Difference between revisions of "Кислоттук жаан"

Undo revision 244593 by A.djan (talk)
(Жаңы маалыматты коштум)
(Undo revision 244593 by A.djan (talk))
[[Файл:Pollution - Damaged by acid rain.jpg|thumb|Кислоттук жаандан жабыркаган айкел]]
Кислоттук (же кычкыл) жаандар – абанын кислоталык оксиддер (көбүнчө күкүрттүн оксиддери, азоттун оксиддери) менен кирдөөсүнөн метеорологиялык жаан- чачындардын баардык түрлөрү – жаан, кар, мөндүр, туман, рН төмөндөшү.
 
Бул кубулуштун пайда болушу ар түрдүү күйүүчү отундарды пайдаланууда ар түрдүү газдардын өйдө көтөрүлүштөрүнө байланыштуу. [[Атмосфера|Атмосферада]] [[жамгыр]] өзүнүн жаратылышында начар кислоттуулугу менен мүнөздөлөт (5,6 Ph жакын). Себеби, абада көмүр кислотасы эрийт. [[Металлургиялык завод|Металлургиялык заводдордон]] жана башка [[Өнөр жай уулары|өнөр жайлардан]] атмосферага көп сандаган [[күкүрт]] газы бөлүп чыгарылат, ал эми нымдуу абага кошулуп иондук күкүрттүн кычкыл тузуна (сулңфаттарга) SO<sub>3</sub> <sup>2</sup> - айланышат, анан ал күкүрт кислотасына айланат. Бул кислота абада каныгат да суунун буусуна, жаанды пайда кылуучу булуттарга кошулуп кислоталык жаан жерге түшөт.<br />
[[Файл:Acid rain woods1.JPG|thumb|left|Кислоттук жаандан кийинки [[токой]]]]
Дагы бир зат - [[азот|азоттун]] кычкылы NO, кислоттук жаанды пайда кылуучулардан болуп эсептелет. Азоттун кычкылынын пайда болуулары, жылуулукту пайда кылуучу электростанцияларга жана ичинен күймө кыймылдаткычтарга байланыштуу. [[Аба|Абадагы]] [[кычкылтек]] менен кычкылданып, суу менен байланышууда, азоттун оксидасы NO, азоттун кислотасына -HNO<sub>3</sub> айланып кетет.<br />
Азыркы кездеги малыматтарга караганда, кислоттук жаандын көбүрөөк жааган жерлери байкалган: [[Португалия|Португалиянын]], [[Ирландия|Ирландиянын]] үстүндө, анын кислоттук өлчөмү ph=4,9 жеткен. Деңиз океандар менен курчалган [[Европа|Европалык]] өлкөлөрдө ph=4,1. Ал эми кээ бир өнөр жайлуу өлкөлөрдө ph=3,0 жакындап барат. [[Германия|Германияда]] 1970-ж. кислоттук жаан чачындан бир топ [[Токой|токойлордун]] аянттары ысырапка учураган. [[Континенталдык Европа|Континенталдык Европада]] кислоттук жаандан дарактар бүлүнгөн.
 
Күкүрттүн диоксидинин кычкыл жаандарды пайда кылуудагы үлүшү 70%.
 
Шаарларда атмосферанын кирдүүлүгүнө, о.э. кычкыл жаандардын пайда болушунун 70- 90% автоунаа камсыздайт.
 
== Кесепеттери ==
* Топурактагы минералдардын эригичтүүлүгү жогорулайт;
* Топурактагы редуценттердин, азотфиксаторлордун ж.б. организмдердин активдүүлүгү төмөндөйт;
* Көлмөлөрдө оор металлдардын кыймылдуулугун жогорулатат;
* Ферменттердин, гормондордун, ж.б. биологиялык активдүү заттардын активдүүлугун басаңдатат;
* Суу экосистемаларына түшүп, суунун туздуулугун, кебердүүлүгүн жогорулатат.
 
== Натыйжада ==
* Көлмөлөрдөгү олиготрофтуу жана мезотрофтуу фауна өлүмгө учурайт;
* Ийне жалбыратуу токойлор жабыркайт, жаңы өнүмдөр өлүмгө учурайт;
* Неврологиялык мүнөздөгү оорулардын себепчиси;
* Адамдардын бат чарчап, башы айланып, жалпы абалынын начарлашы;
* Токойлордун деградациясы.
 
== Чечүү жолдору ==
* Таштандыларды зыянзыдандырууда жаңы технологияларды колдонуу;
* Альтернативдүү энергия булактарын колдонуу;
* «Жашыл» унааларды ишке киргизүү.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4
* EKOLOJİ ÇEV-150. 7. Hafta: Kyrgyzstan-Turkiye Manas University / Dr. Nurzat Totubayeva
[[Категория: Биология]]