Бишкек: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Redirected page to Бишкек (шаар)
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
1-сап:
#REDIRECT{{Башка [[маанилер|Бишкек (шаармаанилери)]]}}
{{ОЖ
|статусу = Борбор шаар
|кыргызча аталышы = Бишкек
|расмий аталышы =
|сүрөт = E7874-Bishkek-Philharmonic.jpg
|сүрөт ачыктамасы = Бишкек филармониясы
|баш ийгени = Мамлекеттик денгээлдеги шаар
|өлкө = Кыргызстан
|герб = Coat of arms of Bishkek Kyrgyzstan.svg
|желек = Flag of Bishkek Kyrgyzstan.svg
|гербдин сүрөттөлүшү =
|желектин сүрөттөлүшү =
|гербдин туурасы = 70
|желектин туурасы = 150
|lat_dir = |lat_deg = 42|lat_min = 52|lat_sec =
|lon_dir = |lon_deg = 74|lon_min = 34|lon_sec =
|CoordAddon =
|CoordScale = 40000
|өлкө картасынын өлчөмү = 300
|облус картасынын өлчөмү =
|район картасынын өлчөмү =
|облус түрү =
|облус = Чүй
|таблицадагы облус =
|район түрү =
|район =
|таблицадагы район =
|коомдун түрү =
|коом =
|таблицадагы коом =
|ички бөлүнүшү = 4 аймак (1-Май, Ленин, Октябр, Свердлов)
|башчысынын түрү = Мэр
|башчысы = [[Албек Ибраимов]] <ref name="UN">http://www.super.kg/mobile/kabar/news/139855/ Бишкек шаары жаңы мэриялуу болду [[Super.kg]]] </ref>
|негизделген күнү = 1825
|биринчи белгиленген = 1864
|мурунку аталышы = Пишпек ([[1926]] чейин)
Фрунзе ([[1926]]-[[1991]])
|статустун берилиши = 1878
|аймагы = 169,9
|бийиктиктин түрү =
|ОЖ борборунун бийиктиги = 750—900
|климаты = кескин континенталдуу
|расмий тили = кыргыз тили
|расмий тили2 = орус тили
|калкы = {{Өсүү}} 901 700
|элди каттоо жылы = 2014
|жыштыгы =
|агломерация =
|улуттук курамы = [[кыргыздар]] — 66.2 %
[[орустар]] — 23,0 %
[[уйгурлар]] — 1,6 %
[[татарлар]] — 1,5 %
[[корейлер]] — 1,4%
[[өзбек|өзбектер]] — 1,4%
[[казактар]] — 1,1 %
[[украиндар]] — 1,0%
[[дунгандар]] — 0,5%
|диний курамы = ислам, христиан
|этнохороним = Бишкектик
|убакыт аралыгы = +6
|DST =
|телефон коду = +996 312
|почта индекси = 720000
|почта индекстери =
|автоунаа коду = 01, BB, E
|идентификатордун түрү =
|цифралык идентификатор =
|Commons түрмөгүндө = Bishkek
|сайты = meria.kg
|сайтынын тили = ru

'''Бишкек''' – [[Кыргызстан|Кыргыз Республикасынын]] саясий, экономикалык, илимий, өнөр жай жана маданий [[Борбор|борбору]] жана өлкөдөгү эң ири шаары. Өзгөчө бир административдик бирдиги. [[1878]]-жылы негизделген. Аянты 12,7 миң га. Калктын саны - 874,4 миңге чукул (2012). Өлкөнүн түштүк аймактарына окшобой, калктын арасында [[орус]] жана орус тилде сүйлөшкөндөрүн пайызы жогору. Бишкек шаарында 4 адм.-айм. бирдик — Биринчи Май, Ленин, Октябрь, Свердлов райондору, Чоңарык шаарчасы (8,2 миң адам) жана Ортосай айылы (4,5 миң адам) бар. Кыргыз Республикасынын түндүк тарабындагы, [[Чүй өрөөнү]]ндө, [[Теңир-Тоо]]нун астында, [[Кыргыз Алатоо, тоо|Кыргыз Ала-Тоосунун]] этегинде, [[Казакстан]] чек арасынан 25 чакырымдык алыстыкта жайгашкан. Шаар аймагы 127,3 чарчы чакырым түзөт. Бишкек деңиз деңгээлинен 700-940 метр жерде жайгашкан.

== Административдик-аймактык бөлүнүшү ==
{{main|Бишкектин административдик-аймактык бөлүнүшү }}
Административдик-аймактык бөлүнүшү боюнча 4 районго бөлүнгөн. Калкынын саны – 2009 жылкы эл каттоо жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн.
* [[Октябр аймагы|Октябрь району]] – 242 382 (2009)
* [[Биринчи май аймагы|Биринчи Май району]] – 175 894 (2009)
* [[Свердлов аймагы|Свердлов району]] – 23 801(2009)
* [[Ленин аймагы|Ленин району]] – 201 626 (2009)
* шаар тибиндеги Чоӊ-Арык айылы – 9 724 (2009)
* Орто-Сай айылы – 4 100 (2009)
Ленин районуна Чоӊ-Арык айыл кеӊеши карайт. Чоӊ-Арык айыл кеӊешине шаар тибиндеги Чоӊ-Арык айылы, Орто-Сай айылы жана аэропортко жакын жайгашкан Манас айылынын жарымы карайт.
Район башчылары акимдер болуп эсептелет. Акимди мэрия жана шаар кеӊеши дайындайт. Акимиат- район администрацисы болуп эсептелет.

== Табияты ==

Бишкек Кыргыз Ала-Тоосунун этегинде, Чүй өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө, Аламүдүн жана [[Ала-Арча]] сууларынын шилендиси пайда кылган жантайыңкы түздүктөн орун алган. Деңиз деңгелинен 750–900м бийиктикте жайгашкан. Лёсс сымал кыртыш каптаган түздүк бара-бара түндүктү карай жантайып, Чүй суусунун жайылмасына кошулат. Бишкек тушта Чүй суусунун нугу Чүй өрөөнүнүн түн. жагына карай четтеп, шаардан 20кмдей аралыктан өтөт. Чүй өрөөнүнүн Бишкек шаарынын туштагы жазылыгы 60кмдей.

