Биринчи дүйнөлүк согуш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "{| class="toccolours" style="float:right; margin:0.0.0.5.em 1em; width:20em; clear:right;" |- |colspan=2 style="text-align:center; color:blak" | '''Биринчи дүйнөл..."
 
толук сөздү жаздым
19-сап:
[[Сараево]]до австрия-венгриялык тактынын мураскери Франц-Фердинанддын өлтүрүлүшүнө байланышкан Балкан кризисинен улам келип чыккан. Германия Англия менен Франциянын эсебинен жаңы колонияларды басып алууну, Франция менен Россияны начарлатууну, [[Европа]]да өз үстөмдүгүн күчөтүүнү көздөгөн.
 
Австрия-Венгрия [[Балкан]]да өз таасирин кеңейтүүгө жана өзү эзип жаткан элдердин улуттук-боштондук кыймылын басууга умтулган. Англия Германияны начарлатууга, анын [[колония]]ларынын бир бөлүгүн басып алууга үмүттөнгөн. Франция 1871-жылы Германияга тарттырып жиберген [[Эльзас]] менен Чыгыш Лотарингияны кайтарып алууну, ошондой эле Германиянын Саар жана Рейн облустарынын жарымын басып алууну каалаган. Россия Балканда жана [[Босфор]] менен Дарданэлль кызыктарында өз үстөмдүгүн орнотууга, ошондой эле Германияны экон.экономикалык жактан начарлатууга жана Австрия-Венгриянын Балканда үстөмдүк кылуу коркунучун жок кылууга умтулган. Биринчи дүйнөлүк согуш Антантанын жеңиши менен аяктады. Биринчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө согушуп жаткан тараптар 74 млн. кишини аскерге мобилизациялашты. 10 млнго жакын киши курман болду, 20 млнго жакыны жарадар, 10 млнго жакын киши ачарчылыктан жана эпидемиядан каза болду.
 
1919-жылы 28-июнда Биринчи дүйнөлүк согуштун бүткөндүгү жөнүндө Германия менен [[Версаль]] тынчтык келишимине кол коюлду. Германиядан Европадагы биртоп жерлер алынып, Франция, [[Бельгия]], [[Польша]]га берилди. Германиянын колонияларын жеңип чыккан мамлекетттер өз ара бөлүп алышкан. Жеңилген мамлекеттер, анын ичинде Түркия көп жеринен ажырап калган. Австрия-Венгриядан Австрия, Венгрия, Чехославакия өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп чыккан. Австрия-Венгрия жеринин бир бөлүгү кайрадан түзүлгөн Польша жана Югославия мамлекеттерине кирген.