Сигурни Уивер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
1-сап:
'''Сузан Александра «Сигурни» Уивер''' ({{lang-en|Sigourney Weaver}};1949-жылы 8-октябрда туулган) — америкалык актриса жана продюсер. «[[Энни Хол]]» (1977) тасмасындагы кичинекей образы менен дебют жасагандан кийин ал 1979-жылы тартылган «[[Чоочун]]» тасмасында башкы ролдогу Эллен Риплинин образын жаратуу менен тез эле таанымал боло баштаган. Ал өз ролун бул тасмасынын уландысы болгон үч тасмада кайра аткарган. Алар: «Чоочундар» (1986), бул ролу үчүн Оскардын «Эң мыкты актриса» наамына көрсөтүлгөн; «Чоочундар 3» (1992) жана «[[Чоочун: Кайра жаралуу]]» (1997). Ошондой эле ал кассалык жыйымдар боюнча эң алдыңкы көрсөткүчө жеткен «Арбак аңчылары» (1984), «[[Арбак аңчылары 2]]» (1989) жана «[[Аватар]]» (2009) тасмаларындагы ролдору менен да белгилүү.
 
Уивер 1980-жылы Офф-Бродвейдеги «Das Lusitania Songspiel» спектакли үчүн «[[Драма Деск]]» сыйлыгына жана 1984-жылы Бродвейдеги «Hurlyburly» спектакли үчүн «Тони» сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал жети жолу «Алтын глобус» сыйлыгына көрсөтүлүп, 1988-жылы жарык көргөн «[[Тумандагы гориллалар]]» жана «[[Иштерман кыз]]» тасмаларындагы эмгеги үчүн «Эң мыкты актриса — драма» жана «Эң мыкты экинчи пландагы актриса» номинацияларын жеңип алган. Ал бир эле жылда «[[Алтын глобус|Алтын глобустун]]» эки наамына татыган алгачкы актриса болуп калган. Аталган тасмалар менен ал «[[Оскар]]» сыйлыгына да көрсөтүлгөн.
 
1997-жылы жарык көргөн «[[Муз бороон]]» тасмасында аткарган ролу үчүн ал «БАФТАнын» «Экинчи пландагы эң мыкты актриса» наамын утуп алган. Ага кошумча, «[[Эмми]]» сыйлыгынын үч номинациясына көрсөтүлүп, «[[Сатурн]]» сыйлыгынын эки жолу жеңип алган.
 
Уивер илимий-фантастикалык тасма тарыхына кошкон көптөгөн салымы үчүн «Скай-фай ханышасы» деген каймана атка да ээ болуп калган. Ал образдарды жараткан башка көрүнүктүү тасмалар «[[Галактиканы издеп]]» (1999), «Футурама» (2002), «Валл-и» (2008), «Пол» (2011), «Токойдогу чарбак» (2012), «Дорини издеп» жана «Макулуктун үнү» (экөө тең 2016-жылы тартылган) болуп саналат. Ал «Ваня жана Соня жана Маша жана Спайк» спектаклинде роль жаратуу менен Бродвей театрына 2013-жылы кайра кайтып барган.