имараты да талкаланган. Бир нече баалуу сүрөттөр уурдалып, ал эми телеборбордо техникалык камсыздоосу иштен чыккан.
 
Күбөлөрдүн айтымында Бишкектин борборундагы БУМ (ЦУМ) жана Орто Азиядагы эң ири базар болгон — «Дордой» базарынын ишкерлери өз мүлктөрүн сактап калуу максатында сатуу түйүндөрүн жаап, товарларын алып чыгып кетишкен.
 
Убактылуу өкмөт коомчулукту тартипке чакырып, абалды турукташтыруу аракетин жасаган. ИИМ мамлекеттик жана жеке мүлккө кол салгандарды атууга уруксат берип, 8нен 9на караган түнү талап-тоноочулуктун 67 катышуучусу колго түшкөн. Элдик кошуундардын рейддеринин жардам менен абал туруташып, 9 апрель күнү транспорт ишке киргизилген, дүкөндөр жана банктар иштерин улантышкан<ref>[[Kyrgyzstan holds day of mourning for uprising victims]]
</ref>
 
== Эл аралык реакция ==