[[Чүй]] өрөөнүнүн Бишкек шаары жайгашкан борбор бөлүгү геологиялык структурасы боюнча кеңдикке жакын багытта созулуп жаткан асимметриялык мегасинклиналь. Шаардын азыркы чеги Чүй синеклизасынын Бишкек ийилүүсү деп аталган түш. бөлүгүнө дал келет. Ийилүү палеоген-неогенде пайда болгон чөкмө тектер менен толгон. Алар палеозой фундаментинин үстүндө жатат. Палеозой тоо тек катмарлары 5000мден ашык тереңдикте (геофизикалык маалыматтар боюнча) жатып, негизинен гнейс, кристаллдык сланец жана акиташ тегинен, ошондой эле эффузия тоо тектеринен турат. Үстүндөгү палеоген-неоген тоо тек катмарларынын жалпы калыңдыгы 4,5–5,0км. Аларды төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон борпоң тоо тектердин калың кабаты жаап жатат. Алар кой таштардан, арасында кум-шагыл ширелген майда жумуру таштардан, ар кандай бүртүктөгү кумдардын жана кумдуу чопонун кабатчалары менен топторунан түзүлгөн аллювий-пролювий чөкмө тоо тектерден турат.

Сейсмдик райондоштуруунун маалыматы боюнча шаар аймагы 9 баллдуу зонада жайгашкан. Шаардын аймагындагы 4 жерден 1500–2000м тереңдиктен бургулоо көзөнөгү аркылуу минералдуу ысык суу чыгарылган. Курамы хлорид-натрий кальцийлүү. Дарылык касиети бар. Муун, тери, ичеги-карын оорууларын дарылоодо пайдаланса болот.

Бишкек шаарынын мелүүн алкактагы континенттик климаттуу аймактын түштүк чегинде жайгашкан. Бир жылда орто эсеп менен 322 күн (2000 саат) бою күн тиет. Күн эң көп тийген ай июль (332 саат), эң аз тийгени декабрь (126 саат). Абанын жылдык орт. темп-расы 10,2°С, январдыкы – 4,6°С, июлдуку – 24,5°С. 1930-жылы декабрда эң төмөнкү температура (–38°С), 1983-жылы июлда эң жогорку температура (43°С) катталган. Шаардын түштүк бөлүгү түндүк бөлүгүнөн 1—2°Сге жылуураак. Үшүк жүрүү жазында апрелдин ортосунда токтоп, күзүндө октябрдын ортосунан башталат. Бирок бул мөөнөттөр өзгөрүп да кетиши мүмкүн. Шаар нымдын негизги булагы – деңиз менен океандан алыс жайгашкандыктан жаанчачын аз болот. Жылдык жаан-чачындын орт. өлчөмү 409мм. Көбү март-июль, жылдын кургакчыл мезгили (11%) июль–сентябрь айларына туура келет. Кар декабрдын ортосунан февралдын аягына чейин жатат. Жаан-чачындуу кыштагы кардын орто калыңдыгы 13см, аз түшкөндөгү орто калыңдыгы 3–7см. Бишкектин климатына тоо-өрөөн желаргысы мүнөздүү. Анын ылдамдыгы 2–3м/секдан ашпайт. Ылдамдыгы 15м/секга жеткен шамал негизинен батыштан согот жана жылына орто эсеп менен 30дай жолу болот. Жылдын суук мезгилинде жылына орто эсеп менен 30–40 күн шаарды жөө туман жана мунарык басып турат.

Бишкек шаарынын негизги суу артериялары мурда Аларча жана [[Аламүдүн]] суулары болгон. Алар Бишкектин аймагында тармактанган нуктар менен түштүктөн түндүктү карай аккан. Шаар курулушунун кеңири кулач жайышына байланыштуу алардын көптөгөн салаалары эки гана нукка бириктирилген. Суу агымын жөнгө салуу үчүн Бишкектин түш. тарабындагы тоо этектеринде курулган суу сактагычтар жана көптөгөн сугат каналдары аркылуу шаар айланасындагы чарбалардын жерлерин жана шаар аймагын сугарууга пайдаланылат. Бишкектин ирригация системасына шаар аркылуу ар тарапка салынган арыктар менен каналдар тармагы кирет. Шаар аркылуу Батыш жана Түш. Чоң Чүй каналдары өтөт. Бишкектен түндүгүрөөктө Төмөнкү Аларча суу сактагычы жайгашкан: бир бөлүгү шаардын аймагына кирет. [[Кара жыгач багы]]нда жана [[Бишкек Эркин Экономикалык зонасы]]нын аймагында көлмөлөр бар. Шаардын түштүк бөлүгүнө түндүктүн кадимки боз топурагы мүнөздүү, түндүк (төмөнкү) бөлүгүн боз шалбаа, шалбаа жана шалбаалуу-саздак топурактары каптап жатат. Табигый өсүмдүктөр шаардын чет-жакасындагы бош жерлерге гана мүнөздүү. Шаардын түн. бөлүгүнүн өсүмдүк эгилбеген бош жерлеринде камыш, жекен, ыраң чөп, көлмө жана суу жээктеринде жапайы тал, терек, сейрек жийде кезигет. Шаардын түш. жагында тоо этектеринин адырларында кургакчыл жерге мүнөздүү өсүмдүктөр басымдуулук кылат. Адырлардын төмөнкү бөлүктөрүн эфемер-шыбактуу жарым чөл ээлейт.

