Уилл Смит: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
18-сап:
|-
|}
'''Уиллорд Кэрролл "Уилл" Смит-кичүүсү''' ({{lang-en|Will Smith}};1968-жылы 15-сентябрда туулган) - америкалык актер,продюсер, рэпер, жана акын. 2007-жылы апрель айында Newsweek журналы актерду Голливуддагы эң күчтүү актер деп атаган. Смит беш жолу "[[Алтын глобус]]" жана эки жолу "[["Оскар" сыйлыгы|Оскар]]" сыйлыгына көрсөтүлгөн, ал эми төрт жолу "[[Грэмми]]" сыйлыгын утуп алган.
 
1980-жылдарда У. Смит "[[Жаңы канзаада]] (англ. Fresh Принц) деген каймана ат менен реп ырдап азын оолак атак-даңкка ээ болгон. 1990-жылы NBC каналы аркылуу көрсөтүлүүчү "[[Беверли Хиллз канзаадасы]]" (англ. The Fresh Prince of Bel-Air) деген 1996-жылга чейин алты сезонго созулган телесериалында роль жаратып, бат эле таанымал болуп кеткен. Телесериал аяктаган соң, У. Смит кино тармагына өткөн жана бир нече блокбастер тасмаларында роль жараткан. Анын сегиз тасмасы катары менен ички прокатта кирешелүү болуп $100 миллион пайда алып келген жана он бир тасмасы катары менен эл аралык прокатта $150 миллион киреше тапкан жалгыз актер болуп калды. Ал роль жараткан сегиз тасма ички прокатта көрүүчүлөр тандаган эң сүйүктүү тасмалардин башында турган .
 
[[Forbes]] журналынын баалоосу боюнча актер дүйнөдөгү суроо-талап эң күчтүү актер деп аталган. 2014-жылы актер башкы ролду ойногон жыйырма бир тасманын он жетиси дүйнөлүк деңгээлде ар бири $100 миллион киреше алып келсе, дүйнөлүк прокатта беш тасманын ар бири $500 пайда алып келген. 2016-жылга карата анын тасмалары дүйнөлүк прокатта $7.5 миллиардга бааланган. "[[Али]]" (англ. Ali, 2001) тасмасында боксу [[Мухаммед Алинин]] ролу жана "[[Бакытты издей]]" (англ. The Pursuit of Happyness) тасмасында Крис Гарднердин ролу үчүн "Эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн.
 
 
== Үй-бүлөсү жана жеке жашоосу ==
Уиллард Кристофер Уилл Смит-кенже 1968 жылы 25 сентябрда [[Филадельфия]] шаарында, Пенсильвания, [[АКШ]] туулган. Уиллдин энеси Кэролайн мугалим, ал эми атасы [[Уиллард Кристофер Смит]] инженер болгон. Уилл он үч жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетишкен.
Уилл өзү биринчи аялы [[Шери Зампино]] менен 1995 жылы үч жыл бирге жашап, ажырашкан. Анын уулу [[Уиллард Кристофер Смит III]] (Трей) апасы менен калган. Эки жыл өткөн соң, 1997 жылдын 31 декабрь күнү [[Джаде Пинкетт]] менен үйлөнөт. Джадеден Уилл эки балалуу болот. Уулу Джейден Смит (1998 жыл, 8 Июль) жана кызы Уиллоу Смит (2000 жыл, 31 Октябрь). Кызы Уиллоу менен Уилл Смит “[[Мен уламыш |Мен уламыш]]” (“I am Legend”) жана уулу Джейден менен “Бакытты“[[Бакытты издеп”издеп]]” (“Pursuit of Happiness”) фильмдеринде тартылган.
 
== Иш таржымалы ==
Филадельфияда Уилл Смит музыкант [[Джефф Таунс]] менен таанышкан жана аны менен бирге элге рэп тобун түзүүгө жетишкен. Ал тобунун аты DJ Jazzy Jeff & the Fresh Prince жана бул тобу менен алар [[Грэмми]] сыйлыгын жеңип алышкан. 1990 жылдан тартып «The Fresh Prince of Bel-Air» телесериалында башкы ролду ойногон. Анын каарманы болуп Ханзаада болгондуктан, Уилл бул псевдонимди кеңири колдонгон. 1990-1996 жылдар ичинде фильм абдан популярдуу болгон.
1990чу жылдардын жарымында Уиллдин аты өчүп бара жаткан эле, бирок ал Мартин Лоурэнс менен бирге «[[Начар балдар]]» («Bad Boys») фильминде шерик полиция кызматкерлерин ойношкон. Көптөгөн сынчылар алардын оюнун жактырышкан. Андан кийинки тартылган фильмдери блокбастер болду. «[[Эгемен Күнү]]» («Independence Day») 1996, жана “[[Кара кийинген адамдар |Кара кийинген адамдар]]” (“Men in Black”) (1997) жана ал аткарган фильмдеги ырлары Британиянын музыкалык чарттарында жеңүүгө жетишти.
Уилл Смит “Матрица”“[[Матрица]]” фильминде башкы ролдон баш тарткан, анткени “Жапайы“[[Жапайы Батыш”Батыш]]” (“Wild, wild West”) фильминде ойномок. Фильм көрүүчүлөрдүн арзуусуна баткан жок, бирок Смиттин фильминдеги ырлары Америкада популярдуу болду. 2000 жылдан баштап Уилл ыраттуу фильмдерде ойной баштады. Мохаммед Алинин ролун жаратып, Оскарга номинанит болгон. 2002-2003 жылдары Уилл “Кара“[[Кара кийинген адамдар 2”2]]”, «Начар балдар 2» фильмдеринде роль жараткан. Кийинки жылы Уилл «Мен-Робот» фильминде полиция кызматкеринин ролун жараткан. 2005 жылы ал «[[Таанышуу эрежелери. Хитч методу]]» фильминде ойногон.
Жыйырма биринчи кылымда Уилл Смит эң баалуу актерлордун бири болуп саналат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Уилл_Смит" булагынан алынды