Ла-Ла Ленд: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''«Ла-Ла Ленд»''' (англис тили ''La La Land'') — мюзикл жанрында тартылган фильм. Режиссеру жа..."
(Айырма жок)

29 июнь 2017, саат 05:31 учурдагы нуска

«Ла-Ла Ленд» (англис тили La La Land) — мюзикл жанрында тартылган фильм. Режиссеру жана сценарийин жазган Дэмьен Шазелл, башкы ролдордо Райан Гослинг (Себастьян) жана Эмма Стоун (Миа). Фильмдин сюжети Лос-Анжелестеги эки жаштын - жаңыдан талпынып жаткан актриса жана музыканттын сүйүүсүн баяндайт.

Шазелл фильдин сценарийин 2010-жылы жазып бүтүргөн, бирок ал кезде бир да студия мюзиклге каражатын бөлгүсү келген эмес, себеби режиссер фильмдин сюжетине өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартып, каршылыгын билдирген. Бирок Шазелл "Оопайлык" фильминен кийин ийгиликке жетеи жана Summit Entertainment киностудиясы картинаны каржылоого макул болот. «Ла-Ла Ленддин» бет ачары 2016-жылдын 31-август күнү 73чү Венеция кинофестивалында болгон, ал эми ошол эле жылдын декабрь айында америкалык прокатка чыккан. Бюджети 30 миллион доллар болсо дагы, дүйнөлүк прокаттан 443 миллион доллар чогулта алган.

«Ла-Ла Ленд» 2016-жылдын мыкты кинофильдеринин бири болуп эсептелинет. Сынчылар тарабынан Шазеллдин режиссерлук иши жана фильмдин сценарийине, башкы ролдорду жараткан Стоун менен Гослингдин ойноосуна, ошондой эле композитор Жастин Гурвиц жазган саунтрекке жогорку баалар берилген. 74чү «Алтын глобус» кинофестивалында 7 номинация боюнча жеңишке жетишип, BAFTA сыйлыгында 11 номинация ичинен 5сүн жеңүү менен бирге 89-чу «Оскар» сыйлыктарын тапшыруу салтанат кечесинде 14 номинацияга көрсөтүлүп, номинациялардын саны боюнча «Ева жөнүндө баардыгы» жана «Титаник» фильмдери менен рекорд койгон.