== Калкы ==

Бишкек шаарынын калкынын саны 1999-жылы марттагы эл каттоо боюнча 762,3 миң адам болуп, респ-дагы калктын 15,8% түзгөн. Шаарда 1940-жылы 104,5 миң калк жашаса, 1950-жылы 218,0 миң, 1979-жылы 535,5 миң, 1989-жылы 619,9 миң калк болгон. 2003-жылы 797,4 миң калк жашап, анын 792,9 миңи (99,4%) шаарда, 4,5 миңи (0,5%) шаардын чет-жакасындагы [[Ортосай]] айылында жашайт. Эркектер жалпы калктын 47,9%, аялдар 52,1% түзөт. 2002-жылы үйлөнгөндөрдүн саны 3729 же болбосо 1000 кишиге эсептегенде 3,8, ажырашкандар 1947 же 1000 кишиге эсептегенде 2,2 адамды түзгөн. 2002-жылы Бишкек шаардык кеңеши боюнча 1000 адамга төрөлгөндөрдүн саны 14,3, өлгөндөрдүн саны 7,5, табигый өсүш 5,4 миңди түзүп, төрөлгөн 1000 баланын (1 жашка чейинки) 25,9 өлүмгө дуушар болгон. 2002-жылы жумушсуздардын саны (катталганы боюнча) Бишкек шаары боюнча 8952 адамды түзгөн. 2000-жылы шаар боюнча жалпы калктын 24,0% эмгекке жарамдуудан жаш, 64,9% эмгекке жарамдуу, 11,1% улуу муундагы адамдар болгон. Шаарда [[кыргыз]] (52,2%), [[орус]] (33,2%), [[украин]] (11,2%), [[казак]] (1,6%), [[өзбек]] (1,6%), [[татар]] (2,1%), [[немис]] (0,7%), [[дуңган]] (0,5%), [[уйгур]] (1,7%) ж.б. улуттун өкүлдөрү жашайт. Бишкек шаарынын калкынын 2002-жылкы миграциясы: келгендердин саны 5741 адам, кеткендер — 12654 адам болуп, алардын ичинен чет өлкөлөрдөн шаарга 1017 адам жана өлкөнүн башка региондорунан шаарга 4724 адам келип, шаардан башка чет өлкөлөргө 8092 адам жана өлкөнүн башка региондоруна 4562 адам кетип, жалпы миграциялык азаюу 6913 адамды түзгөн.

== Тарыхы ==
[[Файл:Central Bank KASSR.jpg|thumb|[[Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы|Кыргыз ССРинин]] Борбордук банкы, 1927]]
Азыркы шаардын аймагын адамдар эң байыркы заманда эле отурукташкан. [[Аламүдүн ГЭС]]теринин жанынан табылган таш эмгек куралдары Бишкектин айланасында алгачкы адамдар б.з.ч. 5–4 миң жылдыктарда жашагандыгын далилдейт. [[Темир доору]]нун башталышы менен Кыргызстандын аймагында [[сак]] (б.з.ч. 7–3 кылымдары) жана [[усун]] (б.з.ч. 3-кылым – б.з. 5-кылым) уруу бирликтери түзүлгөн. Бул уруу союздары Аламүдүн, Аларча сууларын бойлото да отурукташкан. Буга кийинки мезгилге чейин сакталып калган дөбө-мүрзөлөр далил болот.

Орто кылымда Аламүдүн жана Аларча сууларынын алабын көчмөн жана отурукташып дыйканчылык кылган [[түрк уруулары]] мекендеген. Орто кылымдагы эң ири шаарлардын бири азыркы [[Бишкек шаар чалдыбары]] (7–12 кылымдары) болгон. Татаал планда салынып, бекем чеп курулмаларынан турган бул шаар 25–30 км2дей аянтты ээлеген (Бишкек1 бекетинин жана мурунку Ключевой, Кызыласкер айылдарынын аймагы). Кийин «Темир усталар чеби» аталып калган дагы бир байыркы чоң шаар (8–13 кылымдары), азыркы Абдумомунов жана Орозбеков көчөлөрүнүн, Кара жыгач багы менен Аламүдүн суусунун ортосунда жайгашкан.
[[Файл:Kilometre zero Bishkek.jpg|left|thumb|Бишкек шаарынын нөлдүк километри]]
Шаардын борбору кокондуктардын мурдагы чеби [[Бишкек чеби]]нин аймагында (Аламүдүн суусунун сол жээги, кийин «Темир усталар чеби» деп аталып калган шаар чалдыбарынын орду) жайгашкан. Шаар 8-кылымындан 15-кылымдын башына чейин өнүгүп, моңголдордун жапырыгында бүлгүнгө учураган жана бир аз убакыттан кийин кайта жанданып, тиричилик 18-кылымга чейин созулган. Андан кийин шаар биротоло ээн калган. Айрым маалыматтар боюнча 18-кылымында [[солто уруусу]]нан чыккан Бишкек аттуу адам ушул чөйрөнү жердеп, журтун душмандан коргоп турган. 19-кылымдын башында кыргыз феодалдарынын өз ара чатагынан пайдаланган [[Кокон хандыгы]] Чүй өрөөнүн басып алып, жергиликтүү элди башкарып туруу үчүн бир катар чеп курдурган.

