Крис Прэтт: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
 
2-сап:
}}; 1979-жылы, 21-июнда туулган) - америкалык актер. Прэтт NBC телеканалындагы "[[Парктар жана эс алуу аймагы]]" (анг. Parks and Recreation, 2009-15) телесериалында Энди Двирдин ролу менен атактуулукка жеткен. Бул ролу үчүн ал көптөгөн мактоолорго ээ болуу менен, 2013-жылы "Киносынчылардын Телеберүүдөгү Тандоосу" сыйлыгынын комедия категориясындагы "Экинчи пландагы эң мыкты актер" наамына көрсөтүлгөн. Ал ошондой эле The WB телеканалындагы ""[[Эвервуд]]" (анг. Everwood) сериалында Брайт Эббауттун ролун аткарган.
 
Ал эми "[[Издөөдө]]" Wanted, "[[Женнифердин денеси]]" (анг. Jennifer's Body), "[[Баарын өзгөрткөн адам]]" (анг. Moneyball), "[[Беш жылдык никелешүү]]" (анг. The Five-Year Engagement), "[[Түнкү саат он эки жарым]]" (анг. Zero Dark Thirty), "[[Жеткирүүчү адам]]" (анг. Delivery Man) жана "[[Анын]]" (анг. Her) сыяктуу толук метраждуу тасмаларга тартылуу менен кинодогу карьерасын баштаган.
 
Прэтт 2014-жылы ийгилик жараткан "[[Лего Тасма]]" (анг. The Lego Movie) жана "[[Галактиканын көзөмөлчүлөрү]]" (анг. Guardians of the Galaxy ) тасмаларында тартылуу менен карьерасында чоң секирик жасаган. 2015-жылы ал "[[Юр паркы]]" тасмаларынын төртүнчү чыгарылышы "[[Юра дүйнөсү]]" тасмасында тартылган, Ал эми бул кино 1.6 миллиард АКШ долларын табуу менен, Прэтт тартылган тасмалардын эң кирешелүүсү болуп саналат. Ошол эле жылы ал Time тизмесинин "[[Дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адам]]" катарына кирген.
 
Андан соң Прэтт "[[Укмуштуу жети]]" (анг. The Magnificent Seven) жана "[[Жүргүнчүлөр]]" (анг. Passengers) тасмаларында башкы ролду аткарган. Ал "[[Галактиканын көзөмөлчүлөрү 2]]" (анг. Guardians of the Galaxy Vol.2) чыгарылышында Стар Лорддун ролун аткарган жана "Өч алгычтар" тасмасынын төртүнчү чыгарылышы "[[Өч алгычтар: Чексиз согуш]]" (анг. Avengers: Infinity War) тасмасында да тартылат.
 
== Өмүр таржымалы ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Крис_Прэтт" булагынан алынды