"Шайа Лабаф" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

м
no edit summary
мNo edit summary
мNo edit summary
 
'''Шайа Саид Лабаф''' ({{lang-en|Shia LaBeouf}};I / ʃaɪ.ə ləbʌf /; 1986-жылдын 11-июнунда туулган) - америкалык актер жана кинорежиссер. Ал Дисней каналы аркылуу көрсөтүлгөн "Стивенстер үй бүлөсү" (англ. Even Stevens) сериалында [[Луис Стивенс|Луис Стивенстин]] ролун ойноп, 2001-жылы "Жаш актер" (англ. Young Artist Award) сыйлыгына көрсөтүлгөн жана 2003-жылы "Күндүзгү Эмми" сыйлыгын алган Актердун тасмадагы дебюту [[Луиса Сейкер|Луиса Сейкердин]] «Аң» деген романынын негизинде тартылган "[[Кенч]]" (англ. Holes, 2003) тасмасындагы ролдон башталган. 2004-жылы, ал "Жек көрүүнү сүйүү"(англ. Let's Love Hate) кыска метраждуу тасмасында алгачкы жолу режиссер болгон. Тасмага америкалык репчилер Кейж менен Кид Кадини чакырган.
 
2007-жылы актер жакшы киреше алып келген "[[Паранойя]]" ( англ.Disturbia) жана "[[Толкунду карма]]" ( англ. Surf's Up) деген тасмаларда ойногон. Ошол эле жылы режиссер Майкл Бэйдин "[[Трансформерлер: Акыркы соотчон|Трансформерлер]]" (англ. Transformers) деген илимий-фантастикалык тасмасына Сэм Уитвикинин ролуна чакырылган. Ар түрдүү талаш-тартыш жараткан пикирлерге карабастан "Трансформерлер" (англ. Transformers) прокаттагы 2007-жылдын эң кирешелүү тасмасы болгон. Шайа Саид Лабаф "Трансформерлер" тасмасынин уландысы "[[Трансформерлер: Өч алуу |Трансформерлер: Өч алуу]]" (англ. Transformers: Revenge of the Fallen, 2009) жана "Трансформерлер: Айдын караңгы жагы (англ. Transformers: Dark of the Moon, 2011) деген тасмаларда тартылган, экөө тең прокатта жакшы киреше алып келген. 2008-жылы, "[[Индиана Жонс жана хрустал баштуу падышачылык]]" (англ. Indiana Jones and the Kingdom of the Crystal Skull) тасмасынын төртүнчү бөлүмүндө Генри Уильямс / Генри Жонс Үчүнчүнүн ролун аткарган. Анын башка тасмалары- "[[Уолл-стрит: Акча уктабайт |Уолл-стрит: Акча уктабайт]]" (англ. Wall Street: Money Never Sleeps, 2010) жана "[[Мыйзам бузгандар]]" (англ. Lawless, 2012), "[[Сен жүргөн топ]]" (The Company You Keep, 2012), "Нимфоманка"(англ. Nymphomaniac, 2013) жана "Каар" (англ. Fury, 2014). 2014-жылдан тартып Шайа Лабаф, Настя Ренкке жана Люк Тернер менен бирге искусство боюнча долбоорлордо эмгектенип келген.
 
== Өмүр таржымалы ==
872

edits