Кокондуктардын негизги чыңдоолорунун бири катары Чүй өрөөнүн борбор бөлүгүндө курулган чеп — Бишкек чеби аталган (бул аталышты колониячылар [[Пишпек]] деп бурмалап, өзгөртүп айтышкан). Бул чеп Аламүдүн суусунун батыш жагында азыркы «Темир усталар чебинин» ордунда 6га жерди ээлеген. Борбор Азияны ээлеп алууга умтулган Орусия аскерлери 1860-жылы 4-сентябрда Бишкек чебин убактылуу басып алган. Бирок алар кетээри менен мында кокондуктардын бийлиги кайра орногон. 1862-жылы сентябрда падыша аскерлери Байтик башында турган кыргыздардын жардамы менен чепти 2-ирээт ээлеп, аны биротоло талкалаган. 1864-жылы анын урандысынын жанында казак-орустардын бекети, ага удаа чакан базар, 1887-жылы ат-почта бекети курулган. 1868—70 жылдары шаардын азыркы чегинде орус келгиндери Аламүдүн жана Бишкек айылдарын негиздешкен. 1865-жылга чейин чүйлүк кыргыздар акимий жактан Алатоо округунун (борбору — [[Верный]] шаары) начальнигине баш ийген, 1865–67 жылдары [[Түркстан облусу|Түркстан]] дубанына, кийин [[Токмок уезди|Токмок]] уездинин курамында Жетисуу облусуна кирген. 1878-жылы 29-апрелде уездин борбору Токмоктон Бишкекке көчүрүлүп, ага шаар статусу берилген. Шаар калкынын саны 1913-жылы 18468 жеткен. Бишкекте кустардык-өнөр жайлык мүнөздөгү алгачкы ишканалар, а.и. тегирмендер 19-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. 1883-жыды булгаары заводу, 1885-жылы сыр-быштак жасоо ишканасы иштей баштаган. Ошондой болсо да шаарда ө.ж-га караганда базардык-стационардык типтеги соода тезирээк өнүккөн. 1878-жылы алгачкы чакан оорукана менен дарыкана ачылган. 1879-жылы приходдук бир класстуу окуу жай, кийин башка окуу жайлар ачылган. 1916-жылы жайында [[Бишкек уезди|Бишкек]] уездинин көп бөлүгүн улуттук-боштондук көтөрүлүш каптаган. [[Орусия|Орусияда]] февраль буржуазия-демократиялык революциясы жеңгенден кийин, 1917-жылы мартта Бишкек солдат жана жумушчу депутаттар кеңеши уюшулуп, анда чечүүчү позициянын [[Убактылуу өкмөт|Убактылуу өкмөттү]] колдогон меньшевиктер менен эсерлер ээлеп алышкан. 1918-жылы 7-январда Бишкектеги жана уездеги бийлик иш жүзүндө большевиктердин колуна өткөн. 1924-жылы 14-октябрдан Бишкек — Кара Кыргыз АОсунун (1925-жылы 25-майдан Кыргыз АОсу), 1926-жылы 1-февралдан [[Кыргыз АССР|Кыргыз АКСР]]инин борбору, 1926-жылы 12-майдан [[Фрунзе]] деп аталган. 1936-жылы 5-декабрдан Фрунзе — [[Кыргыз ССР|Кыргыз КСР]]инин борбору (1991-жылдан Бишкек аталып, эгемендүү Кыргыз Республиканын борбору), 1938-жылы Бишкекте 3 акимий район [[Пролетар]] (азыркы Ленин), [[Биринчи Май]], [[Свердлов район|Свердлов райондору]] түзүлгөн. 1961-жылы шаарга Кызыласкер, Привокзальный (Попеновка), [[Төкөлдөш]] айылдары, Аламүдүн, Көкжар айылдарынын бир бөлүгү, 1984-ж. Чоңарык, Ортосай айылдары кошулган. 1974-жылы жаңы акимий район Октябрь район түзүлгөн. Кеңеш доорунда Бишкек шаарынын саясий-коомдук, социалдык-экономиалык жана маданий турмушунда зор өзгөрүүлөр болду. 1924-жылы алгачкы кыргыз газети «[[Эркинтоо]]» чыккан. 1926-жылы мамлекеттик басмакана менен музей түзүлгөн. 1932-жылы педагогика, 1938-жылы зооветеринария, 1939-жылы медицина институттары ачылган. Ошол эле жылдары алгачкы ири өнөр жай ишканалары курулган. Бишкекке [[Улуу Ата мекендик согуш]] жылдарында [[Украина|Украинадан]], Орусиядан бир катар ө. ж. ишканалары көчүрүлүп келинген. Азыркы учурда базар экономикасына багыт алуунун натыйжасында шаардагы өнөр жай ишканаларынын, соода мекемелеринин ж. б-дын бир катары менчиктин түрдүү формаларына өтүүдө. Көз каранды эмес мамл-тин борбору катары Бишкекте бир катар чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү ачылып, Кыргызстандын дүйнө элдери менен байланышы кеңейүүдө.

VII-кылымындан баштап Бишкек калаасы Жул шаарчасы катары таанымал болчу. 1825-жылында [[Чүй өрөөнү|Чүй]] өрөөнүндөгү Пишпек аттуу калаасы эң ири аскерканасы (гарнизон) менен кошоо курулган. Орус аскердери калааны 2 жолу (Аяк оона айынын (сентябрь) 4, 1860 жана тогуздун айынын (октрябрь) 24, 1862) басып алышкан. 1862-жылдын Жетинин айында (ноябрь) калаа талкаланган. Эки жыл өткөндөн соң, анын ордуна *казак пикети орнотулуп, кийинерек базар чогула башталды. 1868-жылы Пишпек аттуу конуш курулган. Чын куран айынын (апрель) 29, 1878-жылы уезддын ([[Жети-Суу]] дубаны) борбору Пишпеке которулган. Ошол учурдан бери Пишпек (Бишкек) шаар наамдын ээси.

Тогуздун айынындан (октябрь), 1924-жылындан, Кара-Кыргыз Өзэрктин (автономия) акимий борбору. Бугу айынан (май), 1925-жылдан - Кыргыз Өзэрктин (автономия) борбору. 1926-жылы кеңештик (советтик) аскербашынын, Михаил Фрунзенин, аты коюлуп Фрунзеге өзгөрүлгөн. 1936-жылдан баштап Фрунзе шаары - [[Кыргыз ССР|Кыргыз КСР]]дин борбордук калаасы. 1991-жылы, эгемендүү Кыргыз Республикасында, шаардын аты кайрадан Бишкекке өзгөрүлгөн. Бир уламыш боюнча шаардын жаңы аты, XVII-кылымында бул жерде жашаган Бишкек-Баатырдын атынан чыккан. Башкасы боюнча - Пишпектен (биринчи аты) жана Бишкек (май басуу үчүн курал).
== Шаардын символдору ==
<gallery>
Gerb of Pishpek 1908.png|[[Пишпек (шаар)|Пишпек шаарынын]] герби, [[1908|1908-жыл]]
Coat of arms of Frunze Kyrgyzstan.svg|[[Фрунзе (шаар)|Фрунзе шаарынын]] герби, [[1978]]-[[1991|1991-жж]].
Coat of arms of Bishkek 1991-1994.svg|Бишкек шаарынын герби, 1991-[[1994|1994-жж.]]
Bishkek coa 1994.svg|Бишкек шаарынын герби, 1994-жылкы версиясы
Coat of arms of Bishkek Kyrgyzstan.svg|Азыркы Бишкек шаарынын герби
</gallery>Шаардын герби 1908-жылы 19-мартта бекитилген. Ал кезде бүткүл Кыргызстан Орус империясынын курамында болчу, Пишпек шаары Жети-Суу областында эле.

Фрунзе шаарынын герби 1978-жылы шаардык Эл кеңешинин депутаттары бекитишкен. «Фрунзегорпроекттин» ишкерлери Г. Мулявин жана А. Согонов тарткан сүрөт шаардык 100-жылдыгына карата өткөрүлгөн ачык конкурста жеңип чыккан. Ал гербдин өңдөрү ак, кызыл,ультрамарин, жашыл, коло түстө болгон.1978-жылдан 1991-жылга чейин эч өзгөрүүсүз турган гербдин ылдый жагында турган Фрунзе деген жазууну "Бишкек" деген жазууга алмаштырышкан.

Бишкектин жаңы гербин 1994-жылы график М. Асаналиев жана философия илимдеринин кандидаты С. Иптаров тарабынан сунушталган герб жактырылган. Ал кездеги шаар мэри Ф.Кулов жаңы герб тууралуу демилгени көтөрүп чыккан.
== Транспорт ==

=== Темир жол ===
Темир жол каттамдары үч темир жол станциялары аркылуу жургүзүлөт: Пишпек, Бишкек жана Аламедин. Жүргүнчүлөрдүн жана жуктөрдүн негизги агымы Орусиянын шаарларына бет алышат, Казакстандын аймагы менен. Жергиликтүү шаар аралык жана жакынкы аймактарга да каттамдар бар.

=== Электрдик ===
Шаардык транспорттун дагы бир түрү болуп, троллейбустук система болуп эсептелинет. Тарыхка кайрылсак, 1951-жылдын 13-январында ачылган. 8 маршрут боюнча азыркы күндө 167 торллейбус иш алып барат (161 даанасы жүргүнчү ташуу үчүн, 6 даанасы үйрөтүүчү жана атайын кызмат көрсөтүүчү). Баасы 8 сом.

Шаарда жеңил метро жана электрпоезд түзүлөөрү күтүлүүдө.

=== Автомобилдик ===
Шаардын коомдук транспортунун негизги түрлөрү болуп: автобустар, маршруттук таксилер, таксилер эсептелинет.

Маршруттук таксилер жургүнчулөрдүн көпчулүк бөлүгүн тейлейт, бир нече ишкана иштейт.

Жеңил машиналардын саны 2000-жылдан 2011-жылга чейин 3 эсе, автобустар 2 эсе өскөн.

Шаардын көчөлөрү оңдолуп, жаңы жолдор да салынууда.

=== Шаар аралык байланыш ===
Ысык-Көлгө Бишкектен, жайында өзгөчө, автобустардын жана миниавтобус, таксилердин агымы көбөйөт. Көлгө чейин поезд менен да барса болот, Балыкчы шаарына чейин.
[[Файл:Manas 2.jpg|thumb|Жаңы салынган "Манас-2" аэропорт терминалы]]
Бишкектен Кыргызстандын башка шаарларына чейин көптөгөн маршрут менен автобустар каттайт. Аларды шаардагы эки автобекет тейлейт: Батыш (жаңы) жана Чыгыш (эски) автобекет болуп.

=== Аэропорт (Абабекет) ===
Бишкек шаарынын административдик аймагында жайгашкан эл аралык «Манас» аэропорту шаардан 23 км алыстыкта жайгашкан. Аэропортту кыргыз элинин улуу эпосунун башкы каарманы - Айкөл Манастын атынан коюлган. Бул аэропорт шаарды, ошондой эле Чүй дубанынын чет өлкөлөр жана Республиканын дээрлик бардык региондору менен аба жолдору аркылуу байланыштырат. 2000-жыды Бишкек шаарынын аба жолдору менен 1173,5 миң жүргүнчү ташылган. ЭГАУнун(ИКАО) классификациясына ылайык, аэропорт 4Е классында. Учуп-конуу тилкеси 4,2 км. Ал кандай самолет болбосун, кабыл ала алат дегендик, аба ырайынын эң татаал мезгилинде дагы. Перрондун (башка самолеттор токтоо үчүн жай) жалпы аянты — 242 миң м². Жаңы терминал курулган.

Бишкек тогуз жолдун тоомунда жайгашып, өлкөдөгү эң ири транспорт түйүнү болуп да саналат. Эң ири автомагистралдары:
* Бишкек–Ош,
* Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт–Кашкар (Кытай),
* Бишкек–Балыкчы–Каракол,
* Бишкек–Алматы (Казакстан),
* Бишкек – Карабалта–Тараз (Казакстан)–Ташкен (Өзбекстан) автоунаа жолдору ж.б.
== Экономикасы ==

[[File:Newapart.jpg|thumb|left|Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бири]]

Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык жактан башка дубандарга салыштырмалуу жогору деңгээлде өнүккөн, саясий жактан [[Кыргыз Республикасы|Кыргыз Республикасынын]] борбору катары өзгөчөлөнгөн аймак. Шаарда өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш жана элди социалдык жактан тейлеген соода, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. тармактар өнүккөн.

Кийинки жылдары, Кыргызстанда жана анын аймактарында өндүрүштү рыноктук шартка ылайыкташтыруу максатында, чарбанын бардык тармактарында экономикалык реформа жүргүзүү башталган. Натыйжада, өндүрүшкө структуралык өзгөрүүлөр киргизилип, менчиктин ар түрдүү формасындагы ишканалар көбөйдү. 2003-жылдын 1-январына карата, статистикалык бирдиктин мамл. регистрине киргизилген ээлик кылуучу (юридикалык жактар) ишкана, уюм жана мекемелердин катталган саны 23531 (а.и. иштегендери 19902) болгон. Алардын ичинен менчиктин формалары боюнча 1240 (842) мамлекеттик, 399 (240) коммуналдык, 21956 (8820) жеке менчикке таандык. Ал эми жалпы 23531 субъектилердин түрлөрү боюнча: 21813 (8527) чакан ишканалар, 1049 (771) орто жана 669 (604) ири ишканалар.
[[Файл:Jannat hotel.jpg|thumb|"Жаннат" мейманканасы]]
Рыноктук шартка ылайыкташкан ушул ишканалар – өнөр жай, курулуш, транспорт, соода же тейлөөнүн башка тармактарына таандык. Өндүрүштү базар экономикасынын шартына ылайыкташтыруунун натыйжасында шаардын өнөр жайында дагы эң ири структуралык өзгөрүүлөр болду.

Өндүргөн продукциялары рыногун жоготуп, сатылбай калган өнөр жай ишканалары, айрыкча Бишкектеги машина куруу тармагынын ири ишканаларынын өндүрүшү токтотулду же аларды башка өтүмдүү буюмдарды жасоого толук кайра курууга туура келди. Кээ бир ишканалар жарым жартылай иштеп калышты. Ошого байланыштуу Бишкек шаарынын өнөр жай өндүрүшү 1991—95 жылдары 4 эсеге төмөндөгөн.

Шаарда 1991-жылы чөп таңгактоочу машина жасоо 20 миң даанага жетсе, 1996-жылы анын 200 араң чыгарылган. Электр машиналар 1125тен, 64кө, металлды кесүүчү станоктор 1146дан 27ге, токулган кийимдер 16 млн даанадан 1,4 млн даанага, бут кийимдер 3,5 млн жуптан 380 миң жупка чейин кыскарган. Ошондуктан, өнөр жай өндүргөн продукциянын көлөмү боюнча Бишкектин республикадагы үлүшү 1991-жылы 31,0%тен, 1996-жылы 20,7%ке чейин азайган. Ал эми, 1996-жылы шаардын өнөр жай өндүрүшүндөгү төмөндөө токтолуп, кайра жогорулоого багыт алды.

1995-жылга салыштырганда бир жылдык өсүш продукциянын көлөмү боюнча 3,0%ти түзгөн. Жогоруда белгиленген өзгөрүүлөргө карабастан, Бишкек шаары дагы эле Республиканын эң ири өнөр жай түйүнү катары белгилүү. 2002-жыды шаарында 125 ишкана иштеп, Кыргызстандын өнөр жайынын 20,0%ин же 8903,0 млн сомдук продукциясын өндүргөн. Анын ичинен кеңири керектелүүчү товарлардын үлүшү шаардын өнөр жай өндүргөн продукциянын 63,5%ин түзгөн.

Шаарда өнөр жай өндүрүшүнүн бардык тармактары бар. Алардын ичинен негизгилери машина куруу жана металл иштетүү (2000-жылы 445,9 млн сомдук продукция чыгарган), жеңил (576,6 млн), тамакаш (1877,3 млн) өнөр жайлары жана электрэнергетика (996,6 млн сом) негизги орунду ээлеп, алар 2000-ж. жалпы өнөр жайдын 60%тен көбүрөөк продукциясын өндүргөн. Ушул тармактардын республикадагы үлүшү дагы жогору. 2000-жылы шаардын машина куруу өнөр жай Республиканын ушул тармагы өндүргөн продукциянын 26,2%ин, тамак-аш 29,0%ин жана жеңил өнөр жай 23,5%ин чыгарган.

[[Файл:Southern Gates Bishkek.jpg|thumb|Түштүк дарбазадагы парк (Южные ворота)]]
Бишкектин ири өнөр жай ишканалары:
* Бишкек ЖЭБ (ТЭЦ, 2000-жылы 454,3 млн сомдук продукция өндүргөн),
* «РЕЕМТСМА – Кыргызстан» АК (386,6 млн),
* «Дастан» корпорациясы (302,1 млн), камволдук-нооту (174,3 млн),
* «Кока-Кола – Бишкек – Ботлерс» ишканасы (162,0 миң),
* «Бишкек дан-азык» (52,5 млн);
* Бишкек машина куруу заводу (110,4 млн),
* «Бишкексүт» (114,6 млн),
* «Таттуу» (29,0 млн),
* «Кыргызшампаны» (46,9 млн),
* «Кыргызавтомаш» (55,6 млн),
* «Жылдыз» (10,1 млн),
* «Байпак» (9,0 млн),
* «Бишкек темир-бетон заводу» (37,8 млн сом),
* «Булгаары» биргелешкен ишканасы (14,3 млн) акционердик коомдору ж.б.

Өнөр жайдын негизги продукциялары:
* электроэнергия (2002-жылы 1060 млн кВт/с),
* касса аппараттары (72 даана),
* автомобиль радиаторлору (178,2 даана),
* мебелдер (172,0 млн сом),
* бетондон жасалган курама курулуш конструкциялары (59,4 миң т),
* кыш жана плита материалдары (16,3 млн даана),
* токулган кийим (15,6 миң даана),
* жүн кездемелери (374 миң м3),
* байпактар (3793,6 миң жуп),
* бут кийимдер (37,9 миң жуп),
* эт (6,3т), сүт (17,4 миң т),
* пиво (4722 миң дикалитр),
* шампан (260 миң дикалитр),
* коньяк (27,5 миң дикалитр),
* сигарет жана папиростор (3168,6 даана),
* ун (27,2 миң т), нан азыктары (41,3 миң т),
* чай (2,7 миң т) ж. б.

Көпчүлүгү, айрыкча машина куруу жана жеңил өнөр жай тармактарынын продукциялары чет өлкөлөргө сатылып, алар менен экономикалык байланыш түзүүдө жана Республиканын өнүгүшүндө Бишкек шаарынын мааниси зор. Экспортко сатылган продукциялардын көлөмү 2002-жылы 312,9 млн [[АКШ]]нын долларын (Республиканын экспортунун 64,4%) түзүп, региондордун ичинен биринчи орунда болгон. Ошол эле мезгилде башка өлкөлөрдөн сатып алынган калк кеңири керектөөчү продукциялардын, башкача айтканда импорттук көлөмү 363,9 млн долларга жетип, импорттун 62,0%ин түзгөн. Натыйжада, Бишкек шаарынын өзүнүн бюджетин өзү толук каражаттоо менен Республиканын бюджетин толуктоодо зор салымы бар.

Башка аймактардан айырмаланып, шаардын калкына социалдык жактан берилүүчү төлөмдөрдү жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаар өзү камсыз кылат.

Бишкекте калкты соода жана тиричилик жактан тейлөөчү тармактардын өнүгүү деңгээли дагы Республиканын орто көрсөткүчүнөн бир кыйла жогору. 2002-жылы шаарда товарларды соодалап жүргүзүүнүн көлөмү 23,0 млрд сом, калкты тейлөөнүн көлөмү 4,7 млрд сом, а.и. калкты тиричилик жактан тейлөөнүн көлөмү 477,6 млн сомго жеткен. Башкача айтканда Республиканын орто көрсөткүчүнө салыштырганда Бишкекте соода жүргүзүүнүн көлөмүн адамдын санына эсептегенде 1,5 эсеге, ал эми калкты тиричилик жактан тейлөөнүн көлөмү 6,0 эсеге жогору болгон. 1995-жылы Бишкек шаарында Эркин экономикалык аймак (ЭЭА) түзүлгөн. Анын курамына шаардын «Манас» аэропорту, Өкмөттүн алдындагы Улуттук көргөзмө борборунун жери, илгертен «Акчий» деп аталып келген Чүй дубанынын Аламүдүн районундагы азыркы Мрамор айылынын чет-жакасындагы жерлер кирет. «Бишкек» ЭЭАнын жалпы аянты 489га. 2002-жылдын башталышында «Бишкек» ЭЭАда 412 ишкана катталып, анын 172си иштеген. Аларда 2814 адам эмгектенген. «Бишкек» ЭЭАда 2001-жылы 1181,8 млн сомдук продукция өндүрүлгөн, сыртка сатылган продукциянын көлөмү 12,6 млн АКШнын долларын жана сырттан келген инвестициянын көлөмү 1,2 млн долларды түзгөн.

== Маданий турмушу ==
[[Файл:E7873-Bishkek-Philharmonic.jpg|thumb|Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Филармониясы]]
[[Файл:Nationallibrary.jpg|left|thumb|Улуттук китепкана]]
[[Файл:The National Theatre in Bishkek (269337149).jpg|thumb|221x221px|Опера жана балет театры]]
Бишкек шаары Республиканын [[илим]], [[билим]], саламаттыкты сактоо, [[көркөм өнөр]] жана [[маданият]] мекемелеринин көпчүлүгү жайгашкан ири борбор катары белгилүү. Республиканын илим изилдөө мекемелеринин дээрлик бардыгы Бишкек шаарында жайгашкан. Билим берүү жагынан 2002/2003-окуу жылында 25 жогорку окуу жайында 65,4 миң студент (алардын 85,0%и контракт менен) окуган. Жогорку окуу жайларында 4594 мугалим иштеп, алардын 226сы илимдин доктору, 1400 илимдин кандидаты. Шаарда жалпы билим берүүчү 116 орто мектеп, алардын ичинен 3 жатак-мектеп, 3 атайын мектеп жана 3 кечки мектеп иштеп, аларда 104,3 миң окуучу окуп, 5570 мугалим эмгектенген. Ушул мектептердин кээ бирлери гимназия, лицейлер жана 20 жеке менчик мектептер. Жеке менчик мектептерде 1,9 миң окуучу окуган. Ар кандай сабактарды тереңдетип окуткан мектеп, гимназия жана лицейлердин саны 32. Бардык мектептердин көбүндө информатика кабинеттери бар. Дээрлик бардык мектептерде китепкана жана ашкана иштейт. Шаардын мектептеринде бир класста орт. алганда 27 окуучу окуп, бул республикада эң жогорку чек болуп саналат. Саламаттыкты сактоо тармагында 2002-жылы 9680 орундуу (10 миң адамга 163 орун) 32 оорукана болуп, аларда ар түрдүү адистиктеги 3792 дарыгер (10 миң адамга 97 дарыгер) жана 7253 медициналык орто билимдүү кызматкер (10 миң адамга 122) иштеген. Башкача айтканда ооруканалардагы орундарды калктын 10 миң адамына эсептегенде, шаардын деңгээли Республиканын орто көрсөткүчүнөн 1,8 эсеге, ал эми врачтардын саны боюнча 2,9 эсеге жогору болгон. Бишкекте өлкөнүн ири мейманкалары, базарлары, дүкөндөрү ж.б. жайгашкан.
[[Файл:Cosmopark.jpg|left|thumb|Космопарк ]]
Алар: «Достук», «Аккеме», «Саякат», «Ысыккөл», «Семетей», «Бишкек», «Алатоо», «Хаятт», «Эльдорадо» ж.б. мейманкалар, «Ош», «Аламүдүн», «Баткен», «Ортосай», «Аларча-2», «Дордой», «Кудайберген» ж.б. базарлар, «Айгүл», «Айчүрөк», «Береке», «Берекет», «Бешсары», «Диньчинь», «Жаңылык», «Миңтүркүн», «Сейтек» ж.б. соода дүкөндөрү жана комплекстери д.у.с. Бишкек шаарында 22 ири китепкана иштеп, аларда 7208 миң нуска китеп болгон. Шаарда 7 театр, анын бири опера жана балет театры, экөө мамл. драма театры, 1 филармония, 3 клуб жана маданият мекемелери, 10 кинотеатр жана 11 музей иштеген. Ошондой эле шаарда мамлекеттик эмес бир нече театрлар ж.б. маданияттык мекемелер ачылган. Бишкек Кыргыз Республиканын саясий борбору болгондуктан өлкөнүн башкаруу бийликтери — Президенттин администрациясы, Өкмөт, [[Жогорку Кеңеш]], Республикалык сот жана прокуратура, ошондой эле төртүнчү бийлик деп саналган басма каражаттары – гезит, журналдар, радио жана телекөрсөтүүчү мекемелер шаарда жайгашкан. Ошондой эле Бишкекте ондон ашык чет өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрү иштейт. Алар: АКШ, [[Беларусь]], [[Германия]], [[Индия]], [[Иран]], [[Казакстан]], [[Кытай]], Орусия, [[Өзбекстан]], [[Пакистан]], [[Тажикстан]], [[Түркия]] ж.б.

== Климаты ==
'''Бишкекте''' жай ысык жана кургак. Теке (июль) айында абанын температурасы 42 даражага (градуска) чейин ысыйт. Кышындагы орточо температура -7 даража (градус). Жылына орточо '''Бишкек'''ке 400 мм жаан-чачын жаайт. Абанын орточо нымдуулугу Теке айында (июлда) 38%, Үчтүн айында (январда) - 68%.

== Архитектурасы ==
[[File:Bishkek.jpg|thumb|Кечки Бишкек, Ала-Тоо аянты]]Бишкектин архитектурасы 1878-жылдан башталат, себеби Верный шаарында([[Алматы]]) генерал Г.А.Колпаковский Бишкектин генералдык планына кол койгон.
1925-жылы ал кездеги [[Пишпек]] калаасына чехословакияк комунисстерден түзүлгөн "Интергельпо" кооперативи шаардын архитектурасынын өнүгүшүнө зор салымдарын кошушкан. Биринчилерден болуп кооперативдик ишканаларды куруп, "Жумушчулар Шаарчасын" кура башташкан(бул шаарчанын планировкасы шакекчелик система болгон, ошону менен шаардын башка райондорунан өзгөчөлөнүп турган.Согуштан кийинки жылдары курулуш иштери мурункудай бойдон улана берген, бирок жаңы, кооз үйлөр салынып, шаар көркүнө келе баштаган. Уникалдуу имараттар пайда болгон, биз аларды "Сталиндик стиль" деп атап калганбыз.

1950-жылдары шаардын аймагына аж кабаттуу үйлөрдү салууга тыюу салынгандан баштап, көп кабаттуу үйлөр салынып, индустриалдык методдор менен шаар салууга чоң түрткү болгон. [[File:New_bishkek.jpg|thumb|Бишкектеги жаңы курулуп жаткан имараттардын бири]]

1960-жылдары элде айтылып калгандай "хрущевкалар" 4-5 кабаттуу чоң панелдик үйлөр курула баштаган.
Ушул жылдары эң эле оптиталдуу вариант болуп, көп кабаттуу кичирайондорду куруу болгон. Анткени жылдан-жылга шаар тургундарынын саны өсүп турган. Кийинки жылдары кичирайондордун аймагына жеке турак жайлар курула баштаган. Башаламандык куруулар балдар бакчасынын, мектептердин, парктардын территориясына салынып, көп кичирайондордун көрүнүшүн бузушкан.

Эң акыркы кичирайон болуп, 12-кичирайон курулган. Бишкектин аймагына 50гө жакын кичирайон каралган, бирок 90-жылдары ал аймактарда массалык жерлерди тартып алуулардан кийин салынбай калган.

2000-жылдан баштап, шаардын ичинде көп кабаттуу үйлөр салынып, бирок шаар куруунун эрежелери сакталган эмес.
== Түзүлүшү ==

Шаардын аянты - 160 чарчы чакырым.
{| class="wikitable"

! Район !! Калктын саны (миң) !! Аянты (га)

| Ленин || 187,4 || 4373

| Октябрь || 219,2 || 3200

| Биринчи Май || 158,3 || 4715

| Свердлов || 207,1 || 2920

Акимдик бөлүнүшү - 4 район.

Ленин районунун курамына [[Чоң-Арык]]тын айыл кеңеши кирет. Чоң-Арыктын ичине [[ШТА]] (ПГТ) Чоң-Арык жана [[Орто-Сай]] айылы киришет.

== Массалык маалымат каражаттары ==

=== Гезиттер ===
{{multicol}}
* «[[Кыргыз туусу]]»
* «[http://www.aibat.kg Айбат]»
* «[[Асман пресс]]»
* «[[Ачык саясат]]»
* «[[Майдан KG]]»
* «[[Агым]]»
* «[[Кыргыз руху]]»
* «[[Ислам маданияты]]»
{{multicol-break}}
* «[[Кереге]]»
* [[Де-факто (газета)|Де-факто]]
* «[http://www.msn.kg MSN]»
* «[[Вечерний Бишкек]]»
* «[http://www.super.kg Супер инфо]»
* «[http://www.chyi.ru Чуйские известия]»
* «[http://www.mk.kg Московский комсомолец — Азия]»
* «[http://www.kp.kg Комсомольская правда]»
{{multicol-break}}
* «[[Фабула (газета)|Фабула]]»
* «[http://www.aif.kg Аргументы и факты]»
* [http://delo.kg «Дело №»]
* «Апта»
* «Жаңы ордо»
* «Учур»
* «Эл сөзү»
* Абитуриент
{{multicol-end}}

=== Жарнама гезиттери ===
[[«Что? Где? Почем?»]], [[«Витрина»]], [[«Купи-Продай»]]

=== Журналдар ===
* Премиум-класстагы эркектердин интелектуалдуу журналы [http://www.onemag.kg #ONE MAGAZINE]
* Акылдуулар жана ийгиликтүүлөр үчүн жылмалуу журнал "for Woman"
* Англис жана орус тилдериндеги «Blife» журналы
* Ата-энелер үчүн журнал [http://mr.on.kg «Маленькая радость»]
* Журнал «Праздничный Коктейль»
* Орус жана кыргыз тилдериндеги жылмалуу айымдар журналы[http://bishkekchanka.kg «Бишкекчанка»]
* Орус тилиндеги «БиСтар» — жылмалуу журналы

=== Маалымат агенттиктери ===
* [[K-News|ИА «K-News»]]
* [http://pravda.kg pravda.kg]
* [http://www.Inform.kg Inform.KG — Кыргызстандын маалыматтык Бизнес порталы]
* [http://www.akipress.org АКИpress]
* [http://www.24kg.org 24.kg]
* [http://www.kabar.kg «Кабар»]
* [http://kant.kg kant.kg]

== Жогорку Окуу Жайлар ==
[[Файл:KNU2.jpg|thumb|[http://university.kg/ Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университети]]]
[[Файл:Polytechnic college.jpg|left|thumb|207x207px|[[Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети|Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети]]]]
* [http://university.kg Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университети]

* [http://iuk.kg Кыргыз Эларалык Университети]
* [[Эл аралык Ататүрк-Алатоо Университети]][http://iaau.edu.kg]
* [http://manas.kg Кыргыз-Түрк "Манас" Университети]
* [http://auca.kg Борбордук Азиядагы Америка Университети]
* [[Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети|Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети]]
* [[Бишкек Гумманитардык Университети]]
* [[Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медикалык Академиясы]]
* [[Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университети]]
* [http://www.intuit.kg Эл аралык инновациялык технологиялар университети]

[[File:Busicent.jpg|thumb|Бишкек шаарындагы соода борборлорунун бири]]
== Пайдаланылган адабияттар: ==
[[File:Toktstreet.jpg|thumb|left|Токтогул көчөсүндө заманбап имарат]]
* Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.

* Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. [[Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк]]: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2

== Шилтемелер ==

* [http://bishkekgov.in.kg/ Бишкек шаар башкармалыгынын расмий сайты]

{{Kyrgyzstanprovinces}}
{{Азия өлкөлөрүнүн борборлору}}

[[Category:Кыргыз шаарлары]]
[[Category:Кыргызстан]]
[[Category:Шаарлар]]
[[Category:Кыргызстан шаарлары]]
[[Category:Борбордук Азия]]
[[Category:Азия]]
[[Category:Бишкек шаары]]
[[Category:1878-жыл]]
[[Category:1991-жыл]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бишкек" булагынан